Аксиология

Википедия дан

Аксиология – баалуулук, нарктуулук жана бийик дөөлөттөр жөнүндөгү илим. Коомдогу жана коом мүчөлөрүнүн ортосундагы адеп-ахлак мамилелериндеги баалуулук, нарктуулук түшүнүктөрдү, эрежелерди, талаптарды өз ичине камтыйт. Педагогикалык аксиология – жаштарды коомдун баалуулуктарына, асыл нарктарына, адеп-ахлактык идеяларына, канондоруна шайкеш тарбиялоо маселелери жөнүндөгү педагогикалык илим тармагы.

Аксиология Философияда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аксиология (гр. axios – баалуулук жөнүндөгү окуу) – азыркы кездеги философиядагы негизги бир тармак.

20-кылымдын башында пайда болгон. Аксиология коомдук көрүнүштөрдү идеалистче түшүндүрөт, коомдук болмуш менен коомдук аң-сезимдин мыйзам ченемдүүлүгүн танат. Аксиологиядагы негизги нерсе – баалуулук жөнүндөгү түшүнүк. Баалуулук этикалык, эстетикалык, диний, укуктук, саясий, экономикалык ж. б. болуп бөлүнөт. Жалпысынан Аксиология – тарыхый материализмге, илимий социологияга каршы багытталган идеалисттик окуулардын жыйындысы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97
  • Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8