Агыдай

Википедия дан

Агыдай-кырк чоронун бири,далычы.Чоролордун катарында дайыма саналып,"Агыдай далы көрүүчү,ашкере айтып берүүчү" деп сүрөттөлөт.Кээбир эпизоддордо Манас жоортулга чыгаарда Агыдайга далы ачтырып,иштин кандай аяктаарынан кабардар болот. Манас менен Кошой бирдикте Алты-Шаарды каратып,Котон шаарына келе жатканын угуп,шаар башкаруучусу Ороңгу аярларына бал ачтырат.Алардын ичинен Агыдай далы ачып,Манастын Котонду багынтаарын алдын ала айтат.Ороңгу коркуп качат,кошо качмак болгон элди Агыдай акыл айтып токтотот.Өз ыктыяры менен баш ийген Агыдайды Манас чоро кылып алып,Алты-Шаарга бек дайындайт.


Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедия. Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы.“Мурас” илимий-пропагандалык ишкер долбоору Бишкек,1995.