Аверроизм

Википедия дан

Аверроизм – орто кылымдагы философиялык багыт.

Аверроизмге араб философу Ибн Рушд (Аверроэс) негиз салган. Авероизмдин өкүлдөрү Аристотель философиясынын материалисттик багытын өнүктүрүшкөн. «Чындыктын эки жактуулугу» жөнүндөгү теорияны жакташкан. Ф. Энгельстин айтуусунда тиги дүйнөнүн бар экендигин танышкан, билимди динге, философияны теологияга каршы коюшкан. Аверроизмде аздыр-көптүр өнүккөн, «шайыр, эркин ойлоо» кийин арабдардан калган калктарга ооп, 18-кылымдын материализмин даярдаган. Аверроизм боюнча материя менен кыймылды эч ким жараткан эмес, адамдын акылы чындыкты таанып билүүгө жөндөмдүү. Аверроизм европа өлкөлөрүндө (Франция, Италия) философиянын өнүгүшүнө күчтүү таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]