Акжол
Көрүнүш
Акжол
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 29 км |
бассейндин аянты | 240 км² |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Акжол – Аксы районундагы суу, Карасуунун сол куймасы. Уз. 29 км, алабынын аянты 240 км2.
Алабынын деңиз деңг. орт.бийикт. 2000 м. Фергана кырка тоосунун түш.-батыш капталынан башталат. Бербулак, Мадек, Жолборсту, Кеккуумай, Кичакжол сыяктуу куймалары бар. Жылдык орт. чыгымы 8,0 м3/сек, эң чоңу май –июнда, азы январь – февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Акжол кыш. Жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2