Азиз Суракматов
| Азиз Суракматов | ||
| ||
|---|---|---|
| 8-август, 2018 — 20-октябрь, 2020 | ||
| Өкмөт башчысы: | Мухаммедкалый Абылгазиев Кубатбек Боронов Садыр Жапаров | |
| Президент: | Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаров | |
| Андан мурунку: | Албек Ибраимов | |
| Андан кийинки: | Нариман Түлеев | |
| Жарандыгы: | ||
| Туулган жери: | Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР | |
| Партиясы: | КСДП | |
| Билими: | КАКИ, КУУ | |
| Кесиби: | инженер-куруучу, юрист | |
Азиз Суракматов (22-ноябрь, 1971, Фрунзе, Кыргыз ССР) — Кыргызстандык саясий жана мамлекеттик ишмери. Бишкек шаарынын мэри (2018-2020).
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Азиз Суракматов 1971-жылы 22-ноябрда Бишкек шаарында туулган. Ал 1994-жылы Кыргыз архитектуралык курулуш институтун инженер-куруучу адистиги боюнча бүтүргөн. 1996-жылы Кыргыз улуттук университетинен юрист адистиги боюнча билим алган. 1994-1995-жылдары - “Шоола” ишканасынын өндүрүш мастери; 1995-1996-жылдары - “Кыргызпотребсоюз” Бишкек ПМКсында өндүрүш мастери; 1996-1999-жылдары - Бишкек башкы архитектурасында инженер; 1999-2000-жылдары - “Консалтингдик-эксперттик фирма” ЖЧКсынын директору; 2000-2002-жылдары - Бишкек шаарынын мэриясында башкы адис; 2002-2008-жылдары - Бишкек башкы архитектурасында башкы архитектордун орун басары; 2008-жылдын ичинде - Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы; 2008-2010-жылдары - Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы; 2010-жылы - “Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Учурда КСДПнын тизмесинде 54-орунда турат. 2018-жылы 8-августта Бишкек шаардык кеңеши тарабынан Бишкек шаарынын мэри болуп шайланган.