Ажарлар

Википедия дан

Ажарлар (өздөрүн ачарели деп аташат) - Ажар Автономия Республикасындагы грузиндердин этностук тобу. Саны 300 миң адам (2000). Грузин тилинде сүйлөшөт. Ажарлар грузин, Византия жазма маалыматтарына караганда 10-кылымдан белгилүү. Алар биздин заманга чейин 6-4-кылымда Колхида, кийинчерээк Иберия падышачылыгынын, биздин замандын 4-кылымында грузиндердин мамлекеттик бирикмеси - Лазиканын бир бөлүгү болгон. 4-кылымда ажарларда христиан дини тараган. Алгач селжуктар (11-к.), кийин түрктөр (16-к.) басып алган мезгилде ажарлар ислам динин кабыл алган. Алар өз эркиндиги үчүн түрктөргө каршы бир нече жолу көтөрүлүшкө чыгышып, орус-түрк согушунан кийин (19-к.) Грузиянын курамына кошулган. 1990-ж. Ажар автономия респ. болуп түзүлдү. Ажарлар негизинен мал чарбачылык жана дыйканчылык менен кесип кылышат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1