Атамбаев Алмазбек Шаршенович

Википедия дан
Атамбаев, Алмазбек Шаршенович‎»‎ барагынан багытталды)
Алмазбек Шаршенович Атамбаев
Алмазбек Шаршенович Атамбаев
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын 4-чү президенти
желек
желек
1-декабрь 2011-жыл — 24-ноябрь 2017-жыл
Андан мурунку: Роза Отунбаева
Андан кийинки: Сооронбай Жээнбеков
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын премьер-министри
17-декабрь 2010-жыл — 1-декабрь 2011-жыл
Андан мурунку: Роза Отунбаева
Андан кийинки: Өмүрбек Бабанов
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын премьер-министри
29-март 2007-жыл — 28-ноябрь 2007-жыл
Андан мурунку: Азим Исабеков
Андан кийинки: Искендербек Айдаралиев
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министри
сентябрь 2005-жыл — апрель 2006-жыл
Андан мурунку: Туратбек Жунушалиев (у. м. а.)
Андан кийинки: Медетбек Керимкулов
 
Жарандыгы: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Дини: Ислам
Туулган жери: Арашан айылы, Ворошилов району, Чүй облусу, Кыргыз ССРи, СССР
Жубайы: Раиса Атамбаева
Партиясы: Кыргызстан социал-демократтиялык партиясынын мурунку жетекчиси
Билими: Москва башкаруу институту
Кесиби: инженер-экономист, өнөр жайда иш алып баруу уюштуруучусу
 
Сыйлыктары:
2-даражадагы «Манас» орени
2-даражадагы «Манас» орени
«Данакер» орденинин ээси
«Данакер» орденинин ээси

Алмазбек Шаршенович Атамбаев — Кыргыз Республикасынын саясий жана мамлекеттик ишмери (17-сентябрь 1956-жылы). 1999-жылдын теке айынын 30дан 2011-жылдын Аяк Оонанын 30на чейин Кыргызстандын социал-демократтиялык партиясын жетектеп келген. 2007-жылдын Жалган курандын 29нан 2007-жылдын Жетинин айынын 28не чейин жана 2010-жылдын Бештин айынын 17нен 2010-жылдын Бештин айынын 1не чейин Кыргыз Республикасынын премьер-министрилигин аркалаган. 2011-жылдын Бештин аыйнын 1нен 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасынын президенти.

Өмүр баяны

Алмазбек Атамбаев Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында 1956-жылы 17-сентябрда туулган.
1980-жылы Москва шаарындагы Башкаруу институтун (азыркы Россия Башкаруу Академиясы) бүтүргөн. Кесиби боюнча инженер-экономист, өндүрүштү башкарууну уюштуруучу.
Эмгек жолун 1980-жылы Кыргыз ССРинин байланыш министрлигинде инженер болуп иштөө менен баштаган.
1981–1983-жж. ДУ-4түн башкы инженери,
1987-жылга чейин Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунда жооптуу кызматтарда эмгектенген.
1987–1989-жж. Фрунзе шаарындагы эл депутаттарынын Биринчи май райондук кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орунбасары болгон.
1989-жылдан баштап «Форум» илимий-өндүрүштүк фирмасын уюштуруп, жетектей баштаган.
1977–1999-жж. «Кыргызавтомаш» АКсынын башкы директору болуп эмгектенген.
1999-жылдан Бишкек шаарындагы бир нече ири заводдордун, алардын базасында уюшулган биргелешкен ишканалардын башын кошкон «Форум» (2004-жылдан баштап «Кыргызавтомаш» корпорациясы) өндүрүштүк тобунун директорлор кеңешинин төрагалыгына шайланган. Бир эле учурда «Кыргызавтомаш» АКсынын, «КТИ Агромаш» АКсынын директорлор кеңешин жетектеген.
1995–2000-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп шайланган.
2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо Президенттикке талапкер катары катышкан.
2005-жылдын сентябрынан 2006-жылдын апрелине чейин Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министри болгон.
2007-жылдын мартынан 2007-жылдын декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп эмгектенген.
2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп эмгектенген.
2011-жылдын биринчи декабрынан Кыргыз Республикасынын Президенти.
2014-жылы «зонтиктер революциясы» болуп өткөн. Борбордук өкмөттүн Гонконгдогу шайлоо системинин өзгөртүүсүнө нааразы болгон жергиликтүү эл бийликке каршы чыгышкан.
1983-жылдан СССР жана Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, 1991-жылы Кыргыз жазуучулар союзунун башкармасынын катчысы болуп шайланган. Коомдук башталышта ушул кезге чейин Кыргызстан жазуучуларынын Адабий фондусунун төрагасы болуп саналат.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын төрагасы.
Республикабыздын өнөржай өндүрүшүн өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн 1999-жылы «Даңк» медалы, 2007-жылы «Данакер» ордени менен сыйланган.
2011-жылы 30-октябрда болгон Кыргыз Республикасынын президенттик шайлоосунда, президенттикке койгон талапкерлердин арасынан эн биринчи орунду алды.

Аудиографиясы

  • "Нелепые слова"
  • "Судьбе назло"
  • "Я не могу без тебя жить"
  • "Мне не страшно умирать"
  • "Кыргызстаным"
  • "Энекем"

Китептери

  • Балалыктын сыйкырдуу бакчалары

Котормолору

  • Отунчиев Э. Алтын казык. – М.: Сов. писатель, 1982.
  • Джакыпбеков А. Айдагы жезкемпир Повесть. – Ф.: Мектеп, 1985. – 80 б.
  • Акматов К. Аңкоо каз: Басни – Ф.: Мектеп, 1987. – 16 б.
  • Cыдыкбеков Т. Чаар тоок – Ф.: Мектеп, 1987. – 28 б.

Сүйлөгөн сөздөрү

  • Улуу Түрк Каганатын кура албасак да, биз күчтүү боордош түрк мамлекеттеринин биримдигин түзүшүбүз керек (Түркиянын Парламентинде).

Эскертүүлөр

Шилтемелер