Акаяр

Википедия дан

Акаяркырк чоронун бири, балбан. А-дын балбандыгы Көкөтөйдүн ашында Жолойду жыккан. Кошойду көтөрүп кеткен (Саякбай Каралаев, 2. 47) жеринен көрүнөт. "Манас" эпосунда дайыма «Чын ачуусу келгенде, Төөнү жаза муштаган, Төө көтөргөн Акаяр» (Саякбай Каралаев, 2. 65),— деп балбандыгы айтылат. А-дын адамгерчилиги, баатырлыгы Көзкамандардын алдап берген уусун ичип, каршылык көрсөтүүгө алы келбей калган Манасты жалгыз өзү салгылашып жүрүп ажыратып алганын, Каныкей Семетейге:

Канча кытай балбанды Бучкагына теңебей, Каарданып жөтөлүп, Ала-Тоодой атаңды, Артык балбан Акаяр, Жаш баладай көтөрүп (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 199, 200—202),— деп баяндалат. Көзкамандар А-ды байлап алып, Таласка ор казып салып кетишет. А-ды ордон Кыргылчал тартып алып, Манастын эмне болгонун угат. А. Чоң казатта окко учат (Саякбай Каралаев, 2. 200).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]