Алекси Клод Клеро

Wikipedia дан
Alexis Claude Clairaut
Alexis Clairault.jpg
Туулган жылы:

7.5.1713

Туулган жери:

Париж, Франция

Каза болгон жылы:

17 -май 1765(1765-05-17)

Каза болгон жери:

Париж, Франция

Өлкө:

Франция

Илимий чөйрөсү:

математика, механика, астрономия, геодезия

Белгилүү окуучулары:

Патрик д'Арси

Алекс Клод Клеро (1713-1765)

Илимий жолу[оңдоо | булагын оңдоо]

Парижде математиктин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Алекс 13 жашка чыкканда геометрия боюнча биринчи илимий эмгек жазып, Париж академиясында доклад кылат. Үч жылдан кийин "Кош ийри сызыктардын ийрилиги жөнүндө" деген эмгеги жарыяланып, Академиянын мүчөлүгүнө кабыл алынат. Алекстин колдоочулары Базелге барып, Иоганн Бернуллиден сабак алууну сунуш кылышат. Үч жылдан кийин 20 жашка чыкканда Академиянын адъюнкту (кичи академик) болуп шайланат, Парижде Клеро менен Мопертюнин ортосунда Жердин уюлдары кысылганбы же чоюлганбы деген кызуу талаш пайда болот. Мопертю Лапландияда меридиандын жаасынын узундугун ченөөгө экспедиция уюштуруп, ага Клеро да катышат. Ченөөнүн жыйынтыгы Клеронун пайдасына чечилип, Лапландиядан (Финландия) кайткандан кийин Академиянын анык мүчөсү деген наам алат.

Жер фигурасынын теориясы[оңдоо | булагын оңдоо]

Жердин формасы тууралуу талаш тартыштар илимий коомдордун көӊүл борборунда турган. Клеро Жердин түзүлүшү бир тектүү эмес деп эсептеп, бир нече жөнөкөйлөтүүлөрдөн кийин бул теӊдеменин чыгарылышын "Жер фигурасынын теориясы" деген китебинде 1743-ж. жарыялаган. Клеронун теӊдемелеринин чыгарылышы бул маселени чечүүнүн башталышы гана эле, Айланган планетанын фигурасы жөнүндө маселени Пьер Лаплас, Анри Пуанкаре чечүүгө аракеттенишкен. Эӊ жакшы вариантын XX к. орус математиги А.М. Ляпунов сунуш кылган. Бул маселелердин башталышында Клеронун теӊдемеси туруп, бир нече интеграл-дифференциалдык теӊдемелердин чынжыры менен чыгарылган. Планеталардын формасы боюнча маселелерди чечүүдө Клеронун теӊдемеси азыркы кезде да классикалык маанисин жоготкон жок.

Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Астрономия илиминин өнүгүшү. – Мамбетакунов Э., Калыбеков А. – Ж.Баласагын атындагы КУУ, Бишкек, 2014. – 240 б.