Корей Эл-Демократиялык Республикасы

Википедия дан
КЭДР‎»‎ барагынан багытталды)

Коре Эл-Демократиялык Республикасы
кор. 조선민주주의인민공화국

Герб
Туу Герб
Урааны: «кор. 강성대국»
«Күчтүү өнүккөн өлкө»
Гимн: «Мекенге болгон сүйүү ыры»
КЭДР дүйнөлүк картасында
Эгемендүүлүк күнү 9-сентябрь 1948-жылы

Жапониядан)

Расмий тили Корей тили
Борбор шаары Пхеньян
Ири шаарлар Пхеньян, Хамхын, Кэсон
Башкаруу формасы Социалистик республика
Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Ким Чен Ын
Аянты
• Жалпы
97 - дүйнөдө
120 540 км²
Калкы
• Бааланган (2011)
Жыштыгы

24 457 492 адам (49)
193,54 ад./км²
Акча бирдиги КЭДР вонасы
Домени .kp
ISO коду KP
ЭОК коду PRK
Телефон коду +850
Убакыт аралыгы UTC +9

Корей Эл-Демократиялык Республикасы (кор. 조선 민주주의 인민 공화국 (Чосон Минджуджуи Инмин Конхвагук)}}, кыт. 朝鮮民主主義人民共和國), Түндүк КореяЧыгыш Азиядагы Корей жарым аралчагынын түндүгүндө жайгашкан мамлекет. Түндүктө Кытай, түндүк-чыгышта Орусия, түштүктө Корей Республикасы (Түштүк Корея) менен чектешет. Батышта Сары деңизге, чыгышта Жапон деңизине чыгат. Борбор - Пхеньян калаасы. 1948-жылдын Аяк оона айынын 9 кеңештер басып алган жерде КЭДР курулган. Мамлекеттин расмий башкы ою (идеологиясы) - Ким Ир Сен менен Ким Чен Ир ойлоп-тапкан чучхе ою ("көңүл борборунда адам турган философиялык башкы ой"). Өлкөдөгү бийлик Корей эмгек партиясынын, Ким Чен Ир атту Улуу Башкарманын колунда.
Корей жарым аралынын түндүк бөлүгүн жана материктин бир аз чет-жакасын ээлейт. Батышынан Сары деңиз, чыгышынан Япон деңизи менен чулганат (жээк сызыгынын жалпы узундугу 2495 км). Түндүгүнөн Кытай, Россия (Туманган дарыясы аркылуу), түштүгүнөн Корей Республикасы менен чектешет. Аянты 122,8 миң км2. Калкы 24 720 407 (2013). Борбору — Пхеньян. Расмий тили — корей тили. Акча бирдиги — вона. КЭДР административдик-аймактык жактан 9 провинциядан, 1 шаардан, 1 борборго баш ийген райондон турат. Кэсон (Түштүк Хванхэ провинциясы) жана Кымган (Канвондо провинциясы) атайын экономикалык зоналары, ошондой эле өзгөчө баш ийүүдөгү — Нампхо шаары (Түштүк Пхёнан провинциясы) өзүнчө административдик статуска ээ. КЭДР — Бириккен Улуттар Уюмунун (1991), Бейтарап уюмдарынын (1975) мүчөсү. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009):

  • Борборго баш ийген шаар.
    • Борборго баш ийген район.

Акимчилик (административдик) бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2004-жылга караганда, Түндүк Корея 9 дубанга (провинция, корейче: 도, 道 [то]), 2 мамлекеттик маанидеги шаар (корейче: 직할시, 直轄市 [чикхальси]) жана 3 атай акимчилик аймак. Борбор калаа - Пхеньян.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Корейдер - гомогендик улут. КЭДРда ири улуттук аздыктар жок, жалгыз эле кытай (божомолчо 50,000) жана жапон (божомолчо 1800 киши) улуттардын өкүлдөрү бар.

Калктын саны: 23,113,019 (2006) Өмүрдүн узундугу: Жалпыча - 71,65 жыл (эркектер - 68,92 жыл, айымдар - 74,51 жыл (2006)) Төрөлүштүн деңгели: бир айымга 2,1 наристе (2006). Тилдер: корей тили; билимдүүлүк - 99%

Өлкөнүн калкынын басымдуу бөлүгү (99,7 %и) — корейлер; ошондой эле кытайлар (0,2%и), филиппиндер, моңгол, орус, вьетнам ж. б. улуттар да бар. Төрөлүүнүн төмөндөөсүнөн калктын санынын өсүү темпи басаңдоодо. Төрөлүү 1000 адамга 14,6 бала, өлүм-житим 7,3 адам туура келет. Фертилдүүлүк: 1 аялга 2 бала. Сырткы миграция дээрлик жокко эсе. 1990-жылдардын 2-жарымынан көмүскө эмиграция (негизинен Кытай менен Корей Республикасына качуу) күчөгөн. 15 жашка чейинки өспүрүмдөр өлкөнүн калкынын 22,9%ин, эмгекке жарамдуу курактагылар (15— 64 жаштагылар) 68,2%ин, 65 жана андан улгайгандар 8,8%ин түзөт (2008). Орто эсеп менен 100 аялга 95 эркек туура келет. Өмүрдүн күтүлгөн орточо узактыгы 72,2 жыл (эркектердики 69,5, аялдардыкы 75,1 жыл; 2008). Калкынын орточо жыштыгы салыштырмалуу жогору: 1 км2 жерге 194,7 адам (2009). Эң жыш отрукташкан жерлери — Түштүк Пхёнан (339,2 адам), Түштүк Хванхэ (299,7 адам); эң сейрек отурукташкан жерлери — өлкөнүн түндүгү. Шаар калкы 60% (2007). Ири шаарлары: Пхеньян (калкы 3198,9 миң; 2009), Хамхын (580,9 миң), Нампхо (467,0 миң), Хыннам (359,6 миң), Кэсон (351,5 миң), Вонсан (340,2 миң), Чхонжин (329,4 миң), Синыйжу (285,9 миң), Хэжу (227,2 миң), Кангэ (207,8 миң) ж. б. Иштеген калктын 63%тейи өнөр-жай менен тейлөө чөйрөсүндө, 37%тейи айыл-чарба, токой жана балык чарбаларында эмгектенет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1945-жылына чейин Жапониянын көз карандыгынын астында болгон. 2-Дүйнөлүк Согуштун бүткөндөн кийин 38-паралелден түндүгүрөөк Корейдин жери Кеңештик Бирдигинин астында калган, түштүштүрөөк жакта - Кошмо Штаттардын. КСРБ менен АКШнын ортосунда бир мамлекет куруу боюнча келишпестиктин айынан 1948-жылында эки бөлүк өкмөттөр, түндүк (КСРБге багытталган) жана түштүк (АКШга багатталган), түзүлгөн. Экөөсү баардык Кореянын башкарууга талаптанган.

1948-ж. 9-сентябрда Корей жарымаралчагынын түштүгүндө Корей Республикасы курулганына жооп катары КЭДР уюштурулган. Башындан бери өлкөдөгү бийлик КЭПтин (Корей Эмгек Партиясынын) колунда болгон. Чарба тармагында пландык үнөм (экономика) орнотулган; божомолчо 1949-жылындан тарта болгон өнөр жай, ички жана тышкы соодалашуу тармактар өкмөттүн көзөмөлүндө болууда.

Министрлер кабинетинин төрагалыгына Ким Ир Сен дайындалган. Конституциясы КЭДР жарыяланган күндөн күчүнө кирген. КЭДР 1948-ж. СССР, 1949-ж. Кытай Элдик Республикасы менен дипломатиялык мамилелерди түзгөн. Корей согушу (1950—53) бүткөн соң, КЭДР өкмөтү бүлүнгөн чарбаны калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүүнүн, социалисттик кайра түзүүлөрдү жүзөгө ашыруунун 3 жылдык планын (1954—56) бекиткен. Эл чарбасын өнүктүрүү планында өнөр-жай жана айыл-чарба өндүрүшүн калыбына келтирүү, аны согушка чейинки деңгээлине жеткирүү гана эмес, эл чарбасын андан ары бир кыйла даражада жаңыдан куруу да каралган. 1954-ж. ноябрда Корея эмгек партиясынын БКнын пленумунда коллективдештирүү (1954—59), 1956-ж. апрелде индустриялаштыруу (1956—61) жөнүндө чечим кабыл алынып, эл чарбасын өнүктүрүүнүн 5 жылдык планы иштелип чыккан. Бул пландын ийгиликтүү ишке ашышына көмөк көрсөткөн өнөктөрү — СССР жана Кытай болгон. 1959-жылдары КЭДР алар менен достук, өз ара жардамдашуу жана кызматташуу жөнүндө келишимдерди (1961-ж. 6-июлда СССР, 1961-ж. 11-июлда КЭР менен) түзгөн. Өлкөнүн саясий жана экономикалык курулушунун башында Корея эмгек партиясы (КЭП) турган. 1950—60-жылдары КЭП жетекчилиги үчүн саясий күрөштө бийликке кайрадан Ким Ир Сен келген. Ал КПССтин саясий курсун сындап, СССР менен экономикалык жана аскер байланыштарын чектеген. 1972-ж. 4-июлда КЭДР менен Корей Респнын өкүлдөрү эки өлкөнү бириктирүүнүн шарттарын аныктаган Биргелешкен билдирүүгө кол коюшкан. Бул маселе тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүз, улуттук консолидациянын негизинде жана тынчтык жол менен ишке ашырылууга тийиш болгон. 1972-ж. КЭДР жаңы Конституция кабыл алып, өлкөгө президент кызматын киргизген (алгачкы президенти Ким Ир Сен болгон). ЖЭЧ Президиуму жана Министрлер кабинети жоюлуп, Борбордук элдик комитет (БЭК) жана премьер-министр жетектеген административдик кеңеш түзүлгөн. 1974-ж. БЭК бардык салыктарды жоюу жөнүндө мыйзам кабыл алган. 1970-жылдары КЭДРдин расмий идеологиясы - чучхе доктринасы жарыяланган. КЭДРде ядролук изилдөөлөр активдештирилип, 1974-ж. атом энергиясы боюнча эл аралык агенттикке кирип, ядролук программаларды ишке ашыруу үчүн КЭРден жардам сураган. 1980-жылдары өлкөдөгү экономикалык кризис, ошондой эле АКШ менен болгон мамиленин курчушу КЭДРдин СССР, КЭР, Чыгыш Европа өлкөлөрү жана Корея Республикасы менен байланышын кеңейтүүгө шарт түзгөн. 1984-ж. Ким Ир Сен СССР, Германия Демократиялык Республикасы, Венгрия, Польша, Румыния, Болгария жана Югославия өлкөлөрүнө барып, кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө келишимдерге кол койгон. 1994-ж. июлда Ким Ир Сен өлгөндөн кийин өлкөнү анын уулу - Ким Чен Ир (1997-жылдан КЭП БКнын генералдык секретары) жетектеген. 1998-ж. Конституцияга оңдоолор киргизилип, КЭДР Президентинин кызматы, БЭК жана Административдик кеңеш жоюлуп, Мамлекеттик коргоо комитетинин укуктары кеңейтилип, ЖЭЧ Президиуму жана Министрлер кабинети калыбына келтирилген. Ким Ир Сен КЭДРдин «түбөлүк президенти» деп жарыяланган. 1990-жылдары өлкөнүн экономикасы төмөндөп, элдин социалдык абалы начарлаган. Бирок КЭДР өкмөтү аскер ишине өзгөчө көңүл буруп, финансы жактан каржылап, 1998-ж. үч баскычтуу баллистикалык ракетаны сыноодон өткөргөн. 2000-ж. июнда КЭДР менен Корей Республикасынын мамлекет башчылары - Ким Чен Ир жана Ким Дэ Чжун жолугушуп, эки мамлекетти бириктирүү жөнүндө декларацияга кол коюлган. 2002-ж. КЭДР жетекчилиги экономика чөйрөсүнө өзгөртүүлөрдү киргизген. Өлкөдө мамлекеттик зайымдардын облигациялары чыгарылып, вонанын рынок курсу киргизилип, өнөр-жай ишканаларына жана айыл-чарба кооперативдерине пландан ашык чыгарылган продукцияларын өз алдынча колдонууга мүмкүнчүлүк берилген. 2002-ж. 13-декабрда КЭДР өкмөтү ядролук программаларды жаңыртууга жана ядролук реакторду курууну улантууга ниеттенгенин билдирген. 2006-ж. 9-октябрда ядролук куралдарды сыноону жарыялагандан кийин, 14-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин чечими менен КЭДРге каршы эл аралык санкциялар киргизилген. 2007-ж. октябрда Пхеньянда өткөн корейлер аралык саммитте эки мамлекеттин ортосунда экономикалык жана гуманитардык кызматташууларды кеңейтүү боюнча тынчтык келишими түзүлгөн. 2008-ж. эки мамлекеттин ортосундагы кызматташуунун өнүгүшүн ядролук куралсызданууга байланыштырган жогорку деңгээлдеги жолугушуулар Корей Республикасында бийликке Ли Мён Бак жетектеген жаңы администрациянын келиши менен токтогон. 2009-ж. КЭДРдин ядролук куралдарды өнүктүрүү боюнча жасаган иш-аракеттери Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши тарабынан айыпталган. 29-декабрь 2011-жылдан өлкөнү Ким Сен Ирдин небереси, Ким Чен Ирдин 3-уулу Ким Чен Ын жетектейт.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жапон деңизинин жээги тоолуу, негизинен абразияак-кумуляциялык жана абразиябухта тибинде, Сары деңиздин жээги түндүк-батышында — түзөң, кумдуу, Нампхо шаарынан түштүктү карай — риас тибинде. Өлкөнүн аймагынын 4/5 бөлүгүн тоолор ээлейт. Түндүгүндө кокту-колот, терең капчыгайлуу орто бийиктиктеги Түндүк Корей тоолору байыркы тайпаң жондорду түзгөн бөксө тоолор менен кезектешип жатат. Түндүк-чыгышында Кытай менен чек арага жакын базальттуу Чанбайшань бөксө тоосу жатат, анда өлкөнүн эң бийик чокусу — Пэктусан жанар тоосу (2750 м) жайгашкан. Корей жарым анын чыгышында Чыгыш Корей тоолору созулуп жатат. Жапыз дөбө-дөңсөөлөр менен токол тоолордун айрым бөлүктөрү Сары деңиздин жээктерине чейин жетет. Ири түздүктөрү (Пхеньян, Хамхын ж. б.) негизинен деңиз жээктей жайгашкан. Өлкөнүн басымдуу бөлүгү байыркы Кытай-Корей платформасынын түндүк-чыгыш чет-жакасында жайгашкан. КЭДРдин маанилүү кен байлыктары: жез (өлкөнүн түндүгүндө), алтын (Түндүк Хванхэ, Түштүк Пхёнан, Түштүк Хамгён провинцияларында), коргошун, цинк (өлкөнүн түндүк, түндүк-чыгыш, борбордук бөлүктөрүндө), вольфрам (Маннён), молибден (Пусон), темир (ирилери өлкөнүн түндүк-чыгышында жана батышында), көмүр, магнезит, графит, пирит, флюорит ж. б. Мелүүн муссондук климат мүнөздүү. Түндүк бөлүгүндө континенттик климат даана байкалат: кышында түндүк жана түндүк-батыштан азия антициклонунун абасы (континенттик муссон) кирип, муздак, ачык жана кургак аба ырайын пайда кылат. Чыгыш жээги батышына караганда жылуураак, анткени Чыгыш Корей тоолору аны муздак континенттик муссондон тосуп турат. Январдын орточо температурасы түндүгүндө —21°Сден тоолордо —40°Сге чейин төмөндөшү ыктымал), түштүгүндө —7°Сге чейин. Түндүк Корей тоолорунда кышында туруктуу кар катмары пайда болот. Эң жылуу айынын (август, айрым жерлеринде июль же июнь) орточо температурасы түндүгүндө 22°С, түштүгүндө 24°С. Жайкы деңиздик муссон июндан октябрга чейин жаан-чачынды мол алып келет. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү түздүктөрдө түндүктөн түштүктү (600—1400 мм), тоолордо бийиктеген сайын (900—1000 мм) өсөт. Жайдын аягында жана күзүндө аймактын кыйла бөлүгү тайфундун таасиринде болот. Дарыя тармактары жыш. Аймагынын басымдуу бөлүгү Сары деңиздин алабына кирет. Негизги дарыялары: Амнокан (Ялунцзян; узундугу 790 км), Тэдонган (400 км). Япон деңизине негизинен тоолордон башталган кыска дарыялар, ошондой эле өлкөдөгү эң ири дарыялардын бири — Туманган куюп, КЭДРдин түндүк-чыгыш чек арасы аркылуу агат (узундугу 520 кмден ашык). Ири дарыяларынын кыйла бөлүгү кеме каттоого ыңгайлуу. Дарыяларынын көбү жамгыр же кар-жамгыр сууларынан куралат; түндүгүндө көп дарыялары тоңуп калат. Дарыялары кышында тартылып, жайында ташкындайт. Аймак гидроэнергия ресурстарына бай. Дарыя агымын жөнгө салуу, ирригациялык, суу менен камсыз кылуу максатында гидротехникалык курулмалар арбын салынган. Эң ири суу сактагычы — Супхунхо (толук көлөмү 12 км3) Амноккан дарыясында курулган. Айдоо жеринин 73%и сугарылат. Жыл сайын калыбына келип туруучу суу ресурстары 77 км3ди түзөт. Өлкөнүн ар бир тургунуна жылына 3,4 миң м3 суу туура келет. Флорасы татаал өсүмдүктөрдүн 3 миңге жакын түрүнөн турат; анын 10%и — эндемиктер. Мурда аймагынын басымдуу бөлүгүн каптаган токой 20-кылымда толугу менен кыйылып жок болгон. Азыркы токойлуулук 68%ти түзөт (көчөт отургузуунун эсебинен); жергиликтүү токой негизинен тоолуу аймактарда гана сакталган. Калк жыш отурукташкан жана жери ургаалдуу пайдаланылган түздүктөрдө маданий өсүмдүктөр басымдуу. Токойду кыюудан эрозия жана суу ташкыны күчөгөн. Түндүк Корей тоолорунун этек бөлүгүндө (500—800 м бийиктикте) жазы жалбырактуу, негизинен эмен токою таралган. Анын астында коңур (бурозём) топурак өөрчүгөн. Андан жогору кызыл карагай, корей кедри аралаш ийне-жазы жалбырактуу токой үстөмдүк кылат; ийне жалбырактуу токойдун (карагай, көк карагай, кара карагай) ири массивдери кездешет; бул тилкенин астында тоонун иллювий-темирлүү күл топурактары өөрчүгөн. Кэма бөксө тоосунда баалуу кызыл карагай, корей кедри жана көк карагай өскөн кедр-көк карагайлуу токой массивдери бар. Токой 2000 м бийиктикке чейин өсөт. Эң бийик кырка тоолордун капталдарын ээлеген ийри-буйру өскөн таш кайың, жапалак кедрдин бадалдарынан, рододендрондон турган токой 2500 мден жогору мамык чөп-эңилчектүү тундрага жана альп шалбаасына өтөт. Чыгыш Корей тоолорунун жазы жалбырактуу токою түргө өтө байлыгы менен өзгөчөлөнөт; анда эмен, жөкө дарак, ак чечек ж. б. породалардын бир нече түрү бар. 1500—2000 м бийиктиктен жогору карагай-көк карагайлуу токой үстөмдүк кылат. Ири сүт эмүүчүлөрдөн (100дөн ашык түрү бар, анын 12си жоголуу алдында турат) жетүүгө татаал токойлуу аймактарда ТКЭСтин Кызыл китебине кирген амур жолборсу, кабылан, ак төш аюу, туяктуулардан — уссури чаар бугусу, горал, кабарга кездешет. Түлкү, карышкыр, кундуз ж. б. кеңири таралган. Уялоочу куштардын 1Э8 түрү бар, алардын 25и жоголуу алдында турат. Жээк зонасы орнитофаунага (кытан, даур турнасы, куназ, каз, өрдөк, ак чардак, кара каз, баклан ж. б.) өтө бай. Сойлоочулардын 20, жерде-сууда жашоочулардын 17 түрү бар. Жээк суусу биол. ресурстарга (балык, краб, креветка, деңиз кирписи, моллюска ж. б.) бай. Өлкөнүн жалпы аянтынын 2,6%ин Э0дан ашык корголуучу табигый аймак ээлейт. Эки коруктун аймагы (Пэктусан жана Кувольсан тоолору) ЮНЕСКОнун биосфералык резерватына киргизилген. Түндүк кеңдиктин 38°ун бойлой кеткен демилитаризация зонасында жазылыгы 4 км болгон тилкеде жапайы жандыктардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөн.

Чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КЭДРдин экономикасында «өз күчүнө таянуу» курсу жүргүзүлүүдө (анда оор өнөр-жайын өнүктүрүүгө артыкчылык берилет). 2002-жылдан Ички дүң продукциясынын (ИДП) өнүгүүсү байкалат (2002-ж. 1,2%; 2005-ж. 2,9%). Ошол эле учурда электр энергиясы, сырьё, түрдүү материалдар, өнөр-жай жабдуулары, азык-түлүк жетишпейт; өндүрүш каражаттарынын көбү эскирген. 2000-жылдардын ортосунан баштап банк сектору, кеме куруу, фармацевтика продукцияларын жана керектөө товарларын чыгаруу боюнча көптөгөн (айрыкча Кытай, Корей Респнын компаниялары менен) биргелешкен ишканалар уюшулган. 1960-жылдардан расмий статистикалык маалыматтар жарыяланбайт, бардык маалыматтар баа берүү мүнөзүндө (эл аралык уюмдардын, түштүк корей маалыматтары). ИДПнин көлөмү 40 млрд доллар (2008), аны киши башына бөлүштүргөндө 1800 доллардан тура келет. ИДПнин структурасында өнөр-жайынын үлүшү 43,1%, тейлөө чөйрөсүнүкү 33,6%, айыл-чарбасыныкы 23,3% (2002). ИДПнин 2008-жылдагы өнүгүүсү терс мааниде (-1,1%) болгон. Өнөр-жайынын башкы тармактары — минералдык сырьёлорду өндүрүү, электр-энергетика, металлургия, машина куруу, химия, цемент, токой жана жыгач иштетүү. Аскердик багыттагы продукцияларды чыгаруунун мааниси зор. Таш көмүр казып алуу кыскарууда (1990-ж. 50 млн т, 2002-ж. 15 млн т); жылына 25—30 млн т күрөң көмүр казылып алынат. 2007-ж. 21,72 млрд кВт.с (1990-ж. 55,5 млрд) электр энергиясы өндүрүлгөн. Электр энергиясынын негизин ГЭС жана көмүр менен иштеген ЖЭС түзөт. ГЭС каскаддары Тэрёнган дарыясында (жалпы кубаттуулугу 750 миң кВт) жана Туманган дарыясынын куймаларында (482 миң кВт) курулган. Ири шаарларда жылуулук электр борборлору иштейт. КЭДРде электр энергиясы өтө таңкыс; тиричиликти энергия менен камсыз кылууда үзгүлтүктүүлүк мүнөздүү (Пхеньян шаарынан башкасында). Электр менен камсыз кылуу системасы жана тармагы өтө эскирген. Жаңы Кэсон — Мунсан электр өткөргүчү Корей Республикасынын энергия системасы менен туташтырылган. Деңиз порттору жана нефть куурлары аркылуу Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн, Кытайдан жана Корей Республикасынан нефть продуктулары импорттолот. Кара металлургиянын сырьёлук базасын 2 ири — Мусан жана Ыллюль темир кендери түзөт. Мусанда кен ачык жол менен казып алынып, 2 фабрикада ылганып, андан темир кен таштуу концентрат конвейер кууру (узундугу 98 км) аркылуу Чхонжин металлургиялык заводуна жеткирилет да, андан ары Кытайга жөнөтүлөт. Ыллюль кенинин кен ташы Сонимдеги металлургия заводуна жана Кансо шаарындагы болот куюучу заводго жеткирилет. Кара металлургиянын ири ишканалары Чхонжин, Кимчхэк, Сонним, Нампхо, феррокуйма заводу Пурён шаарында жайгашкан. КЭДРде түстүү металл кен таштары (цинк, коргошун, жез, никель, вольфрам, молибден) казылып алынат. Түстүү металлургиянын негизги борборлору: Нампхо, Мунчхон, Хэжу, Мунпхён, Танчхон. Машина куруу өнөр-жай негизинен куралдарды, аскердик техниканы жана ок-дары чыгарууга багытталган. Түрдүү артиллерия куралдарын (артиллерия жана зенит куралдары, миномёт, пулемёт, автомат ж. б.), ошондой эле танк, орто жана жакын аралыктагы ракета, аскер кемелерин, суу асты менен жүрүүчү кайык, аскер автомобилдерин ж. б. чыгарат. Ошондой эле тоо-кен жабдууларын, электроника буюмдарын, станок, жол куруу техникасын (экскаватор, кран, гидравлика жабдууларын), айыл-чарба техникасын (трактор, бульдозер, трактор тетиктерин), жыгач даярдоочу техника, тектиль жабдууларын чыгаруучу ишканалары бар. Транспорттук машина куруу өнөр-жайына электровоз, локомотив, темир жол вагондорун, кеме, автомобиль (жүк ташуучу автомобиль, автомобиль кураштыруучу — жеңил, пикап, жүк ташуучу чакан машина заводдору), троллейбус, автобус, велосипед чыгаруучу ишканалар кирет. Химия өнөр-жай синтездик була, минералдык жер семирткич (калий, азот фосфор), синтездик чайыр, каустикалык сода, боёк, этилен, полиэтилен, камыштан була, резина-техникалык продукциялары, автомобиль шинасы, фармацевтика буюмдары ж. б. продукцияларды чыгарат. Цемент (2002-ж. 4 млн т өндүрүлгөн), кыш, айнек, фарфор, карапа буюмдарын чыгаруучу ишканалар иштейт. Өлкөнүн түндүк бөлүгүнүн тоолуу аймактарында жылына 600 миң м3 жыгач даярдалат. Целлюлоза-кагаз өнөр-жай иштейт. Текстиль өнөр-жай жүн кездеме, тигүү жана трикотаж буюмдарын чыгарат. Бут кийим, азем белек даядоочу ишканалары бар. Тамак-аш өнөр-жайында күрүч актоо, ун, кант, балык, балык-консерва, шарап, пиво, тамеки даярдоо ишканалары иштейт. 21-кылымдын башталышынан өлкөнүн аймагынын 14% аянты иштетилет (1990-жылдары 20%). Пайдаланылуучу жердин негизги массивдери батыш жана чыгыш жээктериндеги түздүктөрдү ээлейт. Шор баскан жана кургакчыл жерлеринде ирригациялык иштер жүргүзүлгөн. 2000-жылдардын башталышында айдоо жердин 70%ке жакыны сугарылган. 1960—90-жылдары мамлекеттик жана кооперациялык ири чарбалар басымдуулук кылган. Минералдык жер семирткичтер көп чачылгандыктан (шалы палдарынын 97% аянтына жер семирткич пайдаланылган), топурак деградацияга дуушарланып, агын суу, көлдөр булганган. 1990-жылдардын ортосунан айыл-чарба техникасын пайдалануу жана жер семирткич чачуу кескин кыскарган; 21-кылымдын башында айыл-чарба иштери дээрлик кол менен жүргүзүлгөн. 2002-жылкы реформада коллективдүү чарбанын ордуна үй-бүлөлүк жана жеке чарбалар түзүлө баштаган. 1990-жылдардын ортосу — 2000-жылдардын башталышындагы табигый кырсыктар (кургакчылык, суу каптоо) азык-түлүктүн таңкыстыгына алып келди. КЭДРге Батыш Европа өлкөлөрү, АКШ, Корей Республикасы, Япония, Кытай азыктүлүктөн жардам бере баштады. Өсүмдүк айрыкча дан эгиндерин өстүрүү өнүккөн. Негизгинен күрүч (шалы талаасынын аянты 840 миң га; 2007), жүгөрү эгилет. Дыйканчылык негизги аймагы — батыштагы түздүктөрдө, анда шалы, жүгөрү, буудай, арпа, дан буурчак, соя, өлкөнүн түндүк бөлүгүндө сулу, кара буудай, таруу, ак жүгөрү, гаолян өстүрүлөт. Чыгыш жээктеринде техникалык өсүмдүктөр: пахта, кант кызылчасы, тамеки, күн карама, кунжут, рапс, түндүгүндө картөшкө, түштүгүндө батат өстүрүлөт. Капуста, помидор, бадыраң, сарымсак, ашкабак, түрп жылына 2—3 жолу түшүм берет. Батыштагы түздүктөрдө жана тоо этектеринде алма, алмурут, өрүк, шабдаалы, кайналы, алча өстүрүлөт. Жибекчилик бардык жерде өнүккөн; женьшень, дары чөптөр чогултулат. 2007-ж. 3,2 млн чочко, 2,7 млн эчки, 0,57 млн бодо мал, 0,17 млн кой, 21 млн үй кушу асыралган. Бодо малы негизинен айыл-чарбасында күч унаа катары пайдаланылат. Токой аянты 4,3 млн га, анын 3,7 млн гасы жетүүгө татаал жерлерде болгондуктан, жыгач даярдалбайт. Япон жана Сары деңиздерден балык (2007-ж. 268,7 миң т; минтай, иваси, сайда, сардина, сельд, тунец, макрель) кармалат. Сары деңизден креветка, кальмар, осьминог, устрица, краб, трепанга кармалат, деңиз балыры чогултулат. Көлмөлөрдө карп, канада форели өстүрүлөт.

Тейлөө сектору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КЭДРдин улуттук банкы — Кореянын «Чосон» Борбордук банкы (1946) акча каражаттары менен камсыз кылат, мамлекеттик бюжетти түзөт; бардык провинцияларда, шаарларда жана уезддерде жергиликтүү өкүлчүлүктөрү (227) иштейт. Соода банкы (1959) сырткы соода операцияларын тейлейт. Атайын банктар, соода-экономикалык («Расон») атайын экономикалык зона түзүлгөн. Туризм анча өнүккөн эмес; чет элдик туристтердин КЭДРге келишине чек коюлган. 2002-ж. 400 миңдей турист келген (негизинен Корей Республикасы, Кытай, Россия, Япониядан келгендер); туризмден түшкөн киреше 150 млн доллар чамасында.

Транспорту[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жүктүн жана жүргүнчүнүн негизги бөлүгү темир жол аркылуу ташылат. Темир жолунун узундугу 5,24 миң км (2006), анын 3,5 миң кми электрлештирилген (2000). Темир жол батышындагы түздүктөрдө жыш, түндүгүндө жана түштүк-чыгыш чет-жакасында салыштырмалуу сейрек. Ири темир жол түйүндөрү: Пхеньян, Чхонжин; ошондой эле Хамхын, Вонсан, Саривон, Нампхо, Синыйжу. Автомобиль жолунун узундугу 75,5 миң км. 1970—2000-жылдары ылдам жүрүү автомагистралдары (узундугу 653 км) курулган. Велосипед транспорту (анын ичинде 3 дөңгөлөктүү жүк велосипеди) өнүккөн. Деңиз транспорту сырткы соода жүктөрүнүн көбүн ташыйт. Ири порттору: Нампхо, Чхонжин, Хыннам, Нажин. Дарыя жолунун жалпы узундугу 2253 км. 77 аэропорту бар; башкы эл аралык аэропорту — Сунан. Пхеньянда метрополитен иштейт.

Сырткы соодасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экспортунун наркы 1466 млн, импортунуку 2979 млн доллар (2006). Экспортко антрацит, темир кен таш концентраты, болот, түстүү металлдар, алтын, цемент, жибек жана жибек буюмдары, деңиз продуктуларын чыгарып, сырттан нефть жана нефть продуктуларын, коксталуучу көмүр, жыгач, азык-түлүк (негизинен күрүч), машина куруу продуктуларын (анын ичинде электрондук буюмдар), минералдык жер семирткич алат. Ири соода шериктери: Кытай, Корей Республикасы, Россия.

Билим берүүсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1975-жылдан жалпыга милдеттүү 11 жылдык акысыз билим берүү киргизилип, ал бир жылдык мектепке чейинки, 10 жылдык мектепте (4 жылдык башталгыч, 6 жылдык орто) билим берүүнү камтыган. Кесиптик-техникалык билим берүү орто билим берүү менен айкалыштыра жүргүзүлөт. 15 жашка чейинки калктын сабаттуулугу 99%ти түзөт (2008). 1991-жылдан жогорку билим берүүнү реформалоо жүзөгө ашырылууда. 1995-ж. жогорку билимди реформалоонун долбоору ишке кирген. КЭДРде университеттер, мугалимдер жана техникалык институттары, адистештирилген коллеждер иштейт. Башкы илимий мекемелери, Жогорку окуу жайлары (ЖОЖ), китепканалары жана музейлери, анын ичинде Илимдер академиясы (1952), Ким Ир Сен атындагы университет (1946) Пхеньян шаарында жайгашкан.

Массалык-маалымат каражаттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күн сайын жалпы тиражы 5 млнго жакын 11 наамдагы гезит чыгат (2008): «Минчжу Чосон» (1946), «Нодом синмун» (1945), «Чосон инмингун» (1948), «Нодон чхоннен» (1948) ж. б., «Кыллоджа», «Чхоллима», «Чосон есуль», чет тилдерде чыгуучу «Корея», «Когеа Губау» ж. б. журналдары бар. Радиоуктурууну (1945-жылдан) КЭДР Борбордук жана Пхеньян радиостанциялары ишке ашырат. Телекөрсөтүүнү 1967-жылдан Борбордук жана 1971-жылдан Кэсон телекөрсөтүүсү жүргүзөт. Мамлекеттик маалымат агенттиги — Корея телеграф агенттиги негизделген.

Адабияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Корея 1948-ж. КЭДР түзүлүп, адабияты социализм, жаңы мамлекетти куруу идеяларын пропагандалаган (Сон Ён, Пак Се Ён). 1946-ж. Пхеньянда Түндүк Корея адабият жана искусство ишмерлеринин союзу негизделет. Анын негизги ишмерлери Түштүктөн Түндүккө саясий көз карашына байланыштуу өткөн адабиятчылар (Ли Ги Ён, Хан Со Ря ж. б.) болушкан. Алгачкы жылдары сов. жоокерлердин эрдигине арналган поэтикалык чыгармалар пайда болгон (Пак Пхар Ян, Чо Ки Чхон). Чо Ки Чхондун япондорго каршы партизандык кыймыл жөнүндөгү (1930-жылдар) «Пэктусан тоолору» (1947) эпикалык поэмасы жана көп ырлары интернационалдык духта жазылган. Корея согушу (1950—53) жана согуштан кийинки мезгилдеги адабият согуштун кесепеттерин көрсөтүүгө, чарбаны калыбына келтирүүгө арналган. Совет адабиятынын салтын жолдоп, КЭДР жазуучулары публицистикага жана очеркке кайрылышкан. Көбүнчө карапайым адамдардын фронттогу жана тылдагы эрдигин сүрөттөшкөн (Пён Хи Гын, Ли Тон Жун); ревялык күрөштүн жетекчиси катары Ким Ир Сенди даңктаган чыгармалар жаралган (Ли Хи Чхан ж. б.). Поэзияда публистикалык маанай кеңири өнүккөн (Пак А Жи, Ли Чон Гу, Ли Чон Суль). 20-кылымдын 2-жарымында партияны үгүттөө каражаты каралган адабиятта чучхе идеясы өнүккөн (Ли Пён Су, Ли Тон Жун, Пён Хи Гын). Корей Республикасындагы капитализм сынга алынган (Ом Хын Соп). Авторлор коллективи жараткан жана япон баскынчыларына каршы революциялык күрөштө жумушчу табынын ролун баяндаган «Гүл сатуучу аял», «Кандуу деңиз» романдары кеңири белгилүү.

Архитектурасы жана көркөм сүрөт искусствосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1950—53-жылдардагы Корея согушу бүткөндөн кийин архитектуранын өнүгүшү жапа чеккен шаарлар мн кыштактарды калыбына келтирүүгө багытталган. Согуш жылдарында көркөм искусстводо агитациялык формадагы сатиралык плакаттар жана баракчалар чыгарылган. Согуштан кийин кайрадан корей салтындагы тушь жана суу боёк живописи: пейзаж ,«гүл-чымчык» (сүрөтчүлөр Чха Де До, Ли Сок Хо), тарыхый жана турмуштук жанрлар (Ким Ён Чжун, Ли Пхан Чхан) жандана баштаган. Турмуштук жанрдагы чыгармалар, Май живописи техникасында иштеген сүрөтчүлөрдүн ошондой эле графика, скульптура жаатындагы чыгармалар социалисттик реализмге жакындашкан. Жасалма-колдонмо өнөрүндө карапа жана фарфор буюм жасоодо, жыгачка жана сөөккө оюу салууда, бамбук, буласынан буюм согууда байыртадан сакталган ыкмалар жаңы техникалык деңгээл менен айкалыштырылган.

Музыкасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекет түзүлүшүнүн алгачкы жылдарында музыкалык маданият элдик жана массалык ырлардан турган. Музыкалык театрда негизги жанр — чхангык (классикалык музыкалык драма) жана кагык (улуттук салт менен орус жана европалык театрдын тажрыйбасынын негизинде жаралган заманбап опера; композиторлор Ли Мён Сан, Хван Хак Хын). 1945-ж. Пхеньянда Чоң симфониялык оркестр (азыр мамлекеттик симфониялык оркестр) түзүлгөн. 1948-ж. Мамлекеттик көркөм театр ачылып, биринчи жолу Ли Мён Сандын «Чхунхян кыз жөнүндө баян» операсы коюлган. 1949-ж. Пхеньянда консерватория ачылган, 1953-ж. КЭДР композиторлор союзу түзүлгөн. 1950—53-жылдары Корея согушу убагында Моранбон тоосундагы жер астындагы залда Ю. С. Мейтустун «Жаш гвардия» (1952), Ли Гон Унун «Менин бийиктигим», Пак Тон Силдин «Флотчу» опералары коюлган. 1955-ж. Мамлекеттик көркөм театрдын жаңы имараты ачылып, КЭДРдин башкы музыкалык борбору болуп калды. Анда жаңы опералар, чхангык драмалары жана орус кпассикалык опералары коюлган. 1955-ж. Мамлекеттик филармония уюшулган, өлкөнүн музыкалык турмушунда Корей элдик армиясынын ыр-бий, Пхеньян «Мансуде» ыр-бий, Корея эл аспаптар ансамблдери зор роль ойногон. Пхеньянда салттык исквонун Апрель фестивалы өтүп турат. 1980-жылдарда батыш музыкасынын элементтери кире баштаган. 2008-ж. КЭДРдин тарыхында биринчи жолу АКШнын симфониялык коллективи Нью-Йорк филармониялык оркестринин концерти болгон.

Театры жана бий өнөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1947-ж. Пхеньянда Мамлекеттик ыкчам (кийинчерээк Мамлекеттик драма театр) жана анын алдында окуу жайы, 1948-ж. Пхеньян шаардык театры, Мамлекеттик куурчак театры, 1949-ж. Жаштар театры, Жумушчу театры ж. б. түзүлгөн. Театр коллективдери башка провинцияларда да пайда боло баштаган. 1950—53-жылдары Корея согушунун убагында аскер бөлүктөрүнө бригадалар оюн көрсөтүшкөн. Согуштан кийин Пхеньянда «Моранбон» театры курулган, 1960-ж. Чоң театр ачылган. 1946-ж. Пхеньянда бий студиясы, 1952-ж. Цой Сын Хинин жетекчилиги менен Мамлекеттик балет студиясы түзүлгөн. 1949-ж. тарыхый темадагы Чхве Ок Саманын «Паняволь чебинин баяны» балети жаралган. 1948-ж. Пхеньянда Мамлекеттик көркөм театр уюшулуп, анда корей композиторлорунун балеттери коюлган (Хван Хак Кын, Ким Ен Гю, Им Гын Мён). Провинцияларда улуттук жана европалык салттарды бириктирген туруктуу музыкалык-хореографиялык коллективдер түзүлгөн. Пхеньянда музыкалык жана драма театрлары иштейт: «Мансудэ» көркөм театры, Чыгыш-пхеньян Чоң театры, «Чхолима» мамлекеттик драма театры, «Понхва» мамлекеттик көркөм театры ж. б. Театр жана бий искусствосуна Ким Ван У, Ю Ын Ген, Ван Сен Хва, Цой Ен Ай, Тен Дек Вон, Ким Дях Ын, У Голь Сон ж. б. зор салым кошушкан.

Киносу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1947-ж. Пхеньянда киностудия түзүлгөн (1948-ж. мамлекеттик; 1958-ж. Көркөм жана даректүү фильмдердин корей киностудиясы). КЭДРде тартылган биринчи толук метраждуу фильм «Менин Мекеним» (1949). 1950—60-жылдарда кино искусствонун негизги жанры тарыхый-революциялык фильмдер болгон. 1959-ж. КЭДРдеги биринчи экрандаштыруу жүзөгө ашырылган («Чхунхян жөнүндө баян», режиссор Юн Ен Гю). 1970—80-жылдары Ким Ир Сендин чыгармалары экрандаштырылган («Гүл салгыч», режиссор Чхве Ик Кю жана Пак Хак), дидактикалык комедиялар, көп сериялуу киноэпопеялар («Белгисиз баатырлар», режиссор Ю Хо Сон жана Чхве Нам Сон) бөлүнүп калган үй-бүлөлөрдүн азаптарын көрсөткөн фильмдер тартылган. 1980-жылдарда аскердик өнөрдүн элементтери колдонулган («Хон Гиль Дон», режиссор Ким Гиль Ын, 1986), спорт жөнүндөгү фильмдер чыгарылган. Түндүк кореялык кинематографиянын өнүгүшүнө түштүк кореялык режиссор Син Сан Ок зор салым кошкон. («О, менин сүйүүм», 1985; «Туз», 1985, Москва ЭКФтин сыйлыгы;) КЭДРде биринчи фантастикалык жомок («Пульгасар» фильми, 1985). 1990-жылдары 56 сериялуу «Улут жана тагдыр» киноэпопеясын тартуу жүзөгө ашырылган. 1990—2000-жылдары «Стадиондун жашыл талаасында» (2001, режиссор Рим Чхан Бом), «Мектеп окуучусунун күндөлүгү», (2006, режиссор Чан Ин Хак) анимациялык «Император айым Чун» (200б) ж. б. фильмдери чыккан.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КЭДРдин азыркы Башкы мыйзамы (конституция) 1972-жылдын Бештин айынын 27 кабыл алынган, унитардык мамлекет. Конституциясы 1972-ж. 27-декабрда кабыл алынган. Башкаруу формасы — социалисттик республика. Мамлекеттик бийликтин жогорку органы — бир палаталуу Жогорку элдик чогулуш (ЖЭЧ), 5 жылга шайланат. ЖЭЧ Коргоо комитетинин төрагасын жана анын орун басарларын дайындайт же кызматтан алат; мамлекеттик бюджетти жана эл чарбасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик планын бекитет; эл аралык келишимдерди ратификациялайт жана денонсациялайт; мыйзамдарды кабыл алат; конституциянын аткарылышын көзөмөлдөйт ж. б. ЖЭЧти анын президиуму жетектейт. Президиумдун төрагасы ички жана тышкы саясатта мамлекеттин кызыкчылыгын коргойт; дипломатиялык өкүлдөр менен элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алат жана тапшырат ж. б.; КЭДРдин Мамлекеттик коргоо комитети мамлекеттик бийликтин жогорку аскер жетекчиси жана мамлекеттик коргоо башкармалыгынын органы болуп эсептелип, аны төрага жетектейт. Мамлекеттик бийликтин жогорку административдик-аткаруучу органы — өкмөт. Кабинет төрага, төраганын орун басарлары, министрлерден турат. ЖЭЧке жооптуу. Негизги партиясы: Корея эмгек партиясы (КЭП). 1992-жылдын Чын куран айынын 9 жана 1998-жылдын Аяк оонанын айынын 5 ага өзгөртүүлөр киргизилген. Баш мыйзамдын 1-беренеси КЭДРди бүткүл корей калкынын кызыкчылыгын коргогон, эгемен социалистик мамлекет катары аныктайт. КЭДРдин Баш мыйзамына таянганда мамлекеттеги бийлик эмгектегендер, дыйкандар, эмгек интелегенция жана жалпыча эмгектенген эл-журтта.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]