Карагул кызы Акбермет

Википедия дан
Акбермет Карагул кызы‎»‎ барагынан багытталды)

Кыргыздын элдик поэмаларынын катарында поэма деп саналып жүргөн “Акбермет” чындыгында бүтүндөй бир сюжетти камтыган көркөм чыгарма эмес.
Бул тарыхта жашаган Акбермет Карагул кызынын өмүр aбаяны, анын чыгармалары жөнүндө маалымат.
Акбермет Карагул кызы 1899-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүндө туулган. Ата-энеден эрте ажыраган. Томолой жетим кызды 13 жашында күйөөгө беришкен.
Он беш жашында төрөп, көп балалуу болгон. Элдик ырларды, майда эпосторду жакшы билген.
Аны алгач фольклор жыйноочу К. Мифтаков 1923-ж. Талас өрөөнүндө элдик оозеки чыгармаларды жыйнап жүргөн учурда жолуктуруп, өмүр баянын, чыгармаларын жазып алган.
Анын ырлары негизинен арман мотивинде айтылып, бактысыз балалыгы, чыркырап күйгөн жаштыгы, теңсиз турмушу реалдуу, образдуу көркөм сүрөттөлгөн.
Ырлары шыдыр уйкашып, элдик поэзиянын ыкмалары терең өздөштүрүлүп, ички эмоция сырткы формасына шайкеш келип турат.
Акбермет Карагул кызынын дүйнөдөн кайткан жылы белгисиз.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Арман. Кыргыз поэзиясынын антологиясы. 1 том.(жеткиликсиз шилтеме)