Ажыдаарды кантип колго үйрөтүш керек?

Википедия дан
Ажыдаарды кантип колго үйрөтүш керек?
Режиссеру
Продюсер Бонни Арнолд
Сценарийи
Негизинде Ажыдаарды кантип колго үйрөтүш керек?
автору: Крессида Коуэлл
Тартылгандар
Музыкасы Жон Пауэлл
Редактору
Студия DreamWorks Animation
Жайылтуучу Paramount Pictures1
Чыккан жылы
  • март 26, 2010 (2010-03-26)
Узактыгы 98 мүн.
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $165 млн[1]
Киреше $495.8 млн[1]

«Ажыдаарды кантип колго үйрөтүш керек?» (англ. How to Train Your Dragon, орус. Как приручить дракона) - 2010-жылы Америкада чыккан 3D форматындагы фантастикалык анимациялык тасма. Ага DreamWorks Animation продюсерлик кылган, ал эми Paramount Pictures тарабынан көрсөтүлгөн. Британиялык Крессида Коуэлл тарабынан жазылган ушул эле аталыштагы китептердин топтомуна үстүртөн негизделген тасмага Крис Сандерс жана Дин Деблуа режиссёрлук кылышкан. Тасмада Жей Барушел, Жерард Батлер, Крейг Фергүсон, Америка Феррера, Жона Хилл, Ти Жей Миллер, Кристен Уиг жана Кристофер Минц-Пласс үн коштошкон.

Тасма 2010-жылдын 26-мартында жарык көрүп, кино сынчылардын жана көрүүчүлөрдүн оң баасына татыган. Ошондой эле дүйнө жүзү боюнча 500 млн доллар алып келип, коммерциялык ийгилик жараткан. Ал 83-Оскар сыйлыгынын "Мыкты анимациялык тасма" жана "Эң мыкты музыка номинацияларына" көрсөтүлүп, бирок байгени "Оюнчук окуясы 3" (Мыкты анимациялык фильм) менен "Коомдук желе" (Эң мыкты музыка) тасмаларына уттуруп жиберген. «Ажыдаарды кантип колго үйрөтүш керек?» Мыкты анимациялык тасма номинациясы менен катар Эннинин он сыйлыгына татыган.

Сюжет[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Окуя уламыштагы Викинг дүйнөсүндө орун алат. Хиккап аттуу өспүрүм викинг бала өз уруусунун ажыдаар өлтүрүү салтын улантмакчы болот. Өзүнүн алгачкы ажыдаарын кармагандан кийин жана акыр аягында өз уруусунун кабыл алуусуна татыган соң, ал ажыдаарды өлтүргүсү келбей калганын сезип, кайрадан аны менен достошуп алат.

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 How to Train Your Dragon (2010). Box Office Mojo. IMDb. Текшерилген күнү 18 -декабрь (бештин айы) 2010.