Абдылдаев, Эркинбек Кыянович

Википедия дан

Абдылдаев, Эркинбек Кыянович — техника илиминин доктору. Улуту-кыргыз. 1954-жылы Ысык-Көл обласынын Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылына туулган. 1976-жылы Ленинград Мамлекеттик Университетинин геомеханика факультетин бүтүргөн.

Ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий кызматкер, пединститутта кафедра башчысы,Эл аралык башкаруу Институтунун Караколдогу филиалында декан, директордун орун басары болуп иштеген.1994-жылы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин профессору болгон.

Адистиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Механика жана Математиканын саноо методу жаатындагы адис. Саноо методу боюнча, экономико-математикалык метод боюнча, ЭВМ жаатындагы лекцияларды окуган.

Cыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын илим жана техника жааты боюнча Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты.
50дөн ашык илимий эмгектин, монографиянын, окуу пособиелеринин автору.Анын жетекчилиги алдында 2 кандидаттык диссертация жакталган.

Негизги эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Напряженно-деформированное состояние массива горных пород вблизи выработок”, Фрунзе, 1990.
  • Elastoplastic analyses of stresses in coal pillars by finite element method. Rock Mechanics, 1979.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Асанов.У.А “Кто есть кто в Кыргызской науке”-, Бишкек