Ак-Жол, өзөн

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Ак-Жол өзөнү, суусуАксы районундагы суу, Кара-суунун сол куймасы. Узундугу 29 км, алабынын аянты 240 км2.

Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2000 м. Фергана кырка тоосунун түштүк-батыш капталынан башталат. Бер-Булак, Мадек, Жолборсту, Кек-Куумай, Кичи-Ак-Жол сыяктуу куймалары бар.

Жылдык орточо чыгымы 8,0 м3/сек, эң чоңу май–июнда, азы январь – февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Акжол кыштагы жайгашкан.

Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2