Абдрашит Бердибаев

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Абдрашит Бердибаев
(1916-1980)
А.Бердибаевдин чыгармачылык өмүр жолу өзгөчө бөлүп айтууга татыктуу. Анткени анын ысмы эл арасына, акын гана эмес, ырчы- обончу, комузчу, аткаруучу катарында кеңири белгилүү. Ошондой эле алты айында азиз болуп, эки чырактан ажыраса да, адамдык бийик сапатты сактап калгандыгы, табигаттын кыйынчылыгын, тагдырдын оор сыноосун жеңе билген эрктүүлүгү, сезимтал көкүрөк тунуктуулугу адамды суктандырбай койбойт. Абдрашиттин мындай тагдыр түйшүгүнөн алаксытып, келечекке карата ишенимин арттырган да анын ыр күүгө табигый шыктуулугу, талант кудурети болсо керек.
Анын “Малтабар” деген ырында мындайча айтат:
Үйрөнүп үч кылга өттүм бара-бара,
Өз ара ырдатышты катын- бала.
Ышкылуу ынак достор силерге айтам,
Дартыма болгонун көр ырдан даба.
Башка акындар сыяктуу эле, бөтөнчө өзүнүн тагдырына байланыштуу Абдрашиттин ыр- күүгө далалаттануусу эрте башталат. Өзүнүн чыгармачылык өмүрүнүн алгачкы жылдары жөнүндө ал мындай дейт: “ Кичинемде өтө баамчыл экенмин. Мейли адамдардын аттары, жер- суу, малдардын аттары кулагыма чалынса, унутчу эмесмин. Кандай адам болсо да, бир уккан адамымдын үнүн көңүлүмө сактап, экинчи жолукканда жаземдебей таанычумун. Кулагыма илинген ыр –обондорду дароо үйрөнчүмүн. 11-12 жашымда эки кыл домбура үйрөнүп, ар кайсынын башын чала моңол ырдай койчу болдум.” Айтор ал бала кезинде оюн –зооктордо, жыйындарда жаттап алган ырларын комуз менен коштоп аткарып жүрөт, сөзмөр карыялардын акындар, куудулдар, комузчулар жөнүндөгү маанилүү сөздөрүн, уламыш, легенда, болуп айтылган аңыздарын ынтаа коюп тыңшайт, аларга жолугуп, таалим, таасир, сабак алсам деп, ак эткенден так этет.
Акындын өз устаттары жана кесиптештерин урматтосу сүйүүсү “Устатыма”, “Өнөр өлбөйт”, “Алымкул менен жолугушуу”, “Кара молдону эскерүү”, “Заманымдын гомери”, “Ысмайыл Борончиевдин 60 жылдыгына “, “Портретин көрбөдүм” аттуу ырлары жарыкка чыккан.