«Баатырлар» жана «көпчүлүк» теориялары

Википедия дан

«Баатырлар» жана «көпчүлүк» теориялары. Саясат таануу жана саясий психологияда лидер жана топтун, инсан жана массанын «баатыр жана көпчүлүктөн» мамилеси, катнашы негизги маселелердин бири. ХХ к. бул маселенин актуалдуулугу эл массасынын активдүүлүгүнүн өсүшү жөнүндө аналитиктердин алдын-ала айтканына карабастан, миллиондордун тагдырына таасирин тийгизген согуштар, революциялар, кризистер көбөйүп кетти. Саясат таанууда, теоретиктер «Баатырды» же «Көпчүлүктө» социалдык турмуштан чыгарып таштоого мүмкүн болгон, айрымдар структуралык багытка салууга мүмкүн болгон кубулуш катары карашат. Буга жараша, «баатырлар» түшүнүгү эки түрдүү каралган. Биринчилер үчүн «баатырлар» көпчүлүктүн начар эмоционалдык сапаттарынын көрсөткүчү, экинчилер үчүн – саясий-практикалык аракеттердин уюштуруучусу. 1895-ж. чыккан Г. Лебондун «Көпчүлүктүн психологиясы» эмгегинде «көпчүлүккө кошулган адам интенсивдүү иштейт» – дейт. Көпчүлүккө ананимдүүлүк – жоопкерсиздик жана тез кабыл алуучулук тиешелүү. Демек, Г. Лебон массанын активдүүлүгүн, мүмкүнчүлүгүн, чоңдугун толук баалаган эмес. Ал «Жылып жүрүүчү көпчүлүк» массалык басма сөз каражаттарын коркунучтуу деп эсептебейт. Г. Лебонго таянган бүгүнкү айрым теоретиктер «көпчүлүктүн» төрт тибин көрсөткөн: 1) оппозициялык (кокустан чогулгандар); 2) конвенциалдык (белгилүү себеп менен чогулгандар); 3) экспрессивдүү (эмоциялык абалга таянган, кубанган же тескерисинче); 4) аракеттеги (агрессивдүү, кыйкырык-чуу менен). В. И. Ленин «Эмне кылуу керек?» эмгегинде, «массанын стихиялуу аң-сезимин уюшулган деңгээлге жеткирсе болот» – деген. Г. Тарддын «Коомдук пикир жана көпчүлүк» деген классикалык эмгегинде «көпчүлүктүн» индивиддердин өз-ара байланышынын мүнөзүн «тууроо механизми» катары ачат. Г. В. Плеханов муну сындап, ошол механизмге каршы турган социал-психологиялык, саясий мүнөздөгү фактыларды коет. Ушул «Б». жана «К». феноменин изилдөөдө Фрейд жана Юнг «коллективдүү аң-сезимдүүлүктү» ачып, «көпчүлүк» менен «баатырлар» маселеси гипноздук мүнөзгө ээ дешет. Саясат таануу, психология, социалдык психологияда «Баатырды» же «Көпчүлүк» боюнча изилдөөлөр али бүтө элек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9