Акылбек манасчы

Википедия дан

Акылбек манасчы (болжол менен 1840-жылдары туулган — өлгөн жылы белгисиз) — эл арасында ысмы кеңири тараган манасчы. Колдо болгон маалыматтарга караганда А. эң таланттуу инсан экен. А-тин өтө таланттуу жомокчу болгондугун ал жөнүндө бизге жеткен кабарлар айгинелейт. Маселен, манасчы Сагымбай Орозбак уулу өзү билген жомокчулардын ичинен А-ти жогору баалайт. Манасчылар жөнүндө Сагымбай мындай ырдаар эле:

Назар менен Нармантай,
Келдибек, Балык, Тыныбек.
Баарысынан байкасам
Артык билет Акылбек
(ЫАВ, Кол жазмалар фондусу, 1150-инв., 3-б.).

Залкар манасчылардын бири Саякбай Карала уулу «Чоң манасчылардын кимисине жолугуп, таалим алып, бирге болгонсуз?»— деген суроого ал: «Чоң манасчыдан Акылбекке кезиктим. Тогуз баласы, жакшы байбичеси өлүп, өзү сексендин беш-алтысына барып калган кези экен. Ошондо да кебелбей айтып турат кайран киши», — деп келип, А-тин айтуусунан Алмамбет менен Чубактын жол талашкан жеринен мындай саптарды келтирет:

Ойлосоң боло ой Чубак
Олоңдогон кысталак.
Каалап билдим дилимди,
Калжырайсың жөнү жок,
Кан кыл дедим кимиңди.
Караалдуу Манас болбосо
Кагар белем капкайда кеткен жиниңди...
Мен талак кылдым бутумду,
Таштап келдим журтумду,
Элимен качып келгени
Жаманыңа жанаштым.
Какылдайсың жөнү жок
Кан кыл деп айтып бу сени
Кимиңден кандык талаштым,
Мен кай жолумдан адаштым
(Кол жазмалар фондусу, 151- инв., 198-б.).

«Мен өзүмдү бактылуумун деп сеземин, — деп эскерген Ыбырайым Абдыракман уулу — ысык-көлдүк атактуу манасчылардын жетөөнү көрүп калдым, жетөөнүн оозунан тең «Манас» уктум. Мына ушул манасчылардын мыктыларынын бири Акылбекти биринчи ирет он үч жашымда көрдүм. Мен жыйырма сегизге чыкканча Акылбектин «Манасын» көп уктум». Анын А. баш болгон атактуу жомокчулардан таалим-тарбия алгандыгын «Сейтек» эпосунун аягында жазган төмөнкү ыр саптары да ырастайт:

Мен да билем башынан,
«Семетей», «Манас» жомогун,
Ойноо бала жашыман.
Ысык-Көлдүн жеринде,
Уруусу бугу элинде,
Уругу кытай Акылбек
Аксакалдар айтчу эле
«Семетей», «Манас» айтууда,
Акылбек сөзү макул деп.
Акылбектен көп уктум
Өздөштүрүп төп уктум
(ЫАВ, Кол жазмалар фондусу, 189инв., 331 —332-б.).

Ыбырайым Абдыракман уулунун эскерүүсүнө караганда А. «Манас» эпосун калмак тилинде да айта билген. «Акылбек Текесте жылкычы болуп жүргөн учурунда «Манасты» калмактардын ичине кирип барып, калмакча да айтып жүргөн» дешет (ЫАВ Кол жазмалар фондусу, 190 (1150)инв., 4-б.). Мына ушул эскерүүлөрдү эске алганда ысымдары эл арасына уламага айланган атактуу жомокчулардын «баарысынан артык билген Акылбек» манасчынын замандаштары Сагымбай Орозбак уулу менен Ыбрайым Абдыракман уулу тарабынан өтө жогору бааланышы А. сыяктуу «Манасты» толук айткан, абдан таланттуу жомокчулардын чанда чыгарына далил боло алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4