Натурфилософия

Википедия дан

Натурфилософия (лат. natura - жаратылыш) – жаратылыш философиясы. Бир бүтүн деп каралган жаратылыштын карандай акыл менен түшүндүрүлүшү, чечмелениши. Табият таануу билимдери менен натурфилософиянын чеги, натурфилософиянын өзүнүн башка философиялык дисциплиналар системасында орду сыяктуу эле улам алмашылып жүрүп отурган.

Натурфилософия байыркы грек философиясында физика деп аталып, табият таануу илимдери менен жуурулушуп жүрүп отурган. Байыркы натурфилософиясыга жаратылышты байланыштагы тирүү бүтүн иретинде түшүндүрүү, микрокосмос (адам) менен макрокосмостун (жаратылышты) теңдештиги идеясы стихиялуу, мажес-диалектикалык чечмелөө мүнөздүү. Натурфилософиянын органикалык бөлүктөрүн космология жана комогония түзөт.

Натурфилософиянын элементтерин орто кылымдагы схоластикалык окуулардан да табууга болот. Аристотелдик натурфилософиянын жана космологиянын ошондой эле неоплатонизмдеги жарыктын метафизикасынын айрым принциптеринин геочордондуу (геоцентристтик) дүйнө сыпатына ылайыкташуусунан көрүнөт. Кайра жаралуу доорунда табияттын схоластикалык дүйнө сыпатына каршы күрөштө негизинен антикалык түшүнүктөр менен принциптер сакталды, бирок табият таануу илимдеринин жогорку деңгээлине таянды жана бир катар материалисттик жана диалектикалык идеяларды өнүктүрдү. Мисалы: дүйнөнүн чексиздиги жана аны түзүп турган элементтердин сансыздыгы, Николай Кузанский менен Брунонун чексиз кичине менен чексиз чоңдун дал келиши идеялары.

17-кылымда бир катар математика жана механика сыяктуу илимдер натурфиософиядан бөлүнүп чыкканы менен да аны менен тыгыз байланышта чечилген. Бекеринен Ньютондун негизги эмгеги «Натурфилософиянын математикалык башталышы» деп аталбаган. Француз жана европалык агартуучулукта жана материализмде натурфилософия бардык илимдердин энциклопедиялык байланыштуулугу идеясын көтөрөт.

18-кылымдын аягы 20-кылымдын башында идеалисттик негизде болсо да, натурфилософия Шеллингдин жаратылыш күчтөрүнүн биримдиги идеясын айтып, өз доорунун табигый илимий бир катар жаңылыктарын жалпылаганы чоң роль ойноду. Анын идеясын колдогон Л. Окен органикалык дүйнөнүн өнүгүүдө болорун айтат.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8