Улуу чек
Улуу чек (Тайцзи кыт. 太極, 太极 tàijí) – Кытай философиясынын тарыхындагы онтологиялык жана натурфилософиялык схемалардын (мазмундардын) негизги түшүнүктөрүнүн бири. Биринчи жолу «Өзгөрүү китебинде» (орус. Книга перемен) жолугат жана бардык кубулуштардын жана буюмдардын, нерселердин башталыш этабын, алардын келип чыгышынын жана өнүгүүсүнүн себептерин белгилеген түшүнүк болгон.
Тайцзи терминнеоконфуциандык мектептерди түзүүдө жетектөөчү орунду ээлеген. Мисалы:Чжоу Дунь(1017–1073)өзүнүн «Улуу чектин планын түшүндүрүү» деген чыгармасында дүйнөнүн өнүгүү процессин түшүндүрөт. Эң мурда жаратылыш чалды-куйду (орус. хаос) абалында же «улуу чектин чексиз» абалында болгон. «Улуу чектин» инң (оң) жана янң (терс) байланыштары жана да беш биринчи элементтер же стихиялар (ар кандай түрдүү кубулуштар) аркылуу болгон кыймылы бүткүл көп түрдүү реалдуу дүйнөнүн келип чыгышына алып келген. Тайцзини башка кытай философу Чжу Си идеалисттик талкууга алып, окшоштурган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8