Айман чегиртке
Айман чегиртке (лат. Saga pedo, Pallas, 1771) - Саны кыскарып бара жаткан байыркы талаа түрү. СССРдин Кызыл китебине (П категория) 1984 жылы , 1994-жылы IUCN RLTS (VU B1+2bd категориясы) жана Өзбекстандын Кызыл китебине (EN D категориясы) киргизилген.
Түрдүн жетилген стадиясынын сырткы түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]
Денесинин узундугу 53–80 мм жумуртка салгычын эсепке албаганда. Кыргызстанда кездешкен түз канаттуулардын эң чоңу. Денеси өтө созулган ичке. Жашыл же саргыч түстө, алдынкы далысынын ички кыры жана бардык курсак сегменттеринин капталдары боюнча эки агыш тилке өтөт. Маңдайы өтө энкейиш, жантык. Алдынкы жана ортонку сандары көптөгөн майда күчтүү тикенекчелер менен капталган, арткы саны узун, ичке, секиргич эмес. Жумуртка салгычы алдынкы далысынан үч эсе узун. Бул жандыктардын канаттары жок, кээбир учуларда алардын анча чоң эмес башталышы сакталып калгандыгы байкалат.
Жалпы жана өлкөдө таралышы[оңдоо | булагын оңдоо]
Түштүк Европа (Пиреней, Аппенин, Балкан (Грецияны кошпогондо) жана Крым жарым аралдары), Чыгыш Кавказ, Казакстан, Орто Азия республикалары түштүк, Батыш Сибирдин талаалары жана токойлуу талаалары менен чектелет . Кыргызстанда: Узунакмат капчыгайы, Кыргыз тоо кыркаларынын түндүк беттери жана Чүй өрөөнү (Арчалы, Талдыбулак капчыгайлары, Сосновка айылы) .
Жашаган аймактары[оңдоо | булагын оңдоо]
Айман чегиртке кургак талаа биотопторун жердейт. Тоолордо кургак талаа алкактарына чейин көтөрүлүп жакшы жылыган күнөстүү тоо беттеринде кездешет.
Саны[оңдоо | булагын оңдоо]
Өтө төмөн, сейрек кездешет.
Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[оңдоо | булагын оңдоо]
Түргө партеногенетикалык көбөйүү мүнөздүү, эркектери өтө сейрек кездешет. Генерациясы бир жылдык, жумурткалары топуракта кыштайт, өнүгүү процессинде 8 жолу түлөйт, акыркы түлөктөн 3–4 жумадан кийин жумуртка тууй баштайт, кечинде же түнүчүндө, бул касиет ушул түркүмгө гана мүнөздүү. Алгач ургаачысы мурутчаларынын жардамы менен ылайыктуу жерди тандап алат да, жумуртка салгычтын учу менен топуракты сыйпалап көрөт, андан кийин жумуртка салгычты жерге бурап киргизип, орто эсеп менен 7 жумуртка таштайт. Аларды ар кандай тереңдикте жайгаштырат. Жумуртка таштоосу мезгил-мезгили менен күзгө чейин созулат . Личинка жана имагосу жааларга сыяктуу, буктурмага түшүрүүчү жырткычтар, түнкүсүн активдүү, жааларга жана түз канаттууларга аңчылык кылышат . Өзүнүн курмандыгын күтүп өсүмдүктөрдө бир-нече саат кыймылсыз отура алышат.
Чектөөчү факторлор[оңдоо | булагын оңдоо]
Негизинен талаа массивдерин айдоо менен ошондой эле мал жаюуну көбөйтүүнүн натыйжасында табигый жердеген жерлери жоголуп, түрдүн ареалы жана саны кыскарууда. Инсектициддерди пайдалануунун да таасири бар.
Көбөйтүү (колдо багуу)[оңдоо | булагын оңдоо]
Жүргүзүлгөн эмес.
Уюштурулган коргоо аракеттери[оңдоо | булагын оңдоо]
Айман чегирткеси 1985-жылы республиканын Кызыл китебине киргизилген , бирок бул түрдү реалдуу коргоо боюнча эч кандай чаралар ишке ашырылган эмес.
Коргоо үчүн зарыл аракеттер[оңдоо | булагын оңдоо]
Бул түр жашаган жерлерде бадалдарды кыркууга, мал жаюуга, чөп чабууга жана инсектициддерди колдонууга тыюу салуу менен тезинен майда коруктарды түзүү абзел. Аймандын табигый сейректигин эске алып, анын азыркы таралышын тактоо зарыл.
Статусу[оңдоо | булагын оңдоо]
II категория (VU A1c; B2ab(iii,iv); D1+2).
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2
- А. А. Алдашев. Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү. - Бишкек, 1998. ISBN 9967-11-027-9