Ай тамга, эн тамга

Википедия дан

Ай тамга - саруу уруусундагы уруктун, эн тамганын, солто уруусунун эн тамгасынын аталышы катары белгилүү[1]. Этнонимдин параллелдерин өзбек-коңурат, түркмөн, башкурт ж.б. элдердин уруулук курамдарынан учуратууга болот[2].
Башкурт этнографы Р.Г. Кузеев көп жылдык өзүнүн изилдөөлөрүндө башкурттардагы эң ири “ай” уруусунун чыгыш тегин байыркы огуз-печенег этникалык чөйрөсү менен байланыштырган жыйынтыкка келет[3]. Чынында эле, орто кылымдарда огуз урууларынын (XI к.) биринин эн тамгасы (жувалдар уруусу) формасы жагынан кыргыздардагы ай тамгага окшоштугу аныкталган (караңыз: Махмуд Кашгари Т. I, 1960, 90). Буга кыргыздын солто уруусундагы эн тамга, анын формасы, уруунун түпкү бабалары деп эсептелген Эштек (башк. Истяк) генониминин бүгүнкү башкурттар ынанымдуу параллелдери мисал боло алат.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Абрамзон, 105
  2. Кармышева, 1976, 90-93; Атаниязов, 1988, 15; Кузеев, 1974, 202-204; Молдобаев, 1995, 182
  3. Кузеев, 1974, 202-203

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев О. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. — Бишкек: КТМУ, 2003. -265 6. ISBN 9967-21-621-2