Абдыкерим Муратов
Абдыкерим Муратов | |
Муратов Абдыкерим (Абдикарим) Жаркынбаевич | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Жарандыгы: |
Абдыкерим Муратов (1956) – жазуучу, публицист, педагогика илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы. Эл аралык «Zaman Кыргызстан» газетасынын баш редакторунун кеңешчиси, И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасынын профессору.
Кыскача өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Абдыкерим Муратов 1956-жылы 17-майда (чоң энесинин айтуусу боюнча күздө) Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айылылык советинин Шанкол айлынын Котур-Булак маалесинде туулган. Атасы Жаркынбай, апасы Ибадат тамекчи-колхозчу болушкан. Улуту – кыргыз. Бабалары адигине уруусунун бөрү уругуна кирген. 1972-жылы айылдагы Я.М.Свердлов атындагы орто мектепти аяктаган. 1976-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинен «кыргыз тили жана адабияты мугалими» адистигин бүтүргөн. 1976 – 1978-жж. – Ноокат районундагы Ломоносов атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими. 1979 – 1980-жж. – Ош мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабиятын окутуу методикасы кафедрасынын окутуучусу, ага окутуучусу. 1981 – 1985-жж. – Ноокат районундагы Свердлов атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими. 1985 – 1985-жж. – Ош мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабиятын окутуу методикасы кафедрасынын лаборанты. 1985 – 1992-жж. – Кыргыз педагогика илим изилдөө институтунун кыргыз тили жана адабияты секторунун ага илимий кызматкери. 1991 – 1992-жж. – «Эне тили» газетасынын баш редактор орунбасары. 1982 – 1997-жж. – «Zaman Кыргызстан» газетасынын бөлүм башчысы. 1997 – 2008-жж. – Кыргыз билим берүү институтунун уюштуруу бөлүмүнүн баш редактору, кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнүн ага илимий кызматкери. 2003 – 2007-жж. – «Замандаш» журналынын баш редактору. 1999 – азыркыга чейин. – «Zaman Кыргызстан» газетасынын баш редактор орунбасары, баш редактордун кеңешчиси. 2010 – 2011-жж. – И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу, доценти. 2011 – азыркыга чейин. – И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу, профессору.
Чыгармачылык ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча жана Тоголок Молдо атындагы сыйлыктардын лауреаты Абдыкерим Муратовдун студент чакта эле биринчи рецензиялары, адабий сындары жазылып, аларда кыргыз адабиятынын айрым өкүлдөрүнүн чыгармалары өз баасын алган. Мисалы, Ош облустук «Ленин жолу» газетасынын 1974-жылдын 7-сентябрындагы санына «Тоо жана төө» аттуу чакан рецензиясы басылып, анда акын Кармышак Ташбаевдин «Тоо жана төө» деген бөбөктөргө арналган китебине окурмандык оюн билдирет. Ошол жылдарда маданият ишмерлеринин гана эмес, жалпы коомчулуктун окумал басылмасы болгон «Кыргызстан маданияты» жумалыгы учурдагы кыргыз поэзиясынын абалы тууралуу талкуу уюштурган, ошого карата анын «Каак-каак каргалар... Балдар поэзиясы жөнүндө сөз» аттуу макаласы газетанын 1975-жылдын 27-февралындагы санына басылат. Бир кыйла көлөмдүү бул макалада жалпы союздук басма сөздө балдар адабияты боюнча талкуулап жүрүп жаткандыгын, ага кимдер катышып, кандай ойлорун айтышканын кеп кылып келип, кыргыз балдар поэзиясынын өксүк абалына аңдоо салат, улуттук балдар поэзиясынын тематикалык чектелгендигине токтолот, акындар турмушту балдардын көзү менен карашпай, чоңдордун көзү менен карап жаткандыгын бир нече акындардын мисалында айтып өтөт, мына ушундай балдар поэзиясында изденүүнүн жоктугунан көчөдө бара жаткан бөбөктөрдөн кыргызча ыр айтып койчу десе, баягы Тоголок Молдонун «Каак-каак каргалар, камыш түбүн жорголорун...» айтып тим болорун кейиш менен белгилейт.
Студент чагындагы дагы бир рецензиясы «Балдарга – жаңы китеп» деп аталат жана анда Абзий Кыдыров «Эки дос» жыйнагы тууралуу сөз болот («Ленинчил жаш». – 1975. – 11-ноябрь). Анда рецензент балдар акынын өзгөчөлүктөрүн бир кыйла таамай көрө алгандыгын байкайбыз.
А.Муратовдун алгачкы адабий пикирлери балдар адабиятына арналса, 1976-жылы Ош пединститутун бүтүрүп, 1976-1978-жылдарда Ноокат районундагы Ломоносов атындагы орто мектепте мугалим болуп иштөө менен балдардын кызыгуулары үйрөндү, көркөм адабий тексттерди окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү, мектептин адабий ийримин жогорку деңгээлге көтөрдү. Ошол эле кезде бул маселелерди «Жагымсыз көрүнүштөргө жол койбойлу: этика жөнүндө сөз», «Мектеп китепканасында», «Телевизор жана окуучу», «Максатыңа жет, бүтүрүүчү», «Устатчылык жөнүндө ой» ж.б. макалаларында аздыр-көптүр чагылдырууга далалат кылган. Турмушка айылдык агартуучунун көзү менен кароо, балдарга болгон ишеним, балдарды сүйүү – бул макалалардын негизги өзөгүн түзгөн.
1978-жылы Ош мамлекеттик пединститутуна чакырылып, кыргыз тили жана адабиятын окутуу методикасы кафедрасында окутуучу, ага окутуучу болуп иштеген. 1981-жылдан кайра өз жерине кетип, Ноокат районуна Свердлов атындагы орто мектепте мугалим болуп ишке орношуп, ал билим уясында 1985-жылга чейин иштеген. Бул учурда мектепте адабий билим берүүнүн, балдарды окутуунун жана тарбиялоонун проблемалары анын «Проблемалык суроо – проблемалык жагдай түзүүнүн башкы формасы», «Отур, «эки», же бир баа тууралуу бир топ ой», «Биз муну өткөн эмеспиз...: мектепте адабият теориясын окутуу тууралуу», «Окурмандын айтаар сөзү (С.Жигитовдун макаласына рецензия)», «Курсташтарга кат, же айыл мектеби жөнүндө ойлор», «Класс жетекчилик жеңил ишпи?», «Ажайып дүйнөгө баш багуу: Ч.Айтматовдун «Атадан калган туяк» аңгемесин окутуу», «Кесипти туура тандасак...», «Адабият сабагы: ал жөнүндө ой толгоо», «Нан бар үчүн биз барбыз», «Рухий байлыкты өстүрүүнүн сабагы» ж.б. макалаларында, публицистикаларында чагылдырылган.
1985-жылы кайрадан Ош пединститутунда бир аз иштеп, Советбек Байгазиевдин чакыруусу менен КирНИИПке келип, Исак Бекбоевдин аңгемелешүүсүнөн өтүп, кыргыз тили жана адабияты секторунда ага илимий кызматкер болуп эмгектене баштаган. Анын ошол учурдан тартып чыгармачылыгынын жүзү кыргыз адабиятын окутуу тармагы менен тыгыз байланышат. Азыркы учурда жалпы билим берүүчү мектептер дээрлик чейрек кылымга жакын анын С.Байгазиев менен бирге түзгөн окуу программасы менен билим алып келет, ал 7-класстар жана 11-класстар үчүн кыргыз адабияты окуу китептерине авторлош. Кыргыз адабиятынын мектеп программаларына кирген чыгармаларын талдоонун жана алардын негизинде сочинение (дил баян) жазуунун усулдарын көрсөткөн «Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романын үйрөнүүнүн айрым маселелери» (1988), «V-VIII класстарда адабият теориясын окутуу» (1990), «Көркөм тексти жана адабият теориясын үйрөнүү» (1992) деген усулдук колдонмолору чыгып, мектептерге таратылган. Ал жалпы институттун жана сектордун көчмө кеңешмелерин өткөрүү үчүн 400дөн ашык мектепте болуп, 900дөй сабактарга катышкан, аларга талдоо берген, мугалимдердин тажрыйбаларын жыйынтыктап, ондогон макалаларды жазган. Ал жерде мектептер үчүн кыргыз адабиятынан окуу программаларын, окуу китептерин түзүп, республиканын бардык жериндеги мектептерде болуп, мугалимдердин сабактарына катышкан жана балдар дүйнөсүнө түздөн-түз аралашуучу адабият мугалимдеринин, тарбиячылардын муктаждыктарын, кыргыз адабиятынын азыркы коомго таасирин илимий негизде үйрөнгөн, ал идеяларын өзү түзүүгө катышкан кыргыз адабиятынан билим берүүнүн концепциясы, стандарттары, программалары сыяктуу нормативдик документтерге киргизген. «Билимдин бийик деңгээли керек: Адабият жана мектеп» («Кыргызстан маданияты». – 1985. – №37. – 12-сент. – 3-б.) аттуу макаласы көптөгөн окурмандардын бүйүрүн кызытып, көйгөйлүү маселе катары бир катар полемикалуу макалалардын жазылышына көмөк болуп берген. Анда кыргыз адабияты программасына балдар үчүн жазылган чыгармалар тиешелүү деңгээлде сунуш кылынбай, мектеп балдар адабиятысыз калып жаткандыгы айтылган.
Бул мезгилде анын таалим-тарбиялык насааттары «Абийир, ар-намысты бийик туталы», «Бешигибиз – Жер», «Ырыскың өзүңө буйрусун», «Шаар-бактын» даңкы өчөбү?», «Жетимдер», «Сайрасын булбул багыңда...», «Абалың кандай, асыл жер» деген педагогикалык, этикалык публицистикаларында көтөрүлдү. Балдардын эне тилин унутуп жатышы, руханий маданиятыбыздын жана эне тилибиздин өкүнүчтүү абалы «Далил керекпи?.. (эне тил көйгөйлөрү)», «Эне тилдин эртеңи кандай?», «Тереңдеги тамырлар: Маданий мурастарга мамилебиз кандай?», «Кыргызга окшоп турабыз, бирок...», «Келгиле!.. (Балдар адабияты тууралуу)», «Кыргызбызбы?», «Гимнби, же кошоматчылыктын ырыбы?..», «Эне тилин жана адабиятын окутуу эмнеге муктаж?» аттуу макалаларында курч жана таамай айтылды. Бир катар балдар жазуучуларына, педагогдорго кайрылып «Ала-Тоо» журналын үчүн уюштурган «тегерек үстөлү» (Мектеп, мугалим жана адабият: тегерек стол (Даярдаган А.Муратов) // Ала-Тоо. – 1988. – №3. – 3 – 14-бб.) өлкөдө жүрүп жаткан кайра куруунун идеяларын өзүнө сиңдиргендиги менен баалуу болгон.
Абдыкерим Муратов 1992-жылдан тартып «Эне тили» газетасында редактор орун басары болуп эмгектенген. 1992-жылы «Zaman Кыргызстан» газетасы ачылганда анын бөлүм башчысы болгон, тарых, маданият, билим берүү боюнча көп макалаларды жазып, авторлордун макалаларын уюштурган. 1997–2008-жылдарда Кыргыз билим берүү академиясында иштеген. 2003 – 2007-жылдарда «Замандаш» журналынын башкы редактору болгон. 1999-жылдан азыркы учурга чейин эл аралык «Zaman Кыргызстан» газетасынын баш редакторунун орун басары, кеңешчиси. Ошол эле кезде И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасында 2010-жылдан бери профессор кызматында иштейт.
Ал адабиятчы жана педагог катары «Манас», «Кыргыз адабияты», «Кыргыз педагогикасы», «Кыргызстан», «Токтогул» энциклопедиясында көптөгөн макалаларын басып чыгарды.
Кенже мектеп жашындагы окуучулар үчүн жазган аңгемелери ар кандай хрестоматияларга киргизилип, атайын кыргыз тилин үйрөнүү үчүн жаңылмачтары мектептердин окуу куралдарынан жана хрестоматиялардан орун алып жүрөт.
А.Муратовдун педагогикалык эмгектеринде болочоктогу адабий-эстетикалык табити жогору, ыйман-ынсаптуу жана эне тил байлыктарын жакшы өздөштүргөн жаштарды тарбиялоого өзгөчө басым жасалат.
А.Муратов 2001-жылы «Адабий-теориялык түшүнүктөрдү калыптандыруунун илимий-методикалык негиздери» деген темада кандидаттык, 2010-жылы «Көркөм адабий тексттердеги элдик педагогикалык ойлор жана аларды окутуу процессинде интерпретациялоонун илимий-методикалык негиздери (Ч.Айтматовдун чыгармаларынын мисалында)» деген темада докторлук диссертациясын коргогон.
Анын катышуусунда жазылган кыргыз адабияты терминдердин түшүндүрмө сөздүгү мугалимдердин жана окуучулардын, студенттердин үстөл китебине айланып, 6-жолу басылып чыкты. Ал соңку учурда адабияттаануу менен этнопедагогиканы интеграциялоо аркылуу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы элдик таалим-тарбиялоо салттарынын чагылдырылышын изилдеп жүрөт. Дүйнөгө таанымал жазуучунун чыгармачылыгындагы этикалык-нравалык таасирдүү каражаттардын бири – педагог-адабиятчынын изилдөөсүндө бул анын этникалык педагогикалык традицияларга кайрылып, алардын бүгүнкү күнгө ылайыктуу жактарын көркөм жалпылоодон өткөрүшүндө дейт. Бул багытта анын «Чыңгыз Айтматов – жазуучу-этнопедагог» деген китеби жарык көрдү (2006) жана бул китеп улуттук айтматовтаануу илимине кошулган салым болду.
Адабият сабагында көркөм текстти интерпретациялоо боюнча «Кыргыз адабияты сабагында көркөм тексттин маңызын ачуу» (2008), «Көркөм чыгарма жана анын ички сырлары» (2008), «Окуучулардын адабий-теориялык түшүнүктөрүн калыптандыруу» (2009), «Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов» (2010), «Адабиятты жаңыча окутуу: методдор, каражаттар жана иштелмелер» (2010), «Дил баян – чыгармачылык изденүүнүн үзүрү» (2011) деген аталыштардагы «Усулчунун устаканасынан» сериясындагы китептерин адабият мугалимдерине тартуулады. Бул алты монография – кыргыз адабиятын окутуу илиминдеги өзгөчө белгилей турган эмгектер. Мына ушул эмгектер анын 2010-жылы коргогон докторлук диссертациясына да, «Кыргыз адабиятын окутуу: теориясы жана практикасы» (Б.: Турар, 2013. – 554 б.) деген фундаменталдуу монографиясына да негиз болгон. 2011-жылы 604 беттен турган көлөмдүү «Кыргыз эл педагогикасы: табияты, таралышы жана тарыхы» деген китеби жарык көрдү жана бул китеп тез эле өз окурмандарын тапты.
Жыйынтыктап айтканда, А.Муратовдун эмгектери кыргыз адабиятынын өткөн кылымдын аягындагы айрым өкүлдөрүнүн чыгармачылыгына арналуу менен адабиятты окутуу, адабияттын терминологиясын калыптандыруу, адабий-теориялык түшүнүктөрдү мектеп сабактарында үйрөтүү технологиялары багытында үзүрлүү болууда деп ойлойбуз.
Анын «Рахманкул хан» аттуу тарыхый очерки, «Сунулган баш... Суурулган кылыч» деген тарыхый романы окурмандар кызыгып окуган китептерге айланган. Проза жанрында «Бири кем дүйнө» аттуу бир шиңгил аңгемелери, «Акыркы адамжапайынын арзуусу» деген аңгеме-повесттер жыйнагы жарык көргөн. Ал өзүнчө стили бар кызыктуу прозаик.
Илимий ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2001-жылы 22-июнда Кыргыз билим берүү институтунун алдындагы Д 13.01.129 диссертациялык кеңештин жыйынында кандидаттык диссертациясын коргогон. Темасы: «Адабий-теориялык түшүнүктөрдү калыптандыруунун илимий-методикалык негиздери (V-VIII класстардын мисалында)» адистиги 13.00.02 – окутуунун теориясы жана методикасы).
Докторлук диссертациясын 2010-жылы 17-майында Кыргыз билим берүү академиясынын жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Д 13.09.383 диссертациялык кеңештин жыйынында коргогон. Темасы: «Көркөм адабий тексттердеги элдик педагогикалык ойлор жана аларды окутуу процессинде интерпретациялоонун илимий-методикалык негиздери (Ч.Айтматовдун чыгармаларынын мисалында)» адистиктери: 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы; 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы (кыргыз адабияты).
Илимдин үч кандидатын даярдаган, ондон ашык диссертацияга оппонент болгон. Көрсөтүлгөн китептеринен тышкары адабияттаануу, адабий сын, педагогика, адабиятты окутуу, элтаануу, публицистика багыттарында 400дөн ашык макала жарыялаган. Эмгектеринин ичинде кыргыз адабияты, кыргыз этнопедагогикасы, кыргыз балдар адабияты боюнча окуу программалары, мамлекеттик стандарттары, окуу китептери (Кыргызстан жана Өзбекстан үчүн), монографиялар, ЖОЖдор үчүн окуу китептери жана окуу-методикалык куралдары бар.
Коомдук жана журналисттик ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Педагогика адистигин коргоо боюнча диссертациялык кеңештин мүчөсү, төрага орунбасары.
«Кыргыз билим берүү академиясынын кабарлары», «Шоокум», «Баластан», «Таалим» журналдарынын редакциялык кеңешинин мүчөсү.
Ал изилдеген негизги илимий проблемалар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз элдик педагогикасы, кыргыз балдар адабияты, кыргыз адабиятындагы темалар жана проблемалар, кыргыз адабиятын жалпы билим берүүчү мектептерде окутуу; этнография жана тарых; тарыхый инсандар ж.б.
Негизги илимий-методикалык эмгектери, көркөм чыгармалары, котормолору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Окуу-нормативдик материалдары:
1. Кыргыз адабиятынан билим берүүнүн мамлекеттик стандарты / Кыргыз Республикасынын мектептеринде предметтик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары. – Б.: 2006. – 201-213-бб. (авторлош).
2. Окутуу орус (өзбек, тажик) тилдеринде жүргүзүлүүчү мектептер (класстар) үчүн кыргыз адабиятынан билим берүүнүн мамлекеттик стандарты / Кыргыз Республикасынын мектептеринде предметтик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары. – Б.: 2006. – 213-220-бб.
3. Адабий билим берүүнүн концепциясы / Китепте: Байгазиев С. Гумандуу педагогика. – Б.: 2006. – 481-497-бб. (авторлош).
4. Кыргыз адабиятынын программасы. 5-11-класстар үчүн. С.Байгазиев менен бирге 20 жылдан берки бир нече басылыштары. – Б.: 2012, 124 б.
5. Эл аралык «Себат» лицейлеринин окуу орус тилинде жүргүзүлгөн 7-11-класстары үчүн кыргыз адабиятынын программасы. – Б.: 2006. – 58 б. (авторлош).
6. Кыргыз адабиятынын программасы (окутуу өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 5-11-класстары үчүн. – Б.: 2008. – 48 б. (авторлош).
7. Дүйнөлүк адабият (Профилдик мектептер жана тандоо сабактары үчүн окуу программасы) // Кыргыз тилинин жана адабиятынын программасы. 5-11-класстары үчүн (тиркеме). – Б.: 2006. – 108-121-бб. (авторлош).
8. Соңку кыргыз адабияты (Профилдик мектептер жана тандоо сабактары үчүн окуу программасы) // Кыргыз тилинин жана адабиятынын программасы. 5-11-класстары үчүн (тиркеме). – Б.: 2006. – 92-108-б. (авторлош).
9. Этнопедагогика: педагогикалык адистик берүүчү жогорку окуу жайлары үчүн окуу программасы. – Б.: 2010. – 40 б.
10. Кыргыз адабиятынын программасы (окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 5-11-класстары үчүн). (мурда да төрт жолу басылган). – Б.: 2012. – 64 б.
11. Кыргыз адабияты: Жалпы билим берүүчү окуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн кечки жана сырттан окуган мектептер үчүн программа. 5-9-класстар үчүн. – Б.: 2012. – 32 б.
12. Кыргыз адабияты: Жалпы билим берүүчү окуу орус тилинде жүргүзүлгөн кечки жана сырттан окуган мектептер үчүн программа. 5-9-класстар үчүн. – Б.: 2012. – 24 б.
13. Кыргыз адабиятынын программасы (Жалпы орто билим берүүчү кыргыз мектептеринин V – XI класстары үчүн). Оңдолуп, толукталып 5-басылышы (С.Байгазиев менен бирге). – Б.: «Билим» басма борбору, 2014. – 48 б.
14. Кыргыз адабиятынын программасы (окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин V – XI класстары үчүн). (Р.Асакеева, Б.Кыдырбаева менен бирге). – Б.: «Билим» басма борбору, 2014. – 36 б.
15. Кыргыз балдар адабияты: педагогикалык адистик берүүчү жогорку окуу жайлары үчүн окуу программасы. Түз.: Муратов А.Ж., Исаков К.А., Колдошев Т.Р. – Ош, ОшМУнун «Билим» редакциялык басмасы. – Ош, 2015. – 38 б.
Окуу китептери:
16. Кыргыз адабияты. 7-класс үчүн хрестоматия-окуу китеби. – Б.: 1992. – 444 б. (авторлош).
17. Кыргыз адабияты. 7-класс үчүн хрестоматия-окуу китеби. Жаңы программа менен жаңы варианты. – Б.: 2000. – 400 б. (авторлош).
18. Кыргыз адабияты. 7-класс үчүн хрестоматия-окуу китеби. Оңдолуп, түзөтүлүп басылышы. – Б.: 2007. – 400 б. (авторлош).
19. Кыргыз адабияты. 11-класс үчүн окуу китеби: 1-бас. 2000; 2-бас. 2004; 3-бас. 2007. – Б., 2007. – 334 б. (авторлош).
20. Кыргыз адабияты. 10-класстар үчүн хрестоматия. – Б.: 2005. – 216 б. (авторлош).
21. Кыргыз адабияты: окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 7-класстары үчүн окуу китеби. – Б.: 2006. – 148 б.
22. Адабият. 7-класс. Өзбекстандагы кыргыз мектептери үчүн окуу куралы. – Ташкент, Шарк, 2005 (авторлош)
23. Адабият. 11-класс. Өзбекстандагы кыргыз мектептери үчүн окуу куралы. – Ташкент, Узбекстан, 2005 (авторлош)
24. Кыргыз адабияты: окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 9-класстары үчүн окуу китеби. – Б.: 2008. – 288 б.
25. Кыргыз адабияты: окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 10-класстары үчүн окуу китеби. – Б.: 2009. – 298 б. (авторлош).
26. Кыргыз адабияты: окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 11-класстары үчүн окуу китеби. – Б.: Айат, 2011. – 240 б.
27. Кыргыз адабияты. XI класстар үчүн хрестоматия. – Б.: 2013. – 392 б. (авторлош).
28. Кыргыз адабияты. XI класс үчүн окуу китеби: Оңдолуп, толукталып 4-бас. – Б.: Билим-компьютер, 2013 – 336 б. (авторлош).
29. Адабият. Жалпы билим берүүчү мектептердин 7-класстары үчүн хрестоматия окуу китеби. Оңдолгон жана толукталган 3-басылышы. Өзбек Республикасынын элге билим берүү министрлиги басууга сунуш кылган. – Ташкент, «Шарк», 2013 (авторлош Алымов Б, Темирова М.)
30. Кыргыз адабияты: окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 5-класстары үчүн окуу китеби. – Б.: 2014. – б. (авторлош Р.Асакеев, Б.Кыдырбаева).
31. Кыргыз адабияты. Орто мектептин 7-классы үчүн хрестоматия окуу китеби. Оңдолуп, түзөтүлүп, 3-басылышы. – Б.: «Билим-компьютер», 2015. – 400 б. (Б.Алымов менен авторлош). (нускасы – 54 768)
Монографиялары, окуу-усулдук колдонмолору:
32. Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романын үйрөнүүнүн айрым маселелери: мугалимдер үчүн методикалык колдонмо. – Ф.: 1988. – 36 б.
33. V-VIII класстарда адабият теориясын окутуу: (кыргыз адабияты мугалимдери үчүн методикалык колдонмо). – Б.: 1990. – 72 б.
34. Көркөм тексти жана адабият теориясын үйрөнүү (методикалык колдонмо). – Б.: 1992. – 72 б.
35. Адабият – ыйман сабагы: (А.Осмоновдун жана Ч.Айтматовдун чыгармаларын V-XI класстарда окутуу боюнча методикалык колдонмо). – Б.: 1992. – 144 б.; Б.: 1993. – 142 б.
36. Адабий сканворддор. Мектеп окуучулары үчүн. – Б.: 2003. – 32 б. (авторлош).
37. Дилбаян сырлары. – Б.: 2004. – 76 б.
38. Адабият теориясы. – Б.: 2004. – 178 б. (авторлош).
39. Ат этнопедагогикасы – Айтматовдо: «Эрте келген турналар» повестинин мисалында. – Б.: 2005. – 72 б.
40. Чыңгыз Айтматов – жазуучу-этнопедагог: монография. – Б.: 2006. – 204 б.
41. Дилбаян – дил сыры, тил сыны: Мугалимдерге, окуучуларга, абитуренттерге, студенттерге ж.б. кыргыз адабиятынан дилбаян жазуу боюнча сунуштар жана кеңештер. – Б.: 2008. – 158 б.
42. Аталар сөзү – акылдын көзү. Адеп аңгемелери. 1-китеп. – Б.: 2008. – 148 б.
43. Орто мектепте кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун технологиялары. Илимий-иликтөөлөрдүн жыйнагы. – Б.: 2008. – 1-чыг. – 176 б. (авторлош).
44. Окуучулардын адабий-теориялык түшүнүктөрүн калыптандыруунун жолдору. – Б.: 2009. – 160 б.
45. Кыргыз адабияты сабагында көркөм текстин маңызын ачуу: монография. – Б.: 2009. – 114 б.
46. Көркөм чыгарма жана анын ички сырлары: монография. – Б.: 2009. – 174 б.
47. Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов: илимий-усулдук колдонмо. – Б.: Айат, 2010 – 187 б.
48. Адабиятты жаңыча окутуу: методдор, каражаттар жана иштелмелер: методикалык колдонмо. – Б.: Айат, 2010 – 68 б. (авторлош).
49. Кыргыз эл педагогикасы: табияты, таралышы жана тарыхы: Педагогикалык билим берүүчү жогорку окуу жайларынын студенттери жана мектеп мугалимдери үчүн. 1-китеп. – Б.: Турар. – 603 б.
50. Дүйнөлүк билим стандарттары: Түркия жана Кыргызстан. – Б.: 2011. – 156 б. (авторлош)
51. Дилбаян – чыгармачылык изденүүнүн үзүрү. – Б.: Айат, 2011. – 192 б.
52. Педагогическая практика. Учебно-методическое пособие. – Каракол, 2011. – 60 с. (соавт.)
53. Кыргыз балдар адабияты: окуу китебине кошумча колдонмо. – Б.: Айат, 2012. – 264 б.
54. Адабият сабагы. Адабиятты окутуу. Илимий-усулдук колдонмо. – Б.: Айат, 2012. – 112 б.
55. Кыргыз адабиятын окутуу: теориясы жана практикасы. – Б.: Турар, 2013. – 554 б.
56. Такталбаган Токтогул. Адабий-тарыхый изилдөө. – Б.: «Айат», 2014. – 180 б.
57. Аталар сөзү – акылдын көзү. Адеп аңгемелери. Кошумчаланып 2-бас. – Б.: «Айат», 2015. – 192 б.
58. Балдарга багышталган элдик салттар жана тойлор. – Б.: «Айат», 2015. – 52 б.
Маалыматтамалары, сөздүктөрү:
59. Адабият терминдеринин түшүндүрмө сөздүгү. – Ф.: 1987. – 120 б. (авторлош).
60. Кыргыз адабияты: терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. – Б.: 1994. – 158 б. (авторлош).
61. Кыргыз адабияты: терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Толуктоолор менен 2-бас. – Б.: 2003. – 200 б. (авторлош).
62. Кыргыз адабияты: маалыматтама. – Б.: «Айат», 2014. – 392 б. (авторлош)
Көркөм адабий китептери:
63. Ак чыйыр: аңгемелер. – Ф.: 1987. – 34 б.
64. Курманбек баатыр: элдик дастан өзөктүү баян. – Б.: 2004. – 110 б.
65. Рахманкул хан: тарыхый очерк. – Б.: 2004. – 88 б.
66. Ноокат жана ноокаттыктар. – Б.: 2005. – 80 б.
67. Ордолуу жыландар: даректүү аңгемелер. – Б.: 2005. – 11 б.
68. Бири кем дүйнө: шиңгил аңгемелер. – Б.: 2007. – 88 б.
69. Жалын жүрөктүү, жакшы тилектүү Жолдошбек Раимбеков. – Б.: 2008. – 216 б.
70. Акыркы адамжапайынын арзуусу: аңгемелер. – Б.: 2009. – 108 б.
71. Сунулган баш... Суурулган кылыч...: тарыхый роман. – Б.: 2012. – 198 б.
72. Көпөлөктөр өрөөнүн көксөгөн Мурза Гапаров. – Б.: Айат, 2013. – 68 б.
73. Тоос неге куйругун түрлөнтүп ачып, жаба берет? (Балдар үчүн аңгемелер, жомоктор). – Б.: Айат, 2015. – 24 б.
74. Үч жүз жаңылмач (балдар үчүн). – Б.: Айат, 2015. – 72 б.
Авторефераттары:
75. Адабий-теориялык түшүнүктөрдү калыптандыруунун илимий-методикалык негиздери (V-VIII класстардын мисалында): педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазган диссертациянын авторефераты. 13.00.02 – окутуунун теориясы жана методикасы (кыргыз адабияты). – Б.: 2001. – 17 б.
76. Научно-методические основы формирования литературно-теоретических понятий (на материале V-VIII классов): авт. дисс. на соис. учен. степ. канд. пед. наук. 13.00.02 – теория и методика обучения (кыргызская литература) окутуунун теориясы жана методикасы (кыргыз адабияты). – Б.: 2001. – 17 б.
77. Көркөм адабий тексттердеги элдик педагогикалык ойлор жана аларды окутуу процессинде интерпретациялоонун илимий методикалык негиздери (Ч.Айтматовдун чыгармаларынын мисалында): педагогика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазган диссертациянын авторефераты. 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы; 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы (кыргыз адабияты). – Б.: 2010. – 38 б.
78. Этнопедагогические мысли в художественно-литературных текстах и научно-методические основы их интерпретации в процессе обучения (на примере произведений Ч.Айтматова): автореферат диссертации на соискание ученой степени доктора педагогических наук. 13.00.01 – общая педагогика, история педагогики и образования и 13.00.02 – теория и методика преподавания и воспитания (кыргызская литература). – Б.: 2010. – 38 с.
Котормо китептери:
79. Чоң энемдин алтын сандыгы: түрк эл жомоктору. – Б.: 2007. – 80 б.
80. Ай жана кыз: бурят эл жомоктору. – Б.: 2009. – 124 б.
81. Ат, уй жана жылдыздар: алтай эл жомоктору. – Б.: 2009. – 84 б.
82. Ч.Айтматов Балалыгым. – Стамбул: Хызыр Рекламджылык ЛТД Шти, 2002. – 138 б. (Б.Чыныбаева менен бирге)
83. Ч.Айтматов Балалыгым. – Стамбул: «Себат», 2003. – 160 б. (Б.Чыныбаева менен бирге).
84. Чыңгыз Айтматов Балалыгым: китепте Чыңгыз Айтматов. Чыгармаларын сегиз томдук жыйнагы. – 1-бас. – Б.: 2011; 2-бас. – Б.: 2009. – 404-497 бб. (Б.Чыныбаева менен бирге)
85. Чыңгыз Айтматов Балалык. – Б.: Турар, 2011. – 224-б. (Б.Чыныбаева менен бирге)
86. Николай Шульгин Гав жана Мяу. – Б: Аль Салам, 2011. – 32 б.
87. Бек Жылдыз, Рахим Карим Каз ойлоп тапкан достук ыры. – Б: Аль Салам, 2011. – 32 б.
88. Лидия Шульгина Санаачыл үч сыйкырчы. – Б: Аль Салам, 2011. – 32 б.
Түзгөн жыйнактары:
89. Жусуев С. Сөз кудурети: ар кыл макалалар, эскерүүлөр. – Б.: Бийиктик, 2006. – 640-б.
90. Кыргыз тили, адабияты жана аларды окутуу. 1-чыг. – Б.: Айат, 2007. – 56 б.
91. Кыргыз тили, адабияты жана аларды окутуу. 2-чыг. – Б.: Айат, 2007. – 48 б.
92. Кыргыз тили, адабияты жана аларды окутуу. 3-чыг. – Б.: Айат, 2009. – 60 б.
93. Кыргыз адабияты (Антология) Чыгармалардын 10 томдук жыйнагы. 7-том. Романдар. – Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2012. – 552 б. (Б.Асранкулова менен бирге)
94. Заманыбыздын улуу ойчулу М.Фетхуллах Гүлен. Түз.: А.Муратов, А.Ормушев, Ж.Борочоров. – Б.: 2012. – 364 б.
95. Мевлана Желалиддин Руми жана дүйнөлүк цивилизация. Түз.: А.Муратов, Ж.Борочоров. – Б.: 2013. – 120 б.
96. Диалогдун жарчысы – Чыңгыз Айтматов. Түз.: А.Муратов, Ж.Борочоров. – Б.: Имак офсет, 2013. – 200 б.
Сыйлыктары. Наамдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги
Кыргызстан Журналисттер Союзунун «Манас Руху» сыйлыгынын лауреаты
Кыргыз Республикасынын президентинин Ардак грамотасы – 2007-ж.
Улуттук Жазуучулар союзунун Тоголок Молдо атындагы сыйлыгынын лауреаты
Кыргыз Өкмөтүнүн Балдар адабияты боюнча сыйлыгынын ээси
Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланган.
Орусиянын табигый билимдер академиясынын К.Д.Ушинский атындагы медалы менен сыйлынган (2015)
Профессор А.Ж.Муратовдун жетекчилиги менен корголгон диссертациялар [оңдоо | булагын оңдоо]
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кандидаттык диссертациялар:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1. Бейшеналиев А.Б. Ф.Гүлендин педагогикалык ойлорун Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде пайдалануунун илимий негиздери. – Бишкек, 2012.
2. Гүмүшсой С. Жаңы типтеги мектептерде окуу процессин башкаруунун технологиялары. – Бишкек, 2012.
3. Акбулут М. Жаңы типтеги мектептердеги окуучулардын таанып-билүүчүлүк кызыгуусун калыптандыруунун педагогикалык шарттары. – Бишкек, 2014.
Үй-бүлөсү тууралуу маалымат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Үй-бүлөлүү, үч балалуу (эки кыз, бир уулу бар). Жубайы – Кыдырбаева Бурулкан Алдаяровна. Уулу – Курманбек, кыздары – Айсулуу, Айпери.
Өзү он бир туугандын экинчиси.
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1. Муратов Абдыкерим // Мугалимдик ыйык жол: КУУнун 80 жылдыгына карата. Түз.: Р.Сулайманова ж.б. – Б.: 2013. – 61 – 63-бб.
2. Муратов Абдикарим Жаркынбаевич // Токтогул энциклопедиясы: Академик А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. – Б.: Турар. – 202 – 203-бб.
3. Муратов Абдыкерим // Алыкул энциклопедиясы: Академик А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. – Б.: Турар. – 427-б.
4. Муратов Абдыкерим Жаркынбаевич // китепте: ОшМУдан журналистика айдыңын көздөй... Редактор-түзүүчүлөр: Колдошев Т., Нуралиева З. – Ош, 2014. – 3 – 5-бб. – 68 б.
5. Рысбаев С. Абдыкерим Муратов // китепте: Рысбаев С.К. Кыргыз балдар адабияты: проблемалар, портреттер жана окуп-үйрөнүү маселелери: «Педагогикалык технологиялар» сериясы. 5-китеп [Текст] / С.К.Рысбаев. – 2015. – 157-б.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]www: кabar.kg, 2009, 11-фев.
www: kabar, 16-апр. 2014
www:кardeşкalemler SAYI: 83 / Kasım - 2013
www: kardeskalemler (Түркия), 2014, март
http://kmb3.kloop.kg/index.php/2014/03/25/abdykerim-muratov-kopoloktor-oroonun-koksogon-murza-gaparov/
http://jansherik.kat.kg/?p=1430. – 30.03.2013