Эгембердиев, Раимжан

Википедия дан
Профессор Раимжан Эгембердиев. 03.03.2019.

Раимжан Эгембердиев (21-январь 1940-жыл, Ош облусу, Өзгөн району, Ак-Терек айылы, Жалпак-Таш айыл өкмөтү, Кыргызстан -- 30-январь, 2021-жыл, Бишкек, Кыргызстан) — кыргызстандык тилчи илимпоз, манас таануучу, окуу китептердин автору, филология илимдеринин кандидаты, профессор. Токмоктогу республикалык маданий агартуу окуу жайын (1961), Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүткөн (1970).

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Райымжан Эгембердиев 1940-жылы 21-январда Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек кыштагында туулган.

Райымжан бала чагында оор тагдырга туш болуп, бир жашында апасы каза болуп, көп өтпөй атасы согушка аттанып, молдо Жусу чоң атасынын колунда тарбияланат.

1955-жылы чоң атасы да дүйнөдөн өтүп кеткени, “Атама барсам энем жат, агама барсам жеңем жат” - демекчи, кыйын шартта окуусу 6 ай үзгүлтүккө учурайт.

Орто мектепти бүтүргөн соң, 1957-жылдан Өзбекстандын Анжиян облусундагы Шахрихан районунда, Фергананын Куба районунда Янги-Кишлак айылында уй багып, кой кайтарып жан багат.

Үч жыл дегенде Кыргызстанга келип, Токмоктогу маданият техникумуна кирет.

Анан өз кесиби боюнча Куршаптагы техникалык окуу жайда тарбиячы болуп иштеген кезде, 1962-жылы аскерге чакырылат. Ал Монголиядагы советтик аскерлердин курамында кызмат өтөгөн.

Аскердик милдетин өтөп келгенден кийин студент кезинде курсташы Бегайым Макибаева менен үй-бүлө курат.

Студент кезинде бир эле учурда булгаары ишканасында, кийин Кыргыз радиосунун музыкалык редакциясында редактор болуп иштеп жүрүп, 1970-жылы окуусун аяктаган.

1971–73-жылдары ал аспирантурада окуган.

"Кыргызстан" басмасында редактор болуп иштеген.

1980-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинин (КУУнун) кыргыз филологиясы факультетинде иштеген.

1993-жылдан Жалал-Абат шаарындагы Экономика жана ишкердүүлүк университетинде окутуучу жана Жалал-Абат мамлекеттик университетинин кыргыз тили кафедрасынын башчысы болуп иштеген.

2003-жылдан Хусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык (азыркы Хусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик) университетинде кафедра башчысы жана кийинчерээк – профессор болуп (өмүрүнүн соңуна чейин) иштеген.

2021-жылы 30-январда жүрөгүнөн кармап каза болду (коронавирсука эч тиешеси жок).

Маркумдун сөөгү 2021-жылы 1-февралда анын керээзине ылайык туулган жеринде – Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек кыштагында жерге берилди. [1]

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Р.Эгембердиев жарым кылымга жакын созулган илимпоздук, окутуучулук ишмердигин байсалдуу жүргүздү. Ал 1992-жылы “Фразеологияны 11-класста окутуу”, 2007-жылы “Кыргыз тилиндеги фразеологизмдер” эмгектерин, андан тышкары 10-11-класстар үчүн окуу китептерин жазууга катышкан. Ал 2010-жылы чыккан “Азыркы кыргыз адабий тили” китебинин да авторлорунун бири.

Ал узак жылдар бою кыргыз тилинин өзгөчө туюнтмаларын - фразеологизмдин төркүнүн иликтөөгө жумшап, бул жаатта ондогон эмгектерди, окуулуктарды, жүздөгөн илимий макалаларды жазып, илим кандидаты, профессору болуп, илимге ынтызар шакирттерине жол көрсөтүп, кызыктуу өмүр кечирди. Ал ""Манас" эпосундагы фразеологизмдер" деген темада кандидаттык диссертация жактаган (1980).

Эпостогу фразеологизмдер жагдайындагы макалалардын, кыргыз тилине байланыштуу бир нече окуу китептердин автору.

Ата-теги жана үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Раимжан Эгембердиевдин теги – кыргыз; эн чоң уруусу – адигине; адигинеден – баргы; баргыдан – таз баргы.

Жубайы – Бегайым Макибаева 1947 жылы туулган (кыргыздын басыз уруусунун кызыл курт уругунан).

Жубайлар 1970-жылы КМУнун (азыркы КУУнун) филология факультетин чогуу аякташкан (ал түгүл алар курстагы бир топто окуган).

Бегайым Макибаева 1970-жылдан 2020-жылга чейин Бишкек шаарындагы М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатында кыргыз тил адабиятынан мугалим болуп иштеген. Алар бир уул, үч кызды тарбиялсап өстүрүштү.

Уулу – Аскат Раимжанович Эгембердиев (16.11.1968 туулган). [2]

Кыздары: Анар Раимжановна Эгембердиева (11.03.1976), Асел Раимжановна Эгембердиева (28.12.1981) жана Бермет Раимжановна Эгембердиева (16.09.1984).

Небереси: Ариет Алмазович Раманов (xx.xx.xxxx) https://www.youtube.com/@arietik_gamess

Чыгармаларынын кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Фразеологияны 11-класста окутуу. Бишкек, 1992.
  • Кыргыз тилиндеги фразеологизмдер. Бишкек, 2007.
  • Азыркы кыргыз адабий тили. Бишкек, 2010 (калемдешип).

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_ilim_2021_rajymcan-egemberdievdi_eskerueue_b-shamshiev_blog/31084724.html?nocache=1
  2. https://who.ca-news.org/people:25647