Алдаяр уулу, Мойт Аке

Википедия дан

Мойт Аке Алдаяр уулу (1745-1846) — Кыргыз элинин акылман, көрөгөч даанышман адамдарынын бири. Ал Ысык-Көлдүн Күңгөйүндө жашап өткөн. Мойт Акенин үч аялынан алты уулу болгон. Алардан тараган тукумдары Ысык-Көл өрөөнүнүн Орто-Өрүктү айылында жашашат. Мойт Акенин сөөгү Тоң районундагы Манжылы жылгасына коюлган. Азыркыга чейин жергиликтүү эл ал кишинин мүрзөсүнө куран окутуп сыйынып турушат. Өмүрү, жашоосу, турмушу жөнүндө так маалыматтар жок. Эл оозунда Мойт Акенин акылмандыгы, көрөгөчтүгү, даанышмандыгы аңыз сөзгө, уламышка айланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Асанбеков К. Ысык-Көлдүн Жети Акеси. Б., 2007.