Али Эмири
Али Эмири (түркчө - Ali Emiri) (туулган мезгили - 1857-жыл, (Диярбакыр) – өлгөн мезгили - 1924-жыл, (Стамбул), түрк окумуштуучусу жана булак таануучусу. Ал Махмуд Кашгари Барсканинин “Диванынын” көзгө басар кол жазма көчүрмөсүн илим чөйрөсүнө киргизген, башка да баалуу булактарды сактап калууга салым кошкон. Стамбулдагы Улуттук китепкананы негиздеген.
Кыскача өмүр таржымакалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Балалык чагы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Али Эмири 1857-жылы Осмон дөөлөтүнүн Диярбакыр (Diyarbakır) шаарында туулган. Кичинекей чагынан кат таанып, эски кол жазмаларга кызыккан. 8-10 жашынан эле эски тарыхый курулуштар тууралуу маалыматтарга кызыкчу.
Ырларды окууга куштар болчу. Эске тутуусу мыкты болчу. Тогуз жашар бала текстинде 500дөн ашуун акындын ырлары камтылган “Навадир ул-асар” (“Кылымдардын берметтери”) поэзиялык жыйнагынан 4 миңдей бейтти (кошсап ырды) жатка айтууга жетишкен.
Бала чагынан калем менен жазганда колу да сулуу болгон. Анын колу менен жазылган айрым тексттер Диярбакырда кээ бир жамы мечиттерде илинип тураар эле.
Китеп окууга ынтызардыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Али Эмири китеп окууга келгенде ичкен ашын жерге койгон улан болчу.
Ал өзү бала чагында башка оюндар менен алек болууга көңүлү чаппай, эбин тапса эле китеп окууга убакыт өөнөгөнгө тырышаар эле. Ал асыресе тарых сыпатталган китептерге кызыгаар эле.
Атасы болсо уулун “дүкөн ачып, соода-сатык менен алектенсе” деп самады. 15 жашар улан болсо соодага көңүлү чаппай, китеп окуусун улантты. Кардар келсе: “Эгерде товарды сатып алам десең, акчасын саал түшүрүп берем, бирок жөндөн-жөн убактымды алба” деген сөздөр менен каршы алчу экен. Мындайда кардар эчтеке албастан дүкөндөн жылып чыгып кетээр эле.
Эмгек жолу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Али Эмиринин эмгек жолу көбүнесе ар кыл кеңселерде иштөө менен байланыштуу болду.
Ал катчы, каржы адиси, эсептегич сыяктуу ар кыл кызматтарда иштеп, Осмон дөөлөтүнүн Диярбакыр, Селаник, Адана, Лесковик, Кыршехир, Траблус-Шам (Триполи), Элазыг, Эрзурум, Яня (Иоаннина), Ишкодра (Шкодер), Халеп (Алеппо), Йемен сыяктуу аймактарында 30 жылдай кыдырып көчүп иштеп жүрдү.
Өзү сүйгөн ишке – китеп дүйнөсүнө ээн-эркин сүңгүү үчүн 1908-жылы арыз жазып, ардагер болуп калды.
Ардагерлик жылдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Али Эмири ардагерлик жылдарын Осмон дөөлөтүнүн ордо шаары Стамбулда кечирди.
Ал дайыма султан сарайга кетчү жолдун (Divanyolu) таманындагы Диярбакыр китеп окуу жайына – кыраатканасына (Diyarbakır Kıraathanesi) бараар эле.
Стамбулдук айдыңдар көп жер кезген, билимкөй Али Эмиринин айткандарын жыргап угушаар эле. Кээде талашып-тартышып, билбеген нерселеринин булактарын таап салыштырышаар эле.
Кайтыш болушу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Али Эмири үч күн катуу ооруп жыгылып, 1924-жылы 23-янарда Стамбулдагы Франсуз ооруканасында дүйнөдөн кайткан.
Аны стамбулдук коомчулук аруулап узатып көмгөн. Анын мүрзөсү азыр да Стамбулдагы Фатих жамы мечитинин бир ыптасындагы көрүстөндө (Fatih türbesi) көз карегиндей сакталып турат.
Али Эмири жана Махмуд Кашгаринин “Диваны”
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жалпы түрк калктарынын даңазалуу тилчиси, энциклопедиячы окумуштуу Махмуд Кашгари (Барскани) 1072-1077-жылдары жазган “Дивану лугати т-түрк” (“Түрк тилдеринин сөз жыйнагы”) деп аталган эмгеги бир катар библиографиялык чыгармаларда учкай эскерилген менен, кеңири илим чөйрөсү үчүн 1910-жылдарга чейин эч белгисиз кала берген.
Али Эмири Стамбулда эски кол жазмаларды сатып алуу үчүн адатынча кыдырып жүрүп, кокусунан Махмуд Кашгаринин эмгегинин жападан-жалгыз көчүрмөсүнө учурайт да, аны сатып алууга шашат. Ко жазманы ал китеп сатуучу Бурхандан (Burhan) болгону 33 лирага гана сатып алган. Китеп сатуучу Бурхан гана эмес, ага бул кол жазманы сатыкка берген кардар да Кашгаринин чыгармасынын илимдеги чыныгы наркын билген эмес.
Айтор, бул көзгө басар кол жазма Али Эмиринин китепкөйлүк ишмердиги аркылуу илимге аман-эсен сакталып жетти. 33 лирага сатып алган бул кол жазманы эми эч бир алмазга же зымырыт ташка алмаштырбастыгын Али Эмири эскергени бар.
Кол жазманы Зия Гөкалп (Ziya Gökalp), Фуад Көпрүлү (Fuad Köprülü) сыяктуу ири окумуштуулардан да кызганган Али Эмири жалгыз гана өзү ишенген Килисли Рифатка (Kilisli Rıfat Efendi) “Диванды” окууга карматып жүрдү.
Али Эмири сатып алган чакта Махмуд Кашгари Барсканинин “Диванынын” көчүрмө кол жазмасынын барактары чачылган акыбалда болчу. Беттери номурланбаган, барактары чар-жайыт эле. Килисли Рифат кол жазманы эки ай ичинде ирээтке салып үч сыйра окуп чыкты.
Акыры Кашгари жазган чыгарманын көчүрмөсүнүн тексти толук сакталып жеткендиги тастыкталды.
Чаташкан барактар Рифат тарабынан бапестелип ирээтке келтирилип, толук номурланган соң, анын мээнетине ыраазы болгон Али Эмири Рифатка өз үйлөрүнүн бирин белекке берүүгө далалат кылды. Бирок Рифат бул белектен баш тартты.
Рифат өзү үчүн чоң сыйлык – бул көзгө басар кол жазманын басмадан чыгарылышына жетишүү сыймыгы экенин Али Эмириге билдирди.
Али Эмиринин чыгармалары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Tezkirei Suara'yi Amid,
- Osmanlı Vilayet-i Şarkiyesi,
- Osmanlı Şehirleri,
- Diyarbakır'lı Bazı Zevatın Tercüme-i Halleri
Али Эмири 32 саны жарык көргөн “Осмондук тарых жана адабият” (Osmanlı Tarih ve Edebiyatı) журналын жана 6 саны жарык көргөн “Соода арасында” (Amid-i Sevde) журналын чыгарган.
Али Эмири тууралуу адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Чоротегин Т.К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын “Дивану лугати-т-турк” сөз жыйнагы: (1072-1077). Жооптуу редактор Өмүркул Караев. – Бишкек: Кыргызстан, 1997. – 169 бет, сүрөт, карта. - (ISBN 5-655-01222-7)
- Чороев Т.К. Махмуд ибн Хусейин ал-Кашгаpи жана анын «Түpкий тилдеp сөз жыйнагы». — Фpунзе: Кыpгызстан, 1990. — 92 б.
- Чороев Т.К. «Диван лугат ат-туpк» Махмуда Кашгаpи как источник по истоpии тюpкоязычных наpодов Сpедней и Центpальной Азии // Оpиенталистика в Киpгизии / Отв. ред. М.Я.Сушанло. — Фpунзе: Илим, 1987. — С. 12—26.
- Çorotegin Tınçtıkbek. Mahmud Kaşgarinin «Divanının» orto kılımadarda cana cañı doordo maalım boluşu tuuraluu // Dil Dergisi. — Ankara. — 1995. — No 27. — S. 33-37. — (TÖMER).
- Жумакунова Гүлзура. Түрк лексикографиясынын тарыхынан: (Түрк сөздүктөрүндө илимий принциптердин калыптанышы) / Жооптуу ред. Б.Орузбаева. – Бишкек: Илим, 2009. – 308 бет.
- Muhtar Tevfikoğlu, Ali Emiri Efendi, Kültür Bakanlığı Yayınları, Ankara, 1989.
- M. Serhan Tayşi, Diyanet İslam Ansiklopedisi, Ali Emiri Mad.;
- Ali Emiri, Tezkire-i Şuara-yı Amid, İstanbul 1328, I., 65-98;
- İbnülemin, Son Asır Türk Şairleri, I, 298-301;
- Ali Aksakal, “Ölümünün 60. Yılında Kitap Dostu Ali Emiri Efendi”, Türk Kültürü, XXII/250, 1984, s. 25-28.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- http://www.azattyk.kg/content/article/1221658.html
- http://bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/turk_lexicography_history.pdf Archived 2013-05-31 at the Wayback Machine
- http://kmb3.kloop.kg/?p=6586(жеткиликсиз шилтеме)
- [1] Archived 2019-05-18 at the Wayback Machine
- Түрк айдыңы Али Эмири тууралуу Archived 2010-12-30 at the Wayback Machine
- Улуттук китепкана (Millet Kütüphanesi) Archived 2014-12-18 at the Wayback Machine