Мазмунга өтүү

Акируно

Шаар
Акируно
Акируно шаарынын мэриясынын имараты
Желек Герб
Желек Герб
Префектура Токио
Координаттар 35°43′44″ с. ш. 139°17′39″ в. д.HGЯO
Мэр Тосикадзу Саваи
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1995-жыл 1-сентябрь
Аянты 73,47 км²
Климатынын түрү нымдуу субтропикалык
Убакыт аралыгы UTC+09:00
Калкы
Расмий тили жапон тили
Калкы 80 177 адам
Жыштыгы 1091 адам/км²
Агломерация Токио
Улуттук курамы жапондор
Этнохороним aкирунолук, акирунолуктар
Сандык идентификаторлор
Почта индекси 197-0814
Расмий сайты шилтеме

Акируно (あきる野市, Акируно-си)Жапониянын Токио префектурасында жайгашкан шаар.

Шаардын аянты — 73,47 км²[1], калкынын саны — 80 177 (1-апрель, 2021)[2][1].

Азыркы Акирунонун аймагы байыркы Мусаси провинциясынын бир бөлүгү болгон[3]. 1878-жылдын 22-июлунда аймактык реформадан кийин Канагава префектурасындагы Нишитама районунун бир бөлүгү болуп калган. Нишитама району 1893-жылдын 1-апрелинде Токионун административдик көзөмөлүнө өткөн[3]. Акигава жана Ицукаити шаарлары бириктирилип Акируно шаары түзүлгөн, ал эми 1995-жылы 1-сентябрында Акируно расмий шаар макамын алган[4].

Хирай дарыясы
Мицугай үңкүрү

Акируно шаары Токионун борборунан болжол менен 40-50 км алыстыкта, Окутама тоолорунун этегинде жайгашкан. Шаардын аймагы аркылуу Ока жана Хирай дарыялары агып өтөт. Шаар чыгыштан батышка карай болжол менен 18 км, түндүктөн түштүккө карай 12,7 км аймакты ээлейт. Фусса, Хамура, Оме, Хатиодзи шаарлары, Хиноде, Окутама жана Хинохара айылдары менен чектешет[5].

Шаар ден соолукка өзгөчө пайдалуу булактары бар Сеото-но-йо курорту менен белгилүү[5].

Ошондой эле Акирунодо ачык асман алдында тамак жасоочу жайлар, велосипед тебүү жана жөө сейилдөө үчүн жолчолор уюштурулгандыгына байланыштуу Жапониянын борбору болгон Токио шаарынан көп сандагы эс алычуулар келип турушат[5].

Акирунодо нымдуу субтропикалык климат басымдуурак кылып, жайы жылуу жана кышы салкын, карсыз келет. Акирунодогу абанын жылдык орточо температура 13,2 °C[6]. Орточо жылдык жаан-чачындын өлчөмү 1998 мм. Жылдын сентябрь айы эң жаан-чачындуу ай болуп саналат. Эң жогорку (24,6°C) абанын температурасы август айында, ал эми эң төмөнкү (1,9°C) абанын температурасы январь айында катталган[6]. Кыш айларында шаардын тоого жакын аймактарында кар дээрлик күн сайын жаайт.

Жапониянын эл каттоо боюнча сатистикалык маалыматтарына ылайык Акирунонун калкынын саны узак убакыттан бери өсүп келе жатат[2].

Калкынын саны
Жыл Саны ±%
1920 19 363
1930 21 127 +9,1%
1940 21 827 +3,3%
1950 28 162 +29,0%
1960 29 296 +4,0%
1970 45 187 +54,2%
1980 62 810 +39,0%
1990 71 940 +14,5%
2000 78 351 +8,9%
2010 80 868 +3,2%
2020 79 262 -2,0%
Булактар:[2]

Шаардын символдору

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]