Агөлөң

Википедия дан

Агөлөң – (археологиялык эстелик) байыркы таш дооруна таандык таш курал жасоо «устаканасы». Ысык-Көлдүн батыш тарабындагы Агөлөң айылынын түштүгүндөгү тоо этегинде жайгашкан. Борбордук Азиядагы эң маанилүү археологиялык эстеликтердин бири. Байыркы адамдар порфирит деп аталган оттук таш тегинен сапаттуу куралдарды жасашкан. Таш куралдар жана иштетилген белгиси бар таштарды (артефакттар) жер үстүнөн көп кездештирүүгө болот. Алар плейстоцен (муз каптоо) учурунда суу үйөрүнүн таасири менен кең аянттарга жайылган. Алгач археологиялык изилдөөлөрдү археолог М. Юнусалиев, кийин 2001-ж. академик А. П. Деревянко жетектеген Россия-кыргыз экспедициясы жүргүзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1