Ак cуу Арашан
Көрүнүш
Ак суу Арашан — Тескей Ала-Тоонун түнук капталында, Алтын-Арашан суусунун ортоңку агымынан орун алган. Ак-Суу өрөөнүнүн токойлуу кооз жери. Деңиз деңгээлинен 2000–2900 метр бийиктикте. Таманы түзөң, тоо капталдары тик (30–40°). Ландшафты бадал аралаш карагай токойлуу. Ысык булактар чыгат. Бальнеологиялык Ак-Суу курорту бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2