Бердибаев Абдырашит
Абдырашит Бердибаев (1916–1980) — акын, обончу.
Абдырашит Бердибаев 1916-жылы Ак-суу өрөөнүндөгү (азыркы Москва району) Мал-Табар кыштагында туулган. Алты айлык бала кезинде эки көзүнөн, кийинчерээк ата-энесинен ажырап, Сары-Кунан деген ырчыны ээрчип жүрүп таалим алат. 1935-жылдардан баштап эл арасында ырдай баштайт.
1938-жылы «Фрунзе» деген ыры биринчи жолу «Кызыл Кыргызстан» гезитинде жарыяланат.
1942-жылы Осмонкул Бөлөбалаев менен жолугушуп 1944–1953-жж. филармонияда солист болгон.
1949-жылы А.Бердибаевдин биринчи ырлар жыйнагы,
1958-жылы орусча ырлар жыйнагы чыгат.
А.Бердибаев 1948-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.
1974-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам берилген.
Адабият менен искусствого сиңирген эмгеги үчүн А.Бердибаев «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», «1941–1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]А.Бердибаевдин чыгармачылык өмүр жолу өзгөчө бөлүп айтууга татыктуу. Анткени анын ысмы эл арасына, акын гана эмес, ырчы- обончу, комузчу, аткаруучу катарында кеңири белгилүү. Ошондой эле алты айында азиз болуп, эки чырактан ажыраса да, адамдык бийик сапатты сактап калгандыгы, табигаттын кыйынчылыгын, тагдырдын оор сыноосун жеңе билген эрктүүлүгү, сезимтал көкүрөк тунуктуулугу адамды суктандырбай койбойт. Абдрашиттин мындай тагдыр түйшүгүнөн алаксытып, келечекке карата ишенимин арттырган да анын ыр күүгө табигый шыктуулугу, талант кудурети болсо керек.
Анын “Малтабар” деген ырында мындайча айтат:
Үйрөнүп үч кылга өттүм бара-бара,
Өз ара ырдатышты катын- бала.
Ышкылуу ынак достор силерге айтам,
Дартыма болгонун көр ырдан даба.
Башка акындар сыяктуу эле, бөтөнчө өзүнүн тагдырына байланыштуу Абдрашиттин ыр- күүгө далалаттануусу эрте башталат. Өзүнүн чыгармачылык өмүрүнүн алгачкы жылдары жөнүндө ал мындай дейт: “ Кичинемде өтө баамчыл экенмин. Мейли адамдардын аттары, жер- суу, малдардын аттары кулагыма чалынса, унутчу эмесмин. Кандай адам болсо да, бир уккан адамымдын үнүн көңүлүмө сактап, экинчи жолукканда жаземдебей таанычумун. Кулагыма илинген ыр –обондорду дароо үйрөнчүмүн. 11-12 жашымда эки кыл домбура үйрөнүп, ар кайсынын башын чала моңол ырдай койчу болдум.” Айтор ал бала кезинде оюн –зооктордо, жыйындарда жаттап алган ырларын комуз менен коштоп аткарып жүрөт, сөзмөр карыялардын акындар, куудулдар, комузчулар жөнүндөгү маанилүү сөздөрүн, уламыш, легенда, болуп айтылган аңыздарын ынтаа коюп тыңшайт, аларга жолугуп, таалим, таасир, сабак алсам деп, ак эткенден так этет.
Акындын өз устаттары жана кесиптештерин урматтосу сүйүүсү “Устатыма”, “Өнөр өлбөйт”, “Алымкул менен жолугушуу”, “Кара молдону эскерүү”, “Заманымдын гомери”, “Ысмайыл Борончиевдин 60 жылдыгына“, “Портретин көрбөдүм” аттуу ырлары жарыкка чыккан.
Жарык көргөн китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз тилинде
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 47 б.
- Ырлар: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 98 б.
- Коңгуроо: Ырлар жана поэмалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962.– 119 б.
- Адам жолу: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 135 б.
- Тандалган чыгармалар: – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 321 б.
- Адамдарга ачык кат: Поэма жана ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 146 б.
- Адамдарга кайрылуу: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 131 б.
- Даңктайм сени Кыргызстаным: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1973. – 75 б.
- Тандалмалар: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 239 б.
Орус тилинде
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Я доволен: Лирикалык ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 106 б.
- Утренний зов: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 139 б.
- Луч времени: Ырлар жана поэма. – М.: Советский писатель, 1969. – 75 б.
- Глазами сердце: Стихотворения и поэмы. – Ф.: Мектеп, 1977. – 126 с.
- Доброта: Стихи. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 148 с.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|