Төштүк
Төштүк | |
Каармандын мүнөздөмөсү | |
---|---|
Жынысы |
Эркек |
Жумуш тармагы | |
Багыты |
Жакшылык |
Үй-бүлөсү | |
Атасы | |
Адабиятта жана Маданиятта | |
Эпостордо | |
Байланышкан окуялар | |
Касиеттери | |
Тайманбас эр жүрөк | |
Байланышкан каармандар | |
Төштүк (түрк. төс — рух, дух; төштүк — рухтуу, духтуу) — Эр Төштүк эпосундагы башкы каарман, ошондой эле Манас эпосундагы эң көөнө образдарынын бири. Кыпчак уруусунун башчысы Элемандын тогуз уулунун эң кенжеси. Төштүккө "Манас" эпосунун бардык варианттарында "Элемандын эркеси, Кудайдын сүйгөн бендеси", Тогуз уулдун кенжеси" деген туруктуу эпикалык формула кеңири колдонулат. Көкөтөйдүн ашына келгендердин арасында Төштүк кадыр-барктуу баатыр катары саналат. Калмактын алпы Жолойго "Жер астынан чыкканым жети күнчө боло элек, этим болду көк жашык, каным калды бир кашык" деп күрөшкө түшпөй коёт. Айрым варианттарда Көкөтөйдүн ашынан кийин Манаска аттанган алты кандын (жети кан) катарында айтылат. Негизги сюжет боюнча Төштүк Манас менен алакалаш 12 кандын бири. Бир гана Анаркүл Тажибаевадан жазылган вариантта Төштүк (Дөштик) Манаска каршы баатыр катары сүрөттөлөт. Накылайдын каргышы тийип, Манас Дөштиктин огунан каза табат (Кол жазмалар фондусу, 228инв., 3-дептер), Саякбай Каралаевдин вариантында Манас өлөрүндө ишеничтүү адамы катары Кошой менен кошо чакыртылып, Манастын сөөгүн жашырып коюуга катышат.
Төштүк — "Манас" менен түздөн-түз байланышы бар "Эр Төштүк" (айтуучу Саякбай Карала уулу) эпосунун борбордук кейипкери. Бул эпостун сюжети Көкөтөйдүн ашындагы күрөштөн башталып, жети кандын Манаска аттануусу менен аяктайт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
- Gallimard/Unesco/Пертев Боратав, «Aventures merveilleuses sous terre et ailleurs» de Er-Töshtük le géant des steppes : Кыргыз тилинен которгон Пертев Боратав, Париж, 1965 ж, 312 б, 280 б (ISBN 2-07-071647-3)