Алгачкы ооздуулар
Алгачкы ооздуулар - эмбриондук өөрчүү учурунда оозу бластопордон, б. а. дене көндөйүн сырткы чөйрө менен бириктирип турган биринчи тешиктен пайда болгон (тикен терилүүлөрдөн, хордалуулардан башка) бардык үч катмардуу жаныбарлардын систематикалык тобу.
Илимий божомол боюча алгачкы ооздуулар жана кийинки ооздуулар радиалдык симметриялуу (нур сымал симметриялуу) жаныбарлардын көп клеткалууларына көзкаранды эмес эле өз бетинче келип чыккан, башка илимий божомолдболор боюнча төмөнкү тузулуштуу курттардын ичинен жал им тектери болгон. Омурткасыз жаныбарлардын көпчүлүк типтери алгачкы ооздууларга кирет. Экинчилик ооздуулардан айырмаланып, алгачкы ооздуулар бастопордун (алгачкы ооздун) же анын бир бөлүгүнүн ооз тешигине айланып, жумуртканын спиралдык (эшилме) бөлчөктөнүүсү жана мезодерманын телобласттык пайда болуусу менен мүнөздөлөт.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Биология (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-002-4