Абубакр Сыддык

Википедия дан
Абубакр
Абубакр
Желек
Желек
Адил халиф
желек
желек
632 — 22 августа 634
Андан мурунку: Мухаммед пайгамбар
Андан кийинки: Умар
 
Дини: Ислам
Туулган жылы: 573 жыл(0573)
Туулган жери: Мекке
Каза болгон жылы: 22 -август 634(0634-08-22)
Каза болгон жери: Мадина
Мүрзөсүнүн орду: Масжид ан-Набави, Мадина
Атасы: Усман
Апасы: Сальма бинту Сахр
Балдары: уулдары: Абд ур-Рахман
кыздары: Аиша, Асма

Абубакр, (Абубакир сахаба, Абу Бакр ас-Сыддык Абдулла́х ибну ’Усма́н ал-Курайши) (араб. أبو بكر الصديق عبد الله بن عثمان القرشي‎‎) ( 13/634) - Мухаммед пайгамбардын эң жакын жолдошу, эң жакын сахаба, көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмер, Адил халифтердин биринчиси.
Пайгамбар өзү аны Абдулла, ал'-Атик жана ас-Сыддык деп атаган. Тайм уруусунан чыккан жана атасынын аты Абухулафа Усман, ал эми апасы Умм ал'-Хайр Сал'ма болгон.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алгачкы мусулмандардын катарына кошулушу (Меккеде)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абубакр Пил жылына эки жыл калганда дүйнөгө келген (572). Ал биринчилерден болуп Исламды кабыл алган жана өмүрүнүн калган бөлүгүн бүт бойдон исламдын түпкү маңызына умтулууга арнаган. Абубакр кеңпейил адам болгон жана кийим-кече, кездеме сатып соода кылган. Бул иши менен ал 40 000 дирхемге (арабдардын күмүш тыйыны) чейин ээ болууга жетишип, бүт бойдон мусулман жамаатынын керектөөсүнө короткон.

Ислам динине байланыштуу макалалар

Ислам

Islam

Ислам тарыхы

Ыйман

КелмеПериштелерЫйык китептерПайгамбарларАкыретТагдыр

Ислам негиздери

КелмеНамазОрозоАжылыкЗекет

Китептери жана мыйзамдары

КуранСүннөтХадис
Сира
ШариятМазхаб

Тарых жана ислам өкүлдөрү

Мухаммед пайгамбар () •
Адил халифтер ()
Сахабалар ()

Мусулман түшүнүктөрү

АзанБатаДааратПарзДааватТалакГусулЖин

Коомдогу орду

Ислам таанууИлим
ӨнөрМечитЖыл санакМайрамдарАялзатынын ордуЖыхад

Кошумча караңыз

Ислам порталыГлоссарий

Абубакр Мухаммед пайгамбардын эң жакын досу болуп, өмүрүнүн аягына чейин андан алыстаган эмес. Көптөгөн өтө маанилүү маселелерди чечүүдө пайгамбар көбүнчө Абубакр менен кеңешкендиктен, ал арабдардын көзүнө пайгамбардын вазири сыяктуу болуучу. Мухаммеддин пайгамбарлыгынын башынан баштап эле Абубакр анын ар бир сөзүнө ишенер эле. Мисалы, пайгамбар Мираж тууралуу жарыялаганда, Абубакр биринчи болуп, Мухаммеддин ар бир сөзүнө ишенерин билдирген. Пайгамбар Абубакрды ас-Сыддык (Чынчыл) деп атаган.

Меккеде жүргөн кезинде Абубакр мусулман жамаатынын өнүгүүсү үчүн чоң-чоң салымдарын кошкон. Ал кайрымдуулук, кайыр садака кылып, кедей кембагалдарга жардамын берип, ал тургай, кыйноодо жаткан Билал, Хаббаб, Лубайна, Абу Фукайха, Амир сыяктуу ж.б. кул, туткундарды бутпарастардан пул төлөп куткарып алган.

Меккедеги мусулмандарды куугунтуктоо башталгандан кийин, пайгамбар башка мусулмандар тобу сыяктуу эле Абубакрды да Эфиопияга жөнөтүүнү чечет. Бирок, жолдон ал атактуу уруу башчылардын бири болгон Ибну Дуккунга жолугуп, анын өз колдоосуна алам дегенинен соң, аны менен бирге кайра Меккеге кайтып келет. Шаарга кайтып келген Абубакр өз ишенимин жашыруудан баш тартып, ачыкча жашоо менен өз ишмердигин улантат. Бул кылганын жактырбаган Ибну Дуккун аны колдоодон баш тарткан.

Пайгамбарлыктын башталышынан 13 жыл өткөндө, белгилүү болгондой, мусулмандардын Меккеден Мадинага көчү (хижра) башталган. Бул көчтө акыркылардан болуп Мухаммед пайгамбар Абубакр менен бирге Меккеден чыгып, Мадинага жол тарткан. Меккеден чыккан кезде бутпарастардын арттарынан түшүүсүнөн улам, алардан бекинүү үчүн булар Саур үңкүрүндө бирге болушкан. Абубакрдын өмүрүндөгү ушул окуя Куран аятында да орун алган:

“Кайгырба, Аллах биз менен бирге эмеспи” (9: 40).

Хижрадан кийин (Мадинада)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мадинага келгенден кийин Мухаммед пайгамбар Абубакр менен туугандашып, анын кызы Аиша (р.а-а) менен үйлөнгөн. Бул шаарда Абубакр өзүнүн жигердүү кызматын улантып, жамааттын бардык маанилүү иштерине катышып турган. Ал , пайгамбар жана башка мусулмандар менен бирге тарыхтагы алгачкы мусулман мамлекетинин негизин түзүүгө катышкан. Ал Бадр, Ухуд, Хандак, Хайбар, Хунайн согуштарына ж.б. согуштарга катышкан. Абу Бакрдын Исламды кармануусу ушунчалык бийик деңгээлде болгондугун, Бадрдагы салгылашууда бутпарас (мушрик) бойдон калган өзүнүн уулу Абдуррахман менен каршылашууга туура келсе дагы аны менен согушкандыгынан байкасак болот.

Мухаммед пайгамбар өмүрүнүн аягында ден соолугу начарлап калгандыктан, жамааттык намаздарды башкаруу ишин Абубакрга тапшырат. Бул абал Абубакрды биринчи адил халиф катары чечүүдө да мааниге ээ болуп калды. Пайгамбардын сыйынуу иштеринин милдетин ага өткөрүүсү, дүнүйөлүк иштердин да милдети ага берилерин түшүндүргөн эле.

Абубакр — биринчи халиф[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адил халифтердин тушундагы араб ээлөөлөрү. I — Мухаммед (с.а.в.) өлөөрүндөгү Ислам бийлигинин башкаруусундагы аймактар; II — Абубакрдын (р.а.) тушундагы каратуулар; III — Умар (р.а.) тушундагы каратуулар; IV — Усман (р.а.) тушундагы каратуулар

11/632-жылы Мухаммед пайгамбардын өлүмүнөн кийин ансарлар (мадиналык мусулмандар) жаш мусулман мамлекетинин келечектеги тагдыры тууралуу кабатырланып, дароо меккелик Бану Саиддин үй-бүлөсүндөгү чогулуш болчу жерге (сакифке) чогулушат. Ансарлардын көбүнчөсү хазражийлер болгон эле. Алар жалпы добуш менен өз лидери Саад ибну Убадды халифтикке коюуга макулдашышат.

Бану Саиддин сакифиндеги ансарлардын чогулушу тууралуу билери менен, дароо бул жакка Абубакр ас-Сыддык , Умар ибну Хаттаб жана Абу Убайда Амир ибну ал-Жаррахдар да кирип келет. Талкуулардын натыйжасында алар ансарларга мамлекеттин келечекте бекемделишине жана элдин коопсуздугу үчүн кам көрүүгө мухажирлер (меккелик мусулмандар) дагы кызыктар экенине ынандырышат. Ошондо гана, ансарлар Мухаммед пайгамбардын керээзиндей, халифти курайш уруусунун өкүлдөрүнөн тандоого макул болушат. Ошентип, сөз кезегин алган Абубакр талкууга болгон ыраазычылыгын билдирип, халифтикке Умар ибну Хаттабды сунуштайт. Бирок, ага жооп катары Умар менен Абу Убайда пайгамбардын биринчи ордун басуучулук милдетине барынан татыктуураагы Абубакр экендигин билдиришет. Алар ага Саур үңкүрүндө ал гана пайгамбардын жолдошу болгондугун жана пайгамбар үчүн өмүрүн кыйганга даяр болуп жүргөндүгүн эстетишет жана да пайгамбар аны гана жамааттык намаздын башчылыгына дайындаганын эске салышат.

Муну айтып соң, Умар Абубакрдын колунан кармап, аны халиф катары таанып, өзүнүн ишеним антын берет. Анын артынан Усайд ибну Худайр жана Башир ибну Саад, андан кийин ал жердегилердин бардыгы Абубакрга ант беришет. Ошентип, 12 Раби (I), хижранын 11-жылы Абубакр биринчи Адил халиф болуп шайланат.

Эртеси күнү, Абубакр халиф Мадинанын мечитинен калктын антын кабыл алат. Саад Убад болсо, кийинчерээк ал да халифке ант берген, андан кийин Сирияга жиберилип, ал жактан согуштардын биринде каза тапкан.

Абу Бакр болгону 2 жыл, 3 ай жана 10 күн гана халиф болгондугуна карабастан, ал диндин жана мусулман мамлекетинин бекемделиши үчүн ушунчалык маанилүү кадамдарды жасагандыгынан улам, бул адамдын Ислам тарыхындагы орду жана маанисине карата болгон туруктуу бааны коюу мүмкүн эмес.

Динден кайткандар менен болгон согуштар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Динден кайткандар менен болгон согуштардын ордуларынын картасы

Абубакрдын халиф катары зор эмгектеринин бири - мусулман мамлекеттүүлүгүнүн сакталышы жана бекемделиши. Анын халиф болуп шайланышынан кийин дароо эле Халифалыктын бүлүнүүсү үчүн кызыктар болгон күчтөр пайда болот. Бул аракеттердин көбүнчөсү ар кандай уруу башчыларынан чыгып, алар Арабияны исламга чейинки мезгилдегидей, мурунку бытыранды абалына келтирүүнү каалаган эле. Ошондой эле, алар зекет төлөөдөн баш тартып, борбордук бийликке баш ийүүнү жана мамлекеттин казынасына салык төлөөнү каалашкан эмес. Бирок, зекет берүү ислам ишениминин негиздеринин бири болуп, бардык мусулмандар үчүн милдеттүү болгондуктан, айрым араб урууларынын сепаратисттик аракеттери ишенимден кайтуучулук (ридда) катары каралган. Андан тышкары, Арабиянын ар кайсы аймактарында Мусайлима, Тулайха, аль-Асвад жана Сажах деген жалганчы пайгамбарлар пайда болгон эле.

Халиф Абубакр мамлекеттеги саясий кырдаалдын бардык кыйынчылыктарына карабастан, өзүнүн башкаруусунун башталышынан тартып эле дининен кайткандар менен күрөшүүдө эң чечкиндүү позицияны кармаган. Алтургай, ал майда макулдашуулардан да баш тарта, алар менен согуш баштаган.
Чечкиндүү аракеттерден улам динден кайткандардын бардыгы кыйратылып, Халифат каалаган сырткы агрессияны кайта кайтара алгыдай, кайрадан бирдиктүү жана күчтүү мамлекет боло алган.
Динден кайткандар менен болгон согуштардагы ийгилик мусулмандарга Ирак менен Сириядагы, мусулмандык мамлекеттин күчтөнүүсүн каалабаган жана дининен кайткандарды жигердүү колдоп жүргөн персиялык жана византиялык аскерлерге каршы согуштук аракеттерди баштоого мүмкүндүк берген. Ушул мезгилден тарта алгачкы муслман жеңип алуулары башталат.

Мусулман каратууларынын башталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусулман армиясы Ирактан перстерди талкалайт. Абубакрдын башкаруусунун эң акырында Халифаттын аскерлери Сирияга алган багытында Йармук дарыясына жеткенде, чоң жана бүт кийинки тарыхтын тагдырын чечүүчү - Византия империясынын чоң күчүнө каршы - салгылашуу болуп өтөт.

Өлүмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Йармуктагы салгылаштын кызуу маалында мусулман армиясы Абубакрдын өлүмү тууралуу кабар алышкан. Анын сөөгү Мухаммед пайгамбардын бейитинин жанына коюлган. Өлөөр алдында ал мамлекеттин башкаруу ордун Умар ибну Хаттабга керээз кылып калтырып кеткен, ошондон соң ал ошентип экинчи адил халиф болуп калган.

Абубакрдын кулк-мүнөзү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абубакр халиф болуп туруп, жашоосун абдан токтоолук образ менен коштоду. Анын Мадинанын жанындагы участогунун бешинчи бөлүгү мамлекетке курманчылык катары берилген, ал эми калган бөлүгү анын балдарына бөлүштүрүлгөн. Ошондой эле, Абубакр ашыкча мүлкүн жана калган акчалай каражаттарын мамлекеттик казынага өткөрүүнү керээз кылган.

Абу Бакр аябай чынчыл, боорукер киши болгон. Тирүү кезинде эле ал озунун баардык байлыктарын зекетке берип, керек болсо озунун акыркы койногун да берип салган.

Абубакр жана Куран[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Курандын бир китеп болуп жыйналышы да Абубакрга таандык мээнет. Ал Мухаммед пайгамбардын катчыларынын бири болгон Зайд ибну Сабитке бул ишти орундоону тапшырган. Курандын чогултулган үлгүсү (экземпляры) пайгамбардын аялы Хафсага жөнөтүлгөн, анын колунда үчүнчү халиф Усмандын тушуна чейин сакталып турган жана халиф Усман Курандын биротоло редакцияланып бүтүшү үчүн жана үлгүлөрүн көбөйтүү үчүн, жанагы эле Зайд ибну Сабит башында турган комиссия түзгөн.

Колдонулган булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Али-заде А. Исламский энциклопедический словарь. — Ансар, 2007. — ISBN 5-98443-025-8

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Калып:Адамдардын улантуулары

Калып:Сахабалар Калып:Накшбанди