Мазмунга өтүү

Акжол Махмудов

Википедия дан
Акжол Махмудов
Жеке маалыматы
Жынысы

Эркек

Толук аты-жөнү

Махмудов Акжол Махамажанович

Жарандыгы

 Кыргызстан

Чеберчилиги

Грек-рим күрөшү

Төрөлгөн датасы

15 -апрель 1999(1999-04-15) (25 жаш)

Төрөлгөн жери

Араван району, Ош облусу, Кыргызстан

Машыктыруучу

Мейрамбек Ахметов

Бою

175 см

Салмагы

77 кг

Спорттук чини

Кыргыз Республикасынын Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери

Akzhol Makhmudov

Акжол Махмудов (төр. 15-апрель, 1999; Ош облусу, Кыргызстан) — Кыргызстандык спортчу ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери, Дүйнө чемпиону (2022, 2023) Азия чемпиону (2018, 2022,2023), Азия оюндарынын (2023) алтын, (2018) күмүш жана Олимпиада оюндарынын (2020) күмүш медалынын ээси. 2024-жылы Париж Олимпиадасында коло медалдын ээси болгон. Кыргыз Республикасынын күрөш боюнча көп жолку чемпиону. Эл аралык даражадагы спорт чебери.

1999-жылы Ош облусунун Араван районунда төрөлгөн. Үй-бүлөдө: беш бир тууган. Акжол ортончусу. Эки агасы жана эки карындашы бар. Атасы Махамажан Махмудов 1971-жылы туулган, ал учурда соода жаатында иштейт. Хоббиси: бильярд жана теннис ойноо. Машыктыруучусу: Кыргыз өлкөсүнүн эмгек сиңирген машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов.

Жетишкендиктери: 2015-жылы Индияда өткөн кадеттер (жаш уландар) арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медалды жеңип алган; 2016-жылы Тайвань шаарында кадеттер арасында өткөн Азия чемпионатында алтын медалга ээ болгон; 2016-жылы Грузияда өткөн кадеттер арасындагы дүйнөлүк чемпионатта алтын алган; 2016-жылы Москва шаарында кадеттер арасында өткөн Борис Гуревич турниринде чемпион болгон; 2017-жылы Тайвань шаарында жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын утуп алган; 2017-жылы Финляндияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш утуп алган; 2017-жылы Стамбулдагы эл аралык турнирде алтын медалга ээ болгон. 2018-жылы - Азиянын чемпиону болгон.