Мазмунга өтүү

Ажикеев Бообек Эргешевич

Википедия дан
Ажикеев Бообек
Желек
Желек
Өзгөчө кырдаалдар министри
желек
желек
 14-октябрь 2020-жыл
Президент: Садыр Жапаров
 
Жарандыгы:  Кыргызстан
Дини: ислам
Билими: Томск мамлекеттик архитектура жана курулуш университети
Кесиби: прораб

Ажикеев Бообек Эргешевич (19 август 1965-жыл; Мырза-Аке, Өзгөн району, Кыргыз ССР, СССР) — кыргызстандык мамлекеттик ишмер. Азыркы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри[1].

1965-жылдын 19-августунда Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында төрөлгөн.

1987-жылы Томск шаарындагы инженердик-курулуш институтун «инженер-куруучу» адистиги боюнча аяктаган.

2010-жылы И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин «бухгалтериялык эсеп, талдоо жана аудит» адистиги боюнча аяктаган.

1987—1988 жылдары — Ново-Покровка Ремонттук-куруу башкармалыгында куруучу.

1988—1994 жылдары — «Ошагропромкуруу» бирикмесинин инженери.

1996—2005 жылдары — «Кызмат» коомунун аткаруучу директору.

2006-жылы — «Кызмат» коомунун директору.

2006—2008 жылдары — «Кабар» Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин башкы адиси.

2008—2011 жылдары — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жетекчилик кызматта иштеген.

2011—2013 жылдары — Борбордук Азиядагы Америка Университетинин кеңешчилер тобунун жетекчиси.

2013—2014 жылдары — «Альфа-Телеком» жабык акционердик коомунун Курулуш жана энергетиканы координациялоо бөлүмүнүн жетекчиси.

2014—2015 жылдары — «Альфа-Телеком» жабык акционердик коомунун Курулуш жана энергетика департаментинин жетекчиси.

2015—2017 жылдары — Борбордук Азиядагы Америка Университетинин Курулуш департаментинин жетекчиси.

2020-жылдын 14-октябрынан тартып — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри[2].