Гипноз

Википедия дан
Гипноз сеансы учурунда Рихарда Бергдин сүрөтү.

Гипноз (грек. gypnos – уйку) – адам жана жогорку баскычтагы жаныбарлардын уйку өңдөнгөн өзгөчө абалы.

Гипноз байыртан эле белгилүү. 19-кылымдын аягында орус илимпоздору В. М. Бехтерев, О. О. Мочутковский, франциялык Н. Бергейм, анг. Ж. Брейд ж. б. Гипноздун дарылык касиетин жана ишендирүү психотерапиянын бир методу экенин сыпаттап жазышкан. И. П. Павлов Гипноздун негизин мээнин чоң жарым шарындагы тормоздоо процесси түзөрүн аныктаган.

Гипноздо ишендирүүдөн улам уктагандыктан, ал уйку адаттагы уйкудан бир аз өзгөчө болуп үч стадияга бөлүнөт:

# биринчи- адамдын тынч алышы,
# экинчи –уйку келүү,
# үчүнчү-гипноздук толук уйку.

Гипноз убагындагы уйку дарылоочу фактор катары өзүнчө же терапиялык дарылоо менен бирге колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]