Атамбаев, Алмазбек Шаршенович
| Атамбаев Алмазбек Шаршенович |
|
| Жалпы маалымат | |
| Төрөлгөндө берилген аты: | Атамбаев Алмазбек Шаршенович |
| Туулган жылы: | 1956-жылы 17-сентябрь |
| Туулган жери: | Арашан айылы, Аламүдүн району, Чүй, Кыргызстан |
| Өлкө: | Кыргызстан |
| Ишмердүүлүгү: | саясатчы, мамлекеттик ишмер |
| Учурдагы кызматы: | Президент (2011) |
Өмүр баяны [оңдоо]
Атамбаев Алмазбек Шаршенович - Кыргыз Мамлекетинин саясатчысы, мамлекеттик ишмери,Премьер Министри (04,2007-12,2007 жана 12,2010-11,2011), Кыргыз Республикасынын Президенти (01.12.2011-2017).
Алмазбек Атамбаев Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында 1956-жылы 17-сентябрда туулган.
1980-жылы Москва шаарындагы Башкаруу институтун (азыркы Россия Башкаруу Академиясы) бүтүргөн. Кесиби боюнча инженер-экономист, өндүрүштү башкарууну уюштуруучу.
Эмгек жолун 1980-жылы Кыргыз ССРинин байланыш министрлигинде инженер болуп иштөө менен баштаган.
1981–1983-жж. ДУ-4түн башкы инженери,
1987-жылга чейин Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунда жооптуу кызматтарда эмгектенген.
1987–1989-жж. Фрунзе шаарындагы эл депутаттарынын Биринчи май райондук кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орунбасары болгон.
1989-жылдан баштап «Форум» илимий-өндүрүштүк фирмасын уюштуруп, жетектей баштаган.
1977–1999-жж. «Кыргызавтомаш» АКсынын башкы директору болуп эмгектенген.
1999-жылдан Бишкек шаарындагы бир нече ири заводдордун, алардын базасында уюшулган биргелешкен ишканалардын башын кошкон «Форум» (2004-жылдан баштап «Кыргызавтомаш» корпорациясы) өндүрүштүк тобунун директорлор кеңешинин төрагалыгына шайланган. Бир эле учурда «Кыргызавтомаш» АКсынын, «КТИ Агромаш» АКсынын директорлор кеңешин жетектеген.
1995–2000-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп шайланган.
2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо Президенттикке талапкер катары катышкан.
2005-жылдын сентябрынан 2006-жылдын апрелине чейин Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министри болгон.
2007-жылдын мартынан 2007-жылдын декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп эмгектенген.
2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп эмгектенген.
2011-жылдын биринчи декабрынан Кыргыз Республикасынын Президенти.
1983-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсү, 1991-жылы Кыргыз Жазуучулар союзунун башкармасынын катчысы болуп шайланган. Коомдук башталышта Кыргызстан жазуучуларынын Адабий фондусунун төрагасы болуп саналат.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын төрагасы.
Республикабыздын өнөржай өндүрүшүн өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн 1999-жылы «Даңк» медалы, 2007-жылы «Данакер» ордени менен сыйланган.
2011-жылы 30-октябрда болгон Кыргыз Республикасынын президенттик шайлоосунда, президенттикке койгон талапкерлердин арасынан эн биринчи орунду алды.
Котормолору [оңдоо]
- Отунчиев Э. Алтын казык. – М.: Сов. писатель, 1982.
- Джакыпбеков А. Айдагы жезкемпир Повесть. – Ф.: Мектеп, 1985. – 80 б.
- Акматов К. Аңкоо каз: Басни – Ф.: Мектеп, 1987. – 16 б.
- Cыдыкбеков Т. Чаар тоок – Ф.: Мектеп, 1987. – 28 б.
Сүйлөгөн сөздөрү [оңдоо]
- Улуу Түрк Каганатын кура албасак да, биз күчтүү боордош түрк мамлекеттеринин биримдигин түзүшүбүз керек (Түркиянын Парламентинде).