Айкөл

Википедия дан

Айкөл"Манас" баатырдын жеке өзүнө гана колдонулган туруктуу эпитетинин бири: «Алмамбетке көп айтып, Айкөл Манас бек айтып» (Сагымбай Орозбаков, 3. 149), «Дууга кирди Манас шер, Аты кызыр кырк чилтен, Айкөл эрдин жолдошу» (Саякбай Каралаев, 1. 95), «Карааны Семетей турат аманат, Ашылбас аскар бел элең, Айкөлүм Манас ала жат!» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 40). А. Манастын адилет, ак көңүл, кең пейил, баарын көтөргөн, баарына чыдаган сапаттарын чагылдырып, арыстан, көк жал, төрө, канкор сыяктуу эпитеттер менен бирге "Манас" эпосунда абдан арбын жолугат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4