Айылдык аялдар

Википедия дан

Айылдык аялдар – айыл жергесинде туруктуу жашаган аялдар, алардын катарына дыйкандар, айылдык мугалимдер, доктурлар, пенсионерлер, жумушсуздар сыяктуу негизги иштеген ишине карабастан айыл жергесинин шарттарында жашап жатышкан бардык аялдар кирет.

КРнын Улуттук статистикалык комитетинин берген маалыматына ылайык, Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 2015-жылдын башында 5 млн. 895 миң 62 адамды түздү. Алардын 66,3% б.а. 3 млн. 908 миң 322 адам айыл жергесинде жашайт. Айыл калкынын 50% аялдар түзөт: 1 млн. 932 миң 873. Айылдык аялдар - өлкөнүн социалдык жактан эң аярлуу жана корголбогон бөлүгү болуп саналат.

Айылдык аялдардын көйгөйлөрү Пекин иш-аракеттер платформасынын (ПИП) экономика менен билим берүү маселелеринен баштап зордук-зомбулук жана экология маселелерине чейин бир катар стратегиялык максаттарында чагылдырылган[1].

Кыргызстандагы айылдык аялдардын абалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көпчүлүк учурларда айылдык аялдар жумушсуздук, таза суу менен санитариянын жетишсиздиги, электр кубаты менен камсыздалбагандык, табигый кырсыктарга начар даярдангандык, билим алуу, социалдык коргоо, жер ресурстарын жана микронасыяларды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендиги сыяктуу көйгөйлөргө туш келишет. Айыл жашоочулары үчүн эмгек миграциясы акча табуунун негизги стратегиясы болуп калгандыктан, аялдар үй чарбасын жүргүзүп, балдар менен үй-бүлөнү багуу жоопкерчилигин өзүлөрүнө алууга аргасыз болушту. Бирок патриархалдык баалуулуктар менен аялдын үй-бүлөдөгү жана коомдогу абалына байланыштуу гендердик стереотиптер үстөмдүк кылгандыктан аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп жатат. Айыл жергесиндеги аялдар зомбулукка көп дуушар болушуп, ал жөнүндө ачык айткандан тартынышат. Гендердик теңчиликти орнотуу боюнча мыйзамдар жана улуттук саясаттардын бар болгондугуна карабастан, айыл коомчулуктарында аялдар коомдук-саясий турмушта жана чечим кабыл алуу деңгээлинде катышууда бир топ тоскоолдуктарга кабылышат.

Айылдык аялдын жашоосуна таасир эткен тышкы факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Билим алуу, кесип тандоо жаатында мүмкүнчүлүктөрдүн чектелгендиги; жумушсуздук. Айылдык үй-бүлөлөрдө балдарга билим берүү маселеси каралып жатканда, эркек киши үй-бүлөсүн багат деген кыязда, кыздарга караганда эркек балдарга көбүрөөк артыкчылык берилет. Бекем орноп калган стереотиптер боюнча эркек балдар сөзсүз түрдө жогорку билимдүү болушу керек болсо, кыздар орто мектепти бүтүргөндөн кийин окуусун улантпай деле койсо болот. Айылдык кыз-келиндердин билими жок болгондуктан, алар жумуш таба албай кыйналышат, айрыкча, айыл жергесинде.
  • Эмгек акынын төмөндүгү, жакырчылык. Айылдык аялдардын көпчүлүгү айыл-чарба иштеринин сезону башталганда ар кандай жумуштарга жалданып иштегенге аргасыз болушат. Көбүнчө, алар талаа иштеринде иштеп, эмгек акысы эркектердикине салыштырмалуу 50% азыраак болот. Жалпы-жонунан алып караганда, шаарларга салыштырмалуу айылдардагы жакырчылык деңгээли кыйла жогору. 2014-жылы жакырчылыктын чегинен тышкары 1,8 млн. адам жашап, алардын 68,2% - айыл тургундары болгон. Үй чарбаларынын башында турган айылдык аялдардын арасында (жесирлер, жалгыз бой энелер, ажырашкандар) жакырчылык деңгээли бир кыйла жогору, себеби алар тийиштүү технологияларды жакшы билишпегендиктен, айыл чарбаны жүргүзүүдө бир топ чыгымдарга кириптер болушуп, сырттан импорттолуп келген жер семирткичтерге, үрөндөргө, күйүүчү майга жана айыл чарба техникасына жетпей келишет.
  • Социалдык жактан корголбогондук жана укуктук сабатсыздык. Юридикалык жактан сабатсыз болушкандыктан, айылдык аялдар өз укуктарын коргогонду кой, аларды жүзөгө ашыра алышпайт же таптакыр билишпейт.
  • Айыл жергесинде татыктуу жашоо үчүн шарттардын жоктугу. Кыргызстандагы айыл жергесиндеги жашоо шарттарды шаардыкы менен салыштырууга болбойт. Мисалы, айыл тургундарынын көпчүлүгү кышкысын үйлөрүн жылыта албагандык, жарыктандыруу жана санитария шарттарынын, ошондой эле ичүүчү суунун сапатынын начар болушу жана толук кандуу тамактана албагандык сыяктуу бир топ көйгөйлөргө туш болушат. Натыйжада, ичүүчү таза суунун жетишсиздигинен, талапка ылайык санитардык жана гигиеналык шарттардын жоктугунан улам, айылдык аялдардын ден-соолугу начарлайт.
  • Айыл жергесинде инфратүзүмдүн жоктугу. Гидроэлектростанциялардын жардамы менен 90% ашуун электр кубатын өндүргөн Кыргызстан 2008-жылдан бери энергетикалык каатчылыкка кабылып келет. Шаймандардын эскилиги жетип, каржы ресурстарынын жетишсиздигинен, коррупциянын гүлдөп өнүгүшүнөн жана суунун деңгээлинин төмөн болгондугунан улам, бүтүндөй мамлекет боюнча электр кубатын жапырт өчүрүү көрүнүштөрү күн сайын көбөйгөндөн көбөйүүдө. Натыйжада, энергетикалык каатчылыктын эң оор соккусу айыл тургундарына тийип, ансыз да кыйналып турган элди ого бетер карайлатат. Тамак жасоо, кышкысын үйдү жылытуу, санитария жана гигиена шарттарын камсыз кылуу сыяктуу түйшүктөр аялдардын мойнуна жүктөлүп (отун-суу алуу ж.б.), шаардык аялдарга караганда көбүрөөк убакытын алып коёт.
  • Коомдук пикирдин кысымы жана жеке жашоонун чектелиши. Шаарга салыштырмалуу айыл жергесинде тууганчылык мамилелери күчтүү болгондуктан, айылдык аялдардын жеке турмушуна байланыштуу нерселер бүтүндөй айыл боюнча жайылып, жалпылап талкууга алынып кетет. Көпчүлүк учурларда, үй-бүлө жана коомчулук тараптан көрсөтүлгөн кысымдан улам айылдык аялдар чечкиндүү кадамдарга бара алышпайт. Акыркы жылдары такыбалыкка, Кудайдан коркууга, гендердик теңчилик принциптерине каршы келген патриархалдык ролдорду бекемдөөгө үндөгөн диний жана жалган диний түзүлүштөргө, топторго же коомдоштуктарга тартылган аялдар күндөн-күнгө көбөйүп жатат.

Айылдык аялдардын өнүгүү процесстеринде ойногон ролу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аялдардын жаратмандык дарамети күчтүү болгондуктан, айылдык аялдар коомдун социалдык турмушунда жигердүү роль ойной алышат. Бир чети, аялдарды чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрүнөн жана укуктарынан ажыратып, басмырлашса, экинчи чети - кыйла жигердүү жарандык абалды карманган аялдардын саны көбөйүүдө. Айылдык аялдар насыялар менен иштеп, чакан ишкердүүлүктү жүргүзүү, өзү жашаган жерди таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу сыяктуу маселелерди чечүү үчүн топторго биригишет.

Аялдардын коомдун социалдык турмушуна катышуу мүмкүнчүлүгүнө карата жүрүм-турумун же мамилесин калыптандырууда эң негизги ролду өз өлкөсүнүн, коомдоштугунун же үй-бүлөсүнүн деңгээлинде окуп-үйрөнгөн нерселери чоң роль ойнойт. Аялдардын тандоо укугу, ошондой эле колдо бар толук маалыматтын негизинде жакшылап ойлонуштуруп туруп чечим кабыл алуу укугу болушу керек. Айылдык аялдардын демилгеси менен түзүлгөн бир катар коомдук уюмдар айылдык аялдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, жергиликтүү коомдоштуктарда маалыматтык кампанияларды өткөрүү, ошондой эле Кыргызстандагы айылдык аялдарды окутуу жана алардын дараметин арттыруу жаатында иш алып барышат. Аялдардын коомдук бирикмелери (КБ): «Алга», «ШАЗЭТ», «Мехр Шафкат», «Эрайым» ж.б. – жергиликтүү жана улуттук деңгээлде гендердик саясатты илгерилетүү процессинде катышышат. Алар өлкөнү өнүктүрүү улуттук программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча КРнын Президентинин алдындагы Улуттук кеңештердин, КРнын Өкмөтүнө караштуу ведомстволор аралык кеңештердин ишинде катышып, бүгүнкү күнү айылдык аялдардын кызыкчылыктары менен укуктарын коргоо процесстеринде олуттуу роль ойноп келишүүдө.

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Пекин иш-аракеттер платформасы. [Электрондук ресурс]: URL: http://www.un.org/.../pdf/BDPfA%20R.pdf(жеткиликсиз шилтеме)

Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]