Адам Мицкевич

Википедия дан

Адам Мицкевич (24. 12. 1798 — 26. 11. 1855, Константинополь) — поляк акыны, улуттук-бошт. кыймыл ишмери.

  • Вильно университетин бүткөн (1819).
  • 1817-жылдан жаштардын жашырын патриоттук ийримдерин түзүүгө катышкан.
  • Туңгуч ыр жыйнагы («Поэ­зия», 1-т., 1822) поляк адабиятында романтикалык багыттагы манифестке апланган.
  • Дипломат-филарет уюмдарынын иши боюнча (1823) Мицкевич камакка алынып, 1824- ж. Литвадан куулган.
  • 1829-жылга чейин Россияда (Петербург, Москва, Одессада) жашап, декабристтер (К. Ф. Рылеев, А. А. Бестужев) жанa көрүнүктүү жазуучулар (А. С. Пушкин ж. б.) менен таанышкан.
  • Бул достук байланыштар акындын революциячыл идеяларынын жетилишине, Россия менен поляк элинин ынтымагын бекемдөөгө көмөк болгон.
  • 1826-ж. Россияда Мицкевичтин «Сонеттери» чыккан. Анын ичинде «Крым сонеттери» цикли ажайып пейзаждык сүрөттөөсү, терең лиризми жанa поляк поэзиясына киргизген чыгыш мотивдери менен баалуу.
  • Мицкевич Россиядан кеткенден кийин деле адабий жанa рев-я­чыл иштен кол үзгөн эмес. Анын ири чыгармаларынын бири — «Пан Таде­уш» (1834) поэмасы—поляк турмушунун энциклопедиясы, көркөм сөз өнөрүндө кейипкерлерди типтештпрүү менен өзгөчөлөөнүн эң сонун үлгүсү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.