Мазмунга өтүү

Агиография

Википедия дан

Агиография (грек с. – ыйыктар жөнүндө жазамын) – пайгамбарлардын жана олуялардын турмушу тууралуу диний темада жазылган чыгармалар. Ар кандай диндерге байланыштуу агиографиянын темасы, идеясы, максаты түрдүүчө болгон. А Навоинин “Пайгамбарлар жана даанышмандар тарыхы” деген чыгармасында ислам дининин ыйыктары жөнүндө айтылат. Революцияга чейинки кыргыз жазма жана оозеки адабиятында мындай чыгармалар болгону менен алардын көбү бизге толук жетпей калды.

Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү.
Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3