Адыргы

Википедия дан

Өрмөк согууда колдонуучу жыгач курал. Узундугу 40—45 см, жазылыгы 15—17 см, калыңдыгы — 3—5 см, баш-аягы, эки кыры бирдей жукартылып, тактайдан жасалат. Адыргынын эки учунда көзөнөгү болот. Мындан кудум жүн сабоодой эки таякчанын ичке жагы өткөрүлүп, нукумдай жоон башына такалат. Күзүктүн жардамы менен адыргы аркылуу өрмөктөгү эриштин үстүнө астыңкы жиптерин, үстүңкү жиптерин астына алмак-телмек өткөрүп турат. Мунун ар бир өтүшүндө аркакты эриштердин арасына кысып калтырат. Адыргынын жердиги талдан да, теректен да, карагайдан да, арчадан да жасалат. Ал кыйылып келинери менен чеберлер аны кадимки тактайдан жонуп, көлөкө жайда кургатылып, кем карчы бычак аркылуу тегизделет. Адыргыны аракетке келтирүүчү жүн сабоодой эки таякча ыргайдан да, талдан да, табылгыдан да болот.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996(жеткиликсиз шилтеме)

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%9A%D1%8B%D1%80%D0%B3%D1%8B%D0%B7_%D0%BE%D1%8E%D0%BC_%D1%87%D0%B8%D0%B9%D0%B8%D0%BC%D0%B4%D0%B5%D1%80%D0%B8