Сооронбай Жээнбеков

Википедия дан
Жээнбеков Сооронбай Шарипович
Жээнбеков Сооронбай Шарипович
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын 5-чи Президенти
желек
желек
24-ноябрь 2017-жыл — 15-октябрь 2020 жыл
Өкмөт башчысы: Сапар Исаков (2017—2018)
Мухаммедкалый Абылгазиев (2018—2020)
Кубатбек Боронов (июнь 2020 - октябрь 2020)
Садыр Жапаров (10-октябрь 2020)
Андан мурунку: Алмазбек Атамбаев
Андан кийинки:   Садыр Жапаров (м. а)
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын 21-чи премьер-министри
желек
желек
13-апрель 2016-жыл — 22-август 2017-жыл
Президент: Алмазбек Атамбаев
Андан мурунку: Темир Сариев
Андан кийинки: Мухамметкалый Абулгазиев (м. а.)   Сапар Исаков
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым өкүлү
желек
желек
16-август 2012 — 11-декабрь 2015
Өкмөт башчысы: Өмүрбек Бабанов
Жантөрө Сатыбалдиев
Жоомарт Оторбаев
Президент: Алмазбек Атамбаев
Андан мурунку: Айтмамат Кадырбаев
Андан кийинки: Таалайбек Сарыбашев
 
Дини: ислам
Туулган жери: Кара-Кулжа айылы, Кара-Кулжа району, Ош облусу, Кыргыз ССРи
Билими: Кыргыз айыл-чарба институту
Кесиби: зооинженер, экономист
 
Сайты: president.kg
 
Сыйлыктары:

Жээнбеков Сооронбай Шарипович (16-ноябрь, 1958, Кара-Кулжа айылы, Кара-Кулжа району, Ош облусу, Кыргыз ССР) — кыргызстандык мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Президенти (2017-2020), Кыргыз Республикасынын премьер-министри (2016-2017), Жогорку Кеңештин I, II, III, IV чакрылыштарынын депутаты (1995-2007), мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.

Өмүр баяны

1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылында туулган.

Билими:

К.П. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн, адистиги – зооинженер, экономист.

Эмгек жолу:

  • 1976-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Ленин атындагы орто мектепте мугалим
  • 1977-жылдын июнь айынан 1983-жылдын ноябрь айына чейин – К.П. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда студент
  • 1983-жылдын ноябрынан 1988-жылдын ноябрь айына чейин – Ош облусунун Совет районундагы “Совет” совхозунда башкы зоотехник
  • 1988-жылдын ноябрынан 1989-жылдын август айына чейин – Ош облусунун Совет районундагы Кыргызстан Компартиясынын Совет райкомунун инструктору
  • 1989-жылдын августунан 1993-жылдын сентябрына чейин – Ош облусунун Ульянов атындагы совхоздун партиялык комитетинин катчысы, директору
  • 1993-жылдын сентябрынан 1995-жылдын май айына чейин – Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол колхозунун башкармасы, башкармалык төрагасы
  • 1995-жылдын май айынан 2000-жылдын апрель айына чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл өкүлдөр жыйынынын агрардык саясат комитетинин төрагасынын орун басары, төрагасы
  • 2000-жылдын апрель айынан 2005-жылдын мартына чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасынын орун басары
  • 2005-жылдын март айынан 2006-жылдын декабрь айына чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агроөнөржай комплекси жана экология боюнча комитети, депутат, төрага
  • 2006-жылдын декабрь айынан 2007-жылдын май айына чейин — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат боюнча комитети, төрагасы
  • 2007-жылдын май айынан декабрына чейин – Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри
  • 2008-жылдын январь айынан 2010-жылдын апрель айына чейин – жеке ишкер
  • 2010-жылдын апрель айынан 2012-жылдын август айына чейин – Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернаторунун милдетин аткаруучу
  • 2012-жылдын август айынан 2015-жылдын декабрь айына чейин – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
  • 2015-жылдын декабрь айынан 2016-жылдын март айына чейин – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору
  • 2016-жылдын 23-мартынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары
  • 2016-жылдын апрель айынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
  • 2017-жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын Президенттигине шайлоого катышуу тууралуу чечим кабыл алып, отставкага кетүү тууралуу арыз берген.
  • 2017-жылдын 15-октябрында өткөн шайлоодо шайлоочулардын 54,22% добушуна ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган.
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына 2017-жылдын 24-ноябрында киришти.

Сыйлыктары

Эскертүүлөр

Булагы