«Манас» эпосундагы прототиптер

Википедия дан

«Манас» эпосундагы прототиптер (грекче prototypon — прообраз, үлгү) — көркөм образды жаратууга негиз болгон реалдуу тарыхый инсан. Эпикалык каарман менен П-тин байланышы, өз ара катнашы көп кырдуу жана ар кыл, көп баскычтуу. Тарыхый инсандан каарманга айлануу эпостордо өтө сейрек учурайт, тескерисинче, мурда жаралган каармандын образынын П-ке жакындашуусу, ага көздөй жылуусу мүнөздүү көрүнүштөрдөн. Түпкү башаты мифология менен байланышкан эпикалык чыгармачылык акырындап турмуш чындыгына реалдуу тарыхый мамиле жасай баштайт. Натыйжада, эпикалык көркөм ойдун чегинде мурда эле жаралган образ ыңтайына жараша реалдуу тарыхый инсандын айрым сапаттарын, белгилерин, ал катышкан тарыхый окуяларды өзүнө сиңирет, анын тарыхый ысмын, айрым атрибуттарын өзүнө «энчилеп» алат. Эпикалык каарман реалдуу тарыхка жакындаштырылат, тарыхый инсанга окшоштурулат. Типтүү мисал катары Төштүктү көрсөтсө болот. Ал бир катар түрк элдеринин баатырдык жомогунун (айрымдарында жөө жомоктун) каарманы, анын теги белгилүү тарыхый эл, чөлкөм менен байланыштырылбайт. Ал эми кыргыздын тарыхый-баатырдык эпосу «Манаста» анын образы реалдуу тарыхый түскө ээ боло баштаган. Анын эли кыргыздын кыпчак уруусу, жердеген жери Кашкар менен Алайдын арасы делип, өзү Манаска баш ийген белгилүү жети кандын бири катары, реалдуу жашап өткөн П-и бар каармандар (аты тарыхта белгилүү инсандар Жамгырчы, Көкчө жана башкалар) менен катар эскерилет. Айрым учурда мурдатан калыптанып келе жаткан эпикалык каармандын образы реалдуу тарыхый инсандын атын гана П. кылып алып, мындан тышкары аны менен эч бир байланышы болбошу мүмкүн. Мисалы, бир катар изилдөөлөр Каныкейдин ысымын Алтын Ордонун каны Токтомуштун кызынын аты менен байланыштырышат. Эпос менен тарыхый фактыларды салыштыра келгенде Каныкейдин образынын аталган инсан менен ысмынан башка эч байланышы жок экени ачык болот. Б. а. Каныкейдин образы дүйнөлүк эпостордо кеңири жолугуучу салттык образ, баатырдын сүйүктүү жары, анын негизги камкор жардамчысы катары тарыхый адам — Токтомуш кандын кызына чейин эле «Манас» эпосунан орун алып келген. Бул жерде мурдатан калыптанган эпикалык каармандын аты өз мезгилинде кеңири белгилүү болгон тарыхый адамдын ысымы менен гана алмаштырылган. Өз учурунда өтө белгилүү болгон тарыхый инсандын атын гана пайдаланып, чыгарманын идеялык-көркөмдүк багытына ылайык жаңы образ түзүү эпикалык чыгармачылыкка мүнөздүү көрүнүштөрдөн. Мындай учурда П. болгон инсандын реалдуу тарыхта аткарган иштери менен эпостогу ролунун ортосунда чоң ажырым болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ногой Ордосунун белгилүү инсандары Ногой, Жамгырчы, Агыш (15—16-кылым) жөнүндөгү уламыштар казак элинин эпикалык салттарына негиз болуп, кыргыз эпопеясынын өнүгүү процессине ылайык кейипкердик роль аткаргандыгын, бул учурдагы тарыхый жана эпикалык ысымдар эпостун негизги идеясы болгон тышкы душмандарга бирдикте күрөшүү тенденциясына ылайык биригүү идеясын конкреттештирүү максатына карата пайдаланылганын белгилеп, «Манас» изилдөөчү Э. Абдылдаев эпостогу аталган образдардын тарыхый маалыматтардагы фактылар менен да, казактын эпикалык салттык образдары менен да эч кандай жалпылыгы жок экенин көрсөтөт («Манас» эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптары. 160-б.). Дүйнөлүк эпикалык чыгармаларды изилдөөлөр ишенимдүү далилдегендей циклдешүүгө ээ монументалдуу тарыхый баатырдык эпостордун эпикалык борбору болгон эпикалык монархтардын дээрлик бардыгынын П-и бар. Тарыхый инсандар Гильгамеш (биздин заманга чейин 2800—2760-жылдарда Урук шаарынын жреци жана падышасы) байыркы аккаддардын эпосунда, Этцил (тарыхый Аттила 5-кылымдагы гунндардын падышасы) немецтердин «Нибелунгдар жөнүндөгү ырында», Улуу Карл (8—9-кылымдагы француз императору) француздардын бретон циклиндеги эпосунда, Владимир (10-кылымдагы Киев мамлекетинин улуу князы) орустардын Киев циклиндеги былиналарында, Гесер (Тибеттеги Лин мамлекетинин өкүмдары, 11-кылым) тибет-моңгол элдеринин эпосунда эпикалык монарх болуп саналышат. Эпостордун бардык каармандары ушул монархтардын айланасында баш кошуп, эпикалык негизги окуялар ошол монархтардын айланасында өтөт. Эпикалык мындай циклдешүүнүн пайда болушун окумуштуулар уруулардын биригишип, өздөрүнүн алгачкы мамлекетин түзө башташы менен байланыштырышат. Анткени, ар кандай көркөм чыгармалардай эле элдик эпикалык чыгармалар да өз доорунун идеологиясы менен түз карым-катнашта өсүп-өнүгөт. Башта өз алдынча турган уруулар борбордошкон бир мамлекетке биригүү идеясын жактап чыгышына ылайык «бул баскычта өзүнчө бөлөк поэмалардын ар башка көп сандаган каармандарынын ордуна бардык сюжеттер менен салттык кейипкерлерди өзүнүн айланасына акырындап бириктире баштаган бир гана башкы образ бөлүнүп чыгат. Бул каарман реалдуу канга же мамлекеттик биригүүнүн өкүмдарына туура келет да калган көмөкчү кейипкерлер феодалдык системага ылайык анын тегерегине жайгаштырылат» (Окладников А. П. История Якутии. Якутск, 1949, 1-т., 296-б.). Окумуштуулардын басымдуу көпчүлүгү «Манас» эпосунун эпикалык борборун түзүүгө шарт түзгөн мындай тарыхый доор катары кыргыздардын 6—12-кылымдагы ЭнеСай боюндагы мамлекетин эсептешет (айрыкча, В. В. Бартольд 9—10-кылымдагы мезгилин «кыргыздардын улуу державасы» атаган). А. Н. Бернштам менен М. О. Ауэзов эпостун борбордук негизги эпизоддорунун бири Чоң казатты кыргыздардын 840-жылдардагы уйгурлардын үстүнөн болгон жеңишинин чагылдырылышы катары карашкан. Ошону менен бирге бул тарыхый окуяда башкы ролду ойногон кыргыз каганы Манасты н, кыргыздарга өтүп келген уйгур кол башчысы Күлү Баганы Алмамбеттин П-и деп эсептешкен. Бул божомолдор кийинки изилдөөчүлөр тарабынан сын көз менен каралган. Айрыкча, Сужи өрөөнүнөн табылган ташка жазылган жазуудагы «Яглакарканата» деген сөздү Манастын П-и болгон инсандын аты катары талкуулаган Бернштамдын көз карашы негизсиз экенин түрколог С. Е. Малов лингвистикалык жактан туура белгилеген. Кийинки тарыхый изилдөөлөр көрсөткөндөй Яглакар уйгур кагандыгынын бийлик башында турган сулалесинин уруулук аталышы болгон. Малов Бернштамдын «Манас» эпосунун тарыхый уюткусу 9-кылымда түзүлгөн деген негизги концепциясын четке каккан эмес. В. М. Жирмунский эпостун П-тери ждөгү көз караштарында Ауэзов менен Бернштам «тарыхый мектептин» өкүлдөрүнүн жаңылыш көз караштарына ыкташып кеткендиктерин сындап келип, өзү алардын негизги концепциясына кыйыр түрдө кошулган: «Кытайлар, уйгурлар жана башкалар коңшу түрк уруулары менен тынымсыз согуштук кагылышуулар коштогон 9 — 10-кылымда кыргыз урууларынын мамлекеттик биригүүсүнүн алгачкы гүлдөөсү жана баатырдык жогорулоосу эпикалык ырларда чагылдырылып, ал көп кырдуу кайрадан курулуу түрүндө «поэзиянын мухити» кыргыз эпопеясына кирген деп болжоого бардык негиз бар» (В. М. Жирмунский. Тюркский героический эпос, 71-б.). Е. М. Мелетинский жана башкалар белгилүү окумуштуулар да эң соңку эмгектеринде ушуга жакын пикирлерин айтышкан. Ырасында эле кыргыздардын 9—10-кылымдагы улуу державалык деңгээлге жеткен кези «Манас» эпосунун эпикалык борбору катары чагылдырылган деп айтууга толук негиз бар. Элдин саясий жактан биригишине аң-сезими ойгонгон кезде түзүлгөн алгачкы мамлекеттин тарыхый мааниси чоң. Ал баарыдан мурда элди сырттан басып кирүүчү душманга каршы турууга жөндөмдүү кылат, ошону менен эле бирге элдин тынч эмгектенип, бакыбат жашашына, маданий, материалдык байлыктарынын дүркүрөп өсүшүнө шарт түзөт. Демек, мындай мамлекеттин бирдигин сактоо, коргоо жалпы элдин кызыкчылыгын коргоо болуп саналган да, анын түзүлүшүндө тарыхый көрүнүктүү роль ойногон инсандарды элдин даңазалашы, айрыкча баатырдык доордун көркөм туундусу тарыхый баатырдык эпосторунда чагылдырылышы мыйзам ченемдүү болгон. Ушуга ылайык 840-жылдары уйгурлардын үстүнөн ири жеңишке жетишип, кыргыздарды Борбор Азиядагы бирден бир башкы саясий күч — улуу державалык даражага жеткирген инсан «Манас» эпосунун башкы каарманынын П-и болгон деп айтууга толук негиз бар. Анын өз аты тарыхый булактарда сакталып калбаган. Бирок, айрым кыйыр маалыматтарга караганда анын аты Манас болгон. 843-ж. Тан империясы аны кыргыздардын каны деп таанып, ага өздөрүнүн салты боюнча «Цзунин-сюн-у-чэнмин хан» деген титул тартуулаган. Чындыгында бул Тан императорунун ойлоп тапканы эмес, кыргыз башчысынын өз элинде колдонулган атынын кытайча котормосу экенин анын мазмуну «Манас» деген сөздүн түпкү мааниси менен шайкеш келиши көрсөтүп турат (бул сөздү кыргыздар инди-европа тилдеринин биринен алып өз каганына титул ат катары колдонушкан, к. Манас). Аталган титул кытайчадан төмөнкүчө которулат; «Цзун-ин» — элдин сыймыгы, «сину» — эр жүрөк, баатыр, «чэн» — ак пейил, айкөл, «мин” — даанышман, «хан» — кан, башкача айтканда элдин сыймыгы, баатыр, айкөл, даанышман кан. «Манас» эпосунун борбордук башкы каарманынын П-и катары аталган инсан гана кызмат кылган деген жыйынтык да бир жактуулук кылат. Фольклористика илиминде П-тин төмөнкү чеги жана жогорку чеги деген түшүнүк бар. Элдик оозеки чыгармачылыктын өсүп-өнүгүү салтына ылайык ар кандай эпикалык чыгарма абалкы абалында өзгөрүүсүз калбайт. Ал жаңы мазмун, идеялар менен байыйт, ар андай жаңы толуктоолорго ээ болот. Ушуга ылайык көркөм чыгарманын алгачкы П-ине типтеш же ага аты уйкаш кийинки көрүнүктүү инсандардын тарыхый мааниси бар иш-аракеттери катмарланып кошулат. Натыйжада бир эле образдан П. катары тарыхый бир нече инсандын издерин табууга болот. Муну орус фольклорчулары басма булактарга таянып, Киев циклиндеги былиналардын каарманы эпикалык монарх Владимирдин мисалында далилдешкен. Анын образынын калыптанышына Киев мамлекетинин улуу князы Владимир Святославичтен тартып, Москва борбору болгон орус мамлекети түзүлгөнгө чейинки (10—15-кылым) орус княздары жана кырктан ашуун Владимир аттуу көрүнүктүү тарыхый инсандар кызмат кылган. Мындай процесс Манастын образынын калыптанышында да жүргөнү шексиз (бул жерде Манас кара кытайлардын доорунан кечеки күндөргө чейинки тарыхый окуяларды чагылдырган чыгарманын башкы каарманы экенин эстен чыгарбоо керек). Анын образына кыргыздын көптөгөн алдыңкы инсандары П. катары кызмат өтөгөнү шексиз. Ошондой эле Манас аттуу көрүнүктүү инсандар жөнүндөгү аңыз сөздөр же дастандар да кошулган болуу керек. Буга «Манас» эпосунун текстинде Жакыптын жаш уулу Манастан башка дагы Карадөңдүн карт Манас, Чоң Эшендин Жар Манас, Самарканддык сарт Манас жана башкалар делип Манас деген ысымдын ар түрдүүчө айтылышы кепил боло алат. Мындан башка да казак элинде Карабас уулу Манас, Карамандын Манасы жөнүндө да санжыра-уламыштар бар. Булар да кайсы бир деңгээлде Манастын образынын кеңейтилишине, кайсы бир тарыхый деталдарды өзүнө камтышына шарт түзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-035-5