Абдирайым Абдрахман уулу

Википедия дан

Абдирайым Абдырахман уулу - Лейлек районунун Гордой айылында туулган. 16 жашка чейин Тажикстандын Ходжент, Өрө-Төбө медреселеринде окуп, куранды жатка билген.
Өз алдына ак максат коюуп, Меккеге жол тартып баратып Ооганстанда 13 жыл жашап калат.
29-30 жаш курагында Меккеге барып “Ажы” болуп ошол жерде туруп калат.
Сауд Аравиясында 37 жыл жоокерлердин кийимин бычып-тигүү фабрикасында бычмачы болуп эмгектенет.
Ошентип иштеп жүрүп эс алууга чыгат.
1992-жылы 29-августтан 1-сентиябырга чейин өткөн Бишкектеги Бүткүл Дүйнөлүк кыргыздардын 1-курултайына кызы Жамила менен катышат.
1981-жылы Түркиядагы Памирден көчүп барган кыргыздардын ханы Рахманкул менен жолугуп, кеңири ой-пикир алышат.
Абдырайым ажы 28 жолу Меккедеги Арафат тоосуна чыгып, ошончо жолу “Ажылык” атты алат.
Ошол 28 жоло ажылыгын кыргыз элине, бир боорлоруна арнаган.
1991-жылы июнь-июль айларында өзүнүн туулуп-өскөн Гордой ацылына келет.
Жарым кылым чет жактарда жүргонү менен өзүнүн тилин унутпаган.Өз каражатынын эсебинин туулган Гордой айылына соопчулук үчүн чоң мечит салдырат.
1992-жылы мечиттин ачылышын экинчи жолу кызы Жамила менен келет.
Кемпири араб кызы 1988-жылы көз жумат. Абдырахман, Мухаммет, Мариям, Жамила, Айниса атуул уул-кыздары бар.
Эки уулу жогорку билимдүү. Балдары Мекке шаарында иштейт. Абдырайым ажы Меккеге жакын жердеги Тайыф шаарында жашайт.
Мекке жана Тайыф шаарларынын ардактуу жараны.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мадаминов Г. "Лейлек тарыхы" Бишкек, 2004-жыл.