Адвентивдүүлүк

Википедия дан

Адвентивдүүлүк (лат. Adventicius - келгин, жат, бөтөн) - түрлөрдүн башка өсүмдүк жамаатташтыгынан же башка географиялык таралуу областынан келиши же иммиграциясы. Адвентивдүүлүк жаратылышта көп кездешет. Мисалы, өсүмдүктөрдүн адивентивдүү жандооч органдары бүчүр, сабак, жалбырак колтугунан өсүп чыкпастан тамырынан жана жалбырактарынан өсүп чыгышы. Адвентивдүү өсүмдүктөрдү – адам мурда өспөгөн жерге көчүрүп келип өстүрөт, б. а. интродукциялайт. Адвентивдик эмбриол. – өсүмдүк түйүлдүгүнүн түйүлдүк баштыкчасынын клеткасынан же уруктун урук бүчүрүнөн уруктанбай туруп эле өрчүшү. Мында айрыкча көптөгөн түйүлдүктөн бир, эки гана түйүлдүк өсүп чыгат. Башка жерден жаңы жерге байырлаштырылган жаныбарлар адвентивдик жаныбар деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4