АНЗЮС

Википедия дан
АНЗЮСтун картасы

АНЗЮС – 1951-жылы Тынч океан Пактына кол коюунун негизинде түзүлгөн. Австралия, Жаңы Зеландия жана АКШнын согуштук-саясий блогу. АНЗЮСтун жетекчи органы – тышкы иштер министрлеринин же орун басарларынын составынан турган Кеңеш, сессиясы жыл сайын чакырылат. Аскер комитети жана согуштук кеңешчилердин тобу. Өз учурунда Япониядан коргонуу максатында түзүлгөн. Келишимге ылайык блоктун бир мүчөсүнө куралдуу кол салуу анын калган мүчөлөрүнө да кол салуу менен барабар. Ушундан улам Австралия менен Жаңы Зеландия америкалыктардын Вьетнамдагы, Афганстандагы жана Кампучиядагы согуш аракеттеринде АКШ тарабында болушкан. 1986-ж. Жаңы Зеландия өзүнүн АНЗЮСтагы мүчөлүгүн токтоткон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9