Акселерация
Акселерация (лат. acselratio деген сөздөн алынган, тездөө дегенди билдирет). Б и о л о г и я д а түйүлдүктүн айрым бөлүкчөлөрүнүн тез калыптанышын, а н т р о п о л о г и я д а балдардын жана жаш өспүрүмдөрдүн денесинин физиологиялык бышып жетилүүсүнүн тездешин, п с и х о л о г и я д а балдардын акылынын тез өнүгүшүн билдирет.
XIX к. аягында, XX к. башында дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө адамдардын денесинин өсүшүнүн тездегени байкалган. Ага байланыштуу болгон кубулуштардын татаал комплексин 1935-ж. Е. Кох акселерация деп атаган.
Акселерация элдердин бардык социалдык группаларында байкалууда, ар түрдүү анатомиялык жана физиологиялык белгилерге таандык. Мисалы, мындан 100 жыл мурдагыга караганда азыр жаңыдан төрөлгөн баланын боюнун узундугу орто эсеп менен алганда 0,5–1 смге, массасы (салмагы) – 100–300 гга чоң. 5–7 жаштагы балдардын денесинин узундугу 1880-жылдан 1950-жылга чейинки мезгилдин ар бир 10 жылында орто эсеп менен 1,5 смге, массасы – 500 гга улам өсүп отурган. Мектеп жашындагы балдардын денесинин узундугу ушул эле мезгилдин ичинде 10–15 смге өскөн. Балдар чоңойгон сайын акселерациянын темпи да күчөйт. Мисалы, Ленинград областында 10–15 жылдын ичинде 16–18 жаштагы окуучулардын боюнун узундугу орто эсеп менен алганда 6–9 смге, салмагы 4–8 кгга, көкүрөгүнүн айланасынын узундугу 7–11 смге өскөндүгү байкалган. Жаштардын өлчөмдөрүнүн өсүшү менен катар алардын жыныстык жактан бышып жетилүү мөөнөтү да өзгөрүүдө.
Акыркы 75–100 жылдын ичинде жаштардын жыныстык жактан жетилүүсү мурдагыга караганда 2–3 жылга эртелеген.
Окумуштуулардын көбү морфологиялык акселерация психологиялык акселерация менен бир убакта болот дешет, б.а. баланын денесинин өлчөмдөрүнүн тез өсүшү менен анын психикасынын (акылынын) өсүшү да тиешелүү даражада тездейт десе, кээ бир окумуштуулар тескерисинче, балдардын психикасы алардын денесинин өлчөмдөрүнүн өнүгүшүнө туура келбей артта калат деп айтышкан. Бирок бул жөнүндө азырынча бирдиктүү так критерий жок. Азыркы балдар мындан 50-100 жыл мурдагы балдарга караганда интеллектуалдык деңгээли боюнча бир кыйла жогору турары талашсыз. Анткени азыркы балдар мурдагыга караганда информацияларды өтө көп кабыл алышат, бирок алардын акылы, жоопкерчиликти сезүү сезими, өзүнүн жүрүш-турушуна, денесинин өлчөмдөрүнө анча туура келбейт. Мисалы, азыркы 5–6–класстардагы 12–13 жаштагы балдардын денесинин өлчөмдөрү боюнча революцияга чейинки 16–17 жаштагыдай. Бирок 1916-жылдарда 16–17 жаштагылардын информацияны аз билишкени менен алардын жоопкерчиликти сезүүлөрү азыркы 12–13 жаштагы балдарга караганда алда канча жогору болгон. Ошондуктан азыркы балдар өздөрүндөгү бай информацияларга ылайык жоопкерчиликти да сезгич болушу үчүн аларга атайын өз убагында туура багыт берип, психологиясынын өнүгүшүн тездетүү зарылдыгы келип чыгат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]"Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97