Аббасий халифаты

Wikipedia дан
Аббасий халифаты
Umayyad Flag.svg
750 — 1258


Flag of Ilkhanate.gif
 
Fatimid flag.svg
 
Flag of None.svg


Abbasid Caliphate most extant.png
Борбор калаа Дамаск (750-762)
Багдад (762-836)
Самарра (836-892)
Багдад (892-1258)
Тил Араб тили
Дин ислам
Башкаруу формасы Халифат
Сулале (династия) Аббасийлер

Аббасий халифаты (132/749-656/1258) - Халифатты Умаййилерден кийин 5 кылымдан ашык башкарган экинчи сулале. Бул сулаленин халифалары (башкаруучулары) Мухаммед пайгамбардынLa bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png агасы болгон Аббас ибни Абдулмутталиб ибни Хашимдин урпактары болуп саналат.

Тарыхы[оңдоо]

Аббастардын бийликке келиши[оңдоо]

Халифалыкта Умеййилердиин династиясы өкүм сүргөн кезде Аббастын урпактары башында баш ийип жүрүп, кийинчерээк, умеййилерге (омаяддарга) каршы көтөрүлүштү баштап чыгышат. Абдулла ибни Зубайрдын тушунда Иракта эл-Мухтар ас-Сакафи атту бирөө пайгамбардын La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png небереси Хусейндин өлүмү үчүн өч алууга чакырып, Мухаммад ибни эл-Ханафинин (Али ибни Абу Талибдин уулдарынын бири) пайдасына үгүт жүргүзүп баштайт. Натыйжада Таифте Мухаммад ибни эл-Ханафиинин ордуна уулу Абдулланын (Абу Хашим) имам болуусун жактап чыккан топ пайда болот. Абу Хашим умеййилерге каршы көтөрүлүшүн баштап, кийинчерээк Аббастын тукумунан болгон тууганы Мухаммад ибни Али ибни Абдулланы Мухаммед пайгамбардынLa bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png тукумунун бийликке туруусу керектигин айтып, бийликти умаййилерден алууга көндүрөт. Ошентип Мухаммад ибни Али ибни Абдулла аны колдоп, хижранын 100-жылынан баштап умеййилерге каршы үгүткө кошулат. Абу Хашим өлгөндө, анын Сулейман ибни Абдулмалик деген халифа тарабынан ууландырылганы туурулуу ушак тарап кетет. Бирок Абу Хашим өлөрүндө Мухаммад ибни Алиге керээз таштап кетет. Аббастардын үгүтү узак убакытка чейин жашыруун уланат. Аббасийлердин тарапкерлеринен көтөрүлүштө чоң роль ойногону Куфалыктар болот. Ал эми Аббастардын үгүт иштеринин негизги очогу Хорасан эле. Мухаммад ибни Алинин өлүмүнөн (хижр. 124-жылы) кийин кыймылды уланткан уулу Ибрахим ибни Мухаммад хижранын 129 жылында өзүнүн ишенимдүү кишиси, азат кылынган кулу Абу Муслимге көтөрүлүштү чындап баштоого буйрук берет. Ушундан соң Абу Муслим Гератты каратып алат, ошол эле убакта, умаййи бийлиги Абу Муслим аркылуу Ибрахим ибни Мухаммадды туткундашат. Андан кийин Аббастардын кыймылын Абдулла ибни Мухаммад ас-Саффах колго алат. Хижранын 130-жылында болсо Абу Муслим Хорасандын борбору болгон Мервди каратат. Умаййилердин көтөрүлүштү басуу аракети натыйжасыз чыгып, акыркы халифасы болгон Мерван Забедеги салгылашуудагы жеңилүүдөн кийин Харранга, кийин Египетке качып барып, ал жерден өлтүрүлгөн. Бул окуялардын натыйжасында Халифатты аббастар башкара баштап, алардын биринчи халифасы Абдулла ибни Мухаммад ас-Саффах болот.

Алгачкы Аббасийлер[оңдоо]

Өзүнүн ээлөчүлүк жагынан деле эмес, саясий жагынан улуулугу жана маданий гүлдөөсү боюнча алгачкы аббасийлердин дүйнөлүк жана жомоктуу даңк алып келген кылымы халифаттын укмуштуу доору болуп саналат. Азыркыга чейин көптөгөн мусулмандар бул доорду эстөө менн өз демин бекемдеп келишет.

Сулаленин негиздөөчүсү Абулаббас ас-Саффах (750—754) кылгандарынын сереби боюнча XI Людовик менен салыштырылса, Эл-Мансур (754—775) мамлекетти жана финансыны укмушту күчөтүүчү болгон. Берешен Эл-Махди (775—785), Эл-Хади (785—786), Харунур-Рашид (786—809), Эл-Амин (809—813), Мамун (813—833), Эл-Мутасим (833—842) жана Эл-Васик (842—847) деген халифалар болгон.

755-жылы качып кутулган умаййи I Абдуррахман Испанияда Кордова эмиратын негиздеген, 929-жылдан баштап бул өлкө расмий түрдө "халифат" деп аталган (929—1031). 30 жылдан кийин Али халифанын чөбөрөсү болгон Идрис аббасийлер менен да, умаййилер менен да каршы болгондуктан, Мароккодо борбору Тудга шаары болгон Идрисийлердин сулалесин негиздеген (785—985).

Аббастардын бийликке келишинен кийин алар менен Алийлердин (Али ибни Абуталибдин урпактары) тараптарлары ортосунда конфликт башталып, башында репрессиялар да болуп өтөт. Бирок кийинки мезгилдерде аббасий халифаларынын алийлер менен жакындашкан учурлары да болгон. Алийлер дагы пайгамбаргаLa bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png тууган болгондуктан, аларды колдоочу кишилер аларды бийликке чыгарууну көздөшкөн. Албетте, бул жагдай башкаруучу бийликке жакпаган жагдай эле. Аббастардын мезгилинде, ошондой эле, иран маданиятынын халифалыктагы таасиринин күчөшү көрүнөт.

Харунур-Рашид тушундагы Халифаттын абалы (786809)

Аббасийлердин башкаруу мезгили 4 доорго бөлүнөт:

- жогорулоо (132/750-247/861);
- алсыроо (247/861-334/946);
- Бувайхтардын бийлиги астында (334/946-467/1075);
- Селжукийлердин бийлиги астында (467/1075-560/1194).

Башкача айтканда, алгачкы аббасийлердин күчөгөн мезгили алардын алсыроо мезгилине айланган. Алар түрк аскерлеринин башкаруу таасиринен улам чыныгы бийликке ээ боло албай калышкан. Ошол эле убакта Арабиядагы халифалыктын тез жоюлуу процесси башталган эле. Мындан кийин аббасийлер формалдуу түрдө халифа аталып, бирок чынында башкалардын бийлиги астында; алгач персиялык империя (дейлемиттик) Бувайхтардын (Буийлер), кийин түрктөрдүн Селжук империясынын бийлигинде болгон. Селжукийлер кулаган соң Аббасий халифалыгы, дагы 60 жылдай жашаган. Акырында монгол жортуулчусу Хулагу хан тарабынан талкаланган.

Бул кыйроодон кийин Сириянын жана Египеттин мамлүк султандары Аббасийлер династиясынын калган өкүлдөрүн өздөрүнө чакырып, формалдуу түрдө халифатты тирилтишет. 1517-жылы осмон султаны I Селимге, акыркы аббасий халифасы болгон Мутаваккиль Осмон султандарына өзүнүн Халифалыкка болгон укугун өткөргөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Али-заде А.. Исламский энциклопедический словарь. Ансар, 2007 г. ISBN 5-98443-025-8

Эскертүүлөр[оңдоо]

  1. REDIRECT Калып:Навигациялык жадыбал

Калып:Аббасийлер

Калып:Араб ээлөөлөрү