Абд ал-Керим

Википедия дан

Абд ал-Керим (1882-1963, Каир) Мароккодогу риф уруулардын көтөрүлүшүнүн жолбашчысы, Риф республикасынын (1921-26) жетекчиси. 1915-ж. өз уруулаштарын улуттук-боштондук күрөшкө үндөгөндүгү үчүн Испания колониялык бийлиги аны түрмөгө камап, 1916-ж. бошоткон. 1921-26-ж. рифтиктердин адегенде испан, 1925жылдан француз колонизаторлоруна каршы боштондук күрөшүнүн башында болгон. 192126-ж. Риф республикасынын президенти (эмири). 1926-ж. француздардын колуна түшүп, Реюньон аралына сүргүнгө айдалат. 1947-ж. май айында саясий иш жүргүзүүдөн баш тартуу шарты менен Францияда жашоого уруксат алган. Порт-Саидде кемеден качып чыгып, Каирге туруп калат. 194856-ж. Түндүк Африканы боштондукка чыгаруу комитетинин башында болгон. Марокко көз карандысыздыгын алган соң (1956) Африка жергесинде француз аскерлери турганда мекенине кайтып келбестигин билдирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1