Агробиоценоз

Википедия дан

Агробиоценоз – адам тарабынан жасалма жол менен түзүлгөн, түрдүк курамы өтө жарды биотикалык жыйындыдан турган биоценоз.

Агробиоценоздорду адам түзөт жана аларды жөнгө салып турат, айыл-чарба азык-түлүктөрүн алуу максатында пайдаланат. Бул системанын биологиялык түшүмдүүлүгү өтө жогору. Белгилүү бир өсүмдүктүн же жаныбардын (сорт, порода) бир же бир нече түрү басымдуулук кылат да, экологиялык жактан туруксуз система болуп эсептелет. Эгерде адам карабай койсо, анда агробиоценоздор бузулуп, жапайы биоценозго айланат. Мисалы, сугат жерлер сазга, жасалма парктар же питомниктер жапайы токойго айланат. Ал эми ушул агробиоценоздордун тегерегиндеги жансыз чөйрөлөрү менен кошо карасак анда, жасалма экосистема агробиоценоз системасы болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4